Хазар кагандыгы
Хазар кагандыгы (650-969) - орто кылымда хазарлар курган мамлекет.
8-9-кылымда Хазар кагандыгынын ээлиги Түндүк Кавказдан Волга дарыянын ортонку агымына жана азыркы Казакстандын түндүк-батышынан Днепр д-на чейинки аймактарды камтыган. Борбору алгач (8-кылымдын башы) Каспий денизинин жээгиндеги Семендер ш., кийин (8-10-к.) Итил ш. (Волга дарыянын Каспийге куйган жерде) аталган. Хандыктын негизги калкын огуздар түзгөн. Калкынын көбү иудаизмге ишенген. Араб халифатына каршы Византия менен союзга биригип (7-к.), узак убакыт бою согуш жүргүзүшкөн. Тарыхый маалыматтарда чыгыш славяндар 9-кылымда саясий жактан хазарларга көз каранды болуп, салык төлөп турганы жана Новгородду башкарган норманн князы Хазар кагандыгынын таасиринде каган титулун алып жүргөнү эскерилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4