Меандр

Википедия дан

Меандр – ичке тилке түрүндөгү үзгүлтүксүз линиянын тик бурчта сынышынан же спираль түзүүчү үзгүлтүксүз ийри сызыктан түзүлгөн геометриялык орнамент түрү. Турциядагы ийри-буйру болуп аккан Меандр (азыр Чоң Мендерес) дарыясынын атынан аталган. Неолиттен белгилүү. Меандр антикалык көркөм искусстводо жана архитектурада кеңири колдонулган, кыргыз жасалга-колдонмо өнөрүндө да көп кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]