Брест

Википедия дан
Брест.

Брест (1921-жылга чейин Брест-Литовск, 1939-жылга чейин Брест-над-Бугом) – Беларуссиядагы шаар. Брест областынын администрациялык борбору. Мухавец дарыясы Батыш Буг дарыясына куйган жеринде, Беларуссия менен Польшанын чек арасында жайгашкан. Калкы 303,3 миң (2006). Дарыя порту (Днепр-Буг жолунун башталышы) жана темир жол тоому. Брест аркылуу Берлин Варшава Москва автомагистралы өтөт. Электр-техникалык, машина куруу (газ аппаратура), жеңил (байпак комбинаты, килем-нооту бирикмелери, тор, кийим тигүү фабрикалары), тамак-аш өнөр жайы өнүккөн. Эмерек, сувенир, тиричиликке керектүү химиялык буюмдарын, курулуш материалын чыгарат. Үч жогорку окуу жайы, эки театр, Брест чебин коргоо, край таануу жана башка музейлери бар. Эл аралык фестивалдар (театр, кино) өткөрүлүп турат. 1017-жылдан (Берестье) белгилүү. 14-кылымдан Литва менен Польшанын, 1795-жылдан Россиянын, 1919–39-ж. Польшанын курамында болгон. Архитектура эстеликтеринен сепил, собор, кафедралуу собор, чиркөөлөр, темир жол вокзалы жана башкалар сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Беларусь-stub