Албан тили

Википедия дан
Расмий аталышы:

Shqip /ʃcip/

Өлкөлөр:

Албания, Сербия, Черногория, Түндүк Македония, Грекия, Түркия, Италия

Расмий статусу:

 Албания
 Түндүк Македония[1]
 Косово
(жарым-жартылай таанылган)
Аймактык расмий тил
 Италия
 Румыния
 Монтенегро
 Сербия:

  • Косово жана Метохия

Central European Free Trade Agreement

Колдонгондордун жалпы саны:

7 600 000

Классификациясы
Түрмөгү:

Евразия тилдери

Инди-европа бүлөсү

Палео-Балкан тилдери
Жазылышы:

Латынча (Албан ариби)

Тилдер коду
ISO 639-1:

sq

ISO 639-2:

alb (B); sqi (T)

ISO 639-3:

sqi, aln, aae, aat, als

Албан тилинин жайылуу аймагы

Албан тили (расмий тилде аталышы: Gjuha shqipe ) — Албандардын жана Албания Республикасынын мамлекеттик тили. Индевропа тилдеринин тобуна кирет. Болжол менен палеобалкан тилдеринен (мүмкүн, иллирий тилинен) өнүккөн болуу керек. Жазуу эстеликтеринин эскилери 15-кылымга таандык. Негизги диалектилери: гег (түн.) ж-а тоск (түш.) 19-кылымдын аягында түзүлгөн, азыркы албан адабий тилинде аталган диалектилик айырмачылыктар сакталган. Жазуу системасы латын алфавитинде, граммат. түзүлүшү - флективдүү. Албан тилинде синтетикалык түзүлүш басымдуулук кылат, лексикасында роман, славян, жаңы грек, түрк тилдеринен кирген сөздөр көп.

• Үлгү текст

Të gjithë njerëzit lindin të lirë dhe të barabartë në dinjitet dhe në të drejta. Ata kanë arsye dhe ndërgjegje dhe duhet të sillen ndaj njëri tjetrit me frymë vëllazërimi.

• Котормосу

Бардык адамдар эркин жана кадыр-баркы жана укуктары боюнча бирдей төрөлүшөт. Алардын акыл-эси жана абийири бар жана бири-бирине бир туугандык мамиледе болуш керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. Македония стала двуязычной. Euronews (15 -январь (үчтүн айы) 2019). Текшерилген күнү 15 -январь (үчтүн айы) 2019.