Жабгу

Википедия дан

Жабгу - (кыт. шеху), байыркы Түрк кагандыгындагы жогорку наам жана кызматтык абал. Кээ бир окумуштуулардын пикирине караганда иран этимологиясына байланышып, юэчжи (кушан), эфталиттерге тийиштүү болгон. Баштапкы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, башкаруу), ошондуктан жабгу деген сөз адегенде сак-кушандарда ат атооч катары колдонулган, кийин наамды билдирип калган. Жабгу наамын Бумын кагандын мезгилинде Батыш Түрк кагандыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. Жабгу Түрк кагандыгында бийлик даражасы боюнча биринчи орунду ээлеген. Бийликтин жогорку баскычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандарынан жабгу жана шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1