Мала хан

Википедия дан

Мала Хан, Малабек Шералы уулу (1832–1862) –1858–62-жылы Кокон хандыгын бийлеген хан.
Кудаяр хандын аталаш агасы (кыргыздардын оң канат бөлүгүнө кирген багыш уруусунун кызы Сонайымдан төрөлгөн).
Кудаяр хан бийликте турган кезде, ал Анжиян шаарынын акими болгон. Кудаяр хандын эл камын ойлобогон бийлигине нааразы Малабек кыргыз, кыпчак төбөлдөрүнө таянып, бийликти алуу үчүн күрөш баштаган. Ал кыймылга алайлык кыргыздардын бийи Алымбек датка активдүү катышкан.
Маргалаңдын жанындагы Самгар деген жердеги салгылашта Кудаяр хандын аскери талкаланып, 1858-жылы ноябрда Малабек такка отурган. Мала хан алсызданып бара жаткан мамлекетин саясий бийлигин жана аскер күчүн чыңдоого киришип, хандыктын ички абалын тартипке келтирген.
Мала хандын тушунда кыргыздардан Алымбек датка, Алымкул, Кыдыр, Чотон, Сейитбек, Касым датка жана башкалар мамлекетин саясий жана аскер иштеринде жогорку мансаптарды ээлешкен.
Мала хан 1862-жылы ордодогу саясий күрөштүн курманы болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]