Султан Санжар

Википедия дан

Санжар султан (1084/1086 — 1157) – Селжуктар мамлекетинин даңазалуу башчыларынын бири, султан (аскер башчы жана мамлекет башчы). Ал Улуу Селжук дөөлөтүнүн акыркы султаны болгон (анын бийлиги маалында эле бул ири дөөлөт ыдырай баштап, ал өлгөн соң биротоло майдаланып кеткен).


Ата-бабасынын кыскача тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Султан Санжардын ата-бабасы - Селжуктар – орто кылымдардагы Борбордук Азия менен Ортоңку Чыгыштагы көчмөн огуз-түрк урууларынын кубаттуу Селжуктар мамлекетин негиздеген.

Түрк тилинде сүйлөгөн огуздардын кынык уруусунун жол башчысы Дукак уулу Селжук аттуу жабгунун атынан аталган Селжуктар сулалеси 11-к-дын 30-ж. Газневийлер мамлекетине караштуу Хорасан аймагын өзүлөрүнө көз каранды кылып, 1040-ж. Данденакандын жанында Газневийлерди талкалаган. 1040-1080-ж. Тогрулбек султан (1038-1063) баштаган селжуктар Хорезм, Иран, Азербайжан, Күртстан ж-а Иракты басып алышкан. Селжук султаны Алп-Арсландын тушунда (1063-1072) бул мамлекеттин аскерлери Айастанды (1064) каратып, Маназкерттин жанында Византиянын аскерлерин (1071) талкалаган. Султан Абул-Фатх Жалал ад-Дин Мелик шахтын тушунда (1072-1092) селжуктар Кичи Азияны, Сирияны, Палестинаны, Грузияны, Орто Азиядагы Караханийлер мамлекетинин бир катар батыш аймактарын каратып алган. Бирок ички феодалдык чыр-чатактардан улам С. м. Керман (1041-1187), Рум (1077-1307), Сирия (1097-1107) ж. б. майда султандыктарга бөлүнүп кеткен.

Биринчи чырымчылар (кресттүүлөр) жортуулдарынан кийин С. м. Палестинадан, кийин Сирия, Грузия ж-а Кичи Азиянын айрым аймактарынан ажыраган. 1118-ж. Мелик шахтын уулдары Селжуктар мамлекетин бөлүп алышкан.

Султан Санжардын кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мелик шахтын төртүнчү уулу - Муизз ад-Дин Абу-л-Харис Ахмад Санжар түрк калктарынын тарыхында кыскача “Султан Санжар” деген ат менен белгилүү. Ахмад Санжардын энеси – айтылуу Таркан-хатун (“хатун” сөзү ал доордо “каныша” деген жогорку титулду билдирген) эмес, Мелик-шахтын жашыраак токолдорунун бири болгон.

Атасы өлгөн соң жаш Ахмад Санжарга Хорасан аймагы, анын ичинде Мерв шаары (азыркы Түркмөнстандагы Мары шаары) м-н чыгыш аймактар тийген.

Ахмад Санжар оболу Хорасандын гана улуу султаны атыккан. 1118-жылы өзүнүн бир тууган агасы Гийас ад-Дунийа ва-д-Дин Абу Шужа Мухаммад ибн Малик-шах (1105—1118-жж. бийлеген) өлгөн соң, Ахмад Санжар бүткүл Селжук дөөлөтүнүн султаны (1118-1157-жж. бийлеген) болуп калган.

Ошол кезде анын жалпы мамлекеттик даражасы Муизз ад-Дунйа ва-д-Дин ва Адуд ад-Даула ва Таж ал-Милла ва Гийас ал-Умма Абу-л-Харис Санжар ибн Малик-шах деп аталган узун ысымына кошумча “Улуу султан”, “Машрык (Күнчыгыш) менен Магрыбдын (Күнбатыштын) эгедери (“падышасы” - “малик”)” аттуу титулунда да чагылдырылган.


Султан Санжардын ордосу Нишапур шаарында жайгашкан.

Султан Санжар (1118-1157) анын бийлигин тааныгысы келбеген айрым өз бир туугандарына гана каршы эмес, ири аймактагы өз алдынчалыкка умтулган ири феодалдарга каршы да күрөшкөн.

Аламуттагы айтылуу ассасиндердин (“хашшашин”) сектасын биротоло ойрон кылуу үчүн жортуулга баратканда, Султан Санжар бир жолу уктап ойгонсо, жанында тынчтык келишимин түзүү тууралуу сунушка матырылган канжар жаткан экен. Аң-таң калган Санжар султан кайра баскынчыл оюнан кайтат да, бул сектанын башчысы Хасан ибн Саббах менен тынчтык келишимин түзөт (Энно Франциустун маалыматы).

Санжар султан 1141-ж. Элүй Даши жетектеген Кара кытайлардын колуна каршы Самарканд шаарында урушка кирип, бирок алардан жеңилип, Борбордук Азиядагы бийлигинен ажыраган.

1153-ж. Борбордук Азиядагы огуздардын башка уруулары анын Мерв, Нишапур, Тус ж. б. шаарларын чаап алган, өзүн 1156-жылга чейин туткундап турган.

Ошол эле 1156-жылы ал туткундан качып чыгат, бирок 1157-жылы 8-майда ич өткөктөн кайтыш болот. Анын сөөгү Мерв (Мары) шаарына коюлган.

Санжар султандын күмбөзүн 13-кылымдын башында Борбордук Азияга басып кирген монголдор кыйратып салган.

Султан Санжар өлгөндөн кийин Хорасан, Керман ж-а Батыш Ирандын ортосундагы ири аймакта отуз жылга созулган ич ара согуштан кийин бийликке Ануштегинийлер сулалеси келген. Кичи Азияда болсо селжуктардын чакан Конйа султандыгы гана сакталып калган.

Султан Санжардын Туркан-хатун жана Русудан деген аялдары болгон.

Кыргызстан жана Султан Санжар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы Кыргызстандын аймагынан чыккан даңазалуу окумуштуу Махмуд Кашгари Барскани султан Санжардын атасы Мелик-шахтын тушунда Багдад шаарында бул султанга саясий көз каранды болгон Аббасийлер халифине 1077-жылы өз эмгегин тартуулоо ниетинде болгону маалым.

Айрым орто кылымдык санжыралык маалыматтарда кыргыздардын Фергана аймагындагы бөлүгү Султан Санжардын тушунда эле Мавераннахрда байырлаганы тууралуу айтылат (Сайпидин Аксыкендик, б.а. Сайфу д-Дин Ахсыкенди жазган “Мажму ат-таварих” эмгегин караңыз).

Бир катар кыргыз санжыраларында Султан Санжар тууралуу азыноолак эскерүүлөр бар.

20-кылымда жана 21-кылымдын башында ала-тоолук кыргыздар эркек балдарга “Санжар” ысымын арбын ыйгарышкан. Маселен, жазуучу Чыңгыз Айтматов өзүнүн улуу баласына Санжар деген ысым койгон.


Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Стэнли-Лэн-Пуль, «Мусульманские династии» (перев. Бартольда).
  • Тамара Т. Райс. Сельджуки. М. 2004.
  • Рашид ад-Дин. Сборник летописей / Пер. с персидского О. И. Смирновой, редакция проф. А. А. Семенова — М., Л.: Издательство АН СССР, 1952. — Т. 1, кн. 2. — С. 80.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]