Омор хан

Википедия дан

ОМОР ХАН (1785–1822) – Кокон хандыгын башкарган хан. Нарбото бийдин баласы. Омор хандын тушунда басып алуучулук саясат улантылган. Батыш багытты карай жортуулда 1816-жылы Түркстан шаары алынып, Сырдын төмөнкү агымы кокондуктардын колуна өткөн. Түштүк кыргыздарды багындыруу үчүн жортуулдар улантылган. 1821-жылы Омор хан Касан шаарынын акими Бекназар бийди Ош менен Кашкардын аралыгын жердеген сарыбагыш уруусуна каршы аттандырган. Ошол эле жылы намангандык аким Сейиткулбек баштаган кол Кетментөбөдөгү кыргыздарды багындырган. Омор хандын тушунда кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттин социалдык-экономикалык, саясий гүлдөө доору болгон. Жаңы шаарлар түптөлгөн. Кокон шаарынын ички абалы жакшырып, мечит, оорукана, жана башка имараттар да салынган. Акча реформасы да жүргүзүлгөн. Ордодо хан-акын Омордун адабий ийрими пайда болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.