Нушиби

Википедия дан

НУШИБИ – 6–8-кылымдарда Теңир-Тоонун түндүк аймактарын мекендеген уруу бирикмеси. Нушибилер Батыш Түрк кагандыгынын «он ок бодун» тагыраак айтканда, «он ок элинин» бир бөлүгү. Нушибилер беш уруудан турушуп, Чүй суусунун батыш жагында көчүп-конуп жүрүшкөн. Алардан чыгышта беш уруудан турган дулу бирикмеси турушкан. 8-кылымдын башында нушибилерлер күчтөнүп келе жаткан Түргөш кагандыгына баш ийишкен. Нушибилер – уруулук бирикменин кытайча аталышы.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.