Wikipedia Zero

Википедия дан
Wikipedia Zero
Wikipediaга акысыз кирүү тууралуу видео ролик

Wikipedia ZeroWikimedia фондунун долбоору. Долбоордун башкы максаты – мобилдик түзүлүштөрдөн, айрыкча өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде Уикипедияга акысыз кирүүнү камсыздоо.[1][2] Программа 2012-жылы иштелип чыккан.[3] 2013-жылдын март айында Wikipedia Zero «Жигердүүлүк» номинациясында SXSW (South by Southwest) сыйлыкка ээ болгон.[4] Программанын башкы максаты – акысыз билим алууга болгон тоскоолдуктарды жоюу. Интернетке туташуунун баасы, акысыз билимге жетүүдөгү эң негизги тоскоолдуктардын бири болуп эсептелет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Wikipedia Zero эң алгач 2012-жылдын май айында Малайзияда ишке киргизилген.[5] Ал эми 2012-жылдын октябрь айында Wikipedia Zero долбоору Таиландда GSM форматында иштеген dtac жана Saudi Telecom Company телекоммуникациялык компаниясы менен биргелешип Сауд Арабияда ишке ашырылган. 2013-жылы май айында долбоор Пакистанда Mobilink менен биргеликте иштей баштаган.[6] 2013-жылдын июнь айында Wikipedia Zero Dialog Axiata телекоммуникациялык тейлөө провайдери менен биргеликте Шри-Ланкада иш жүзүнө ашкан.[7] Уикипедияга кирүү Aircel мобилдик желе оператору аркылуу Индияда да акысыз камсыз кылынат.[8] 2013-жылдын октябрь айынан тартып Umniah менен биргеликте Иорданияда иштеп баштаган. Ошондой эле Уикимедиа фондунун долбоору 2014-жылдын май айында Ncell аркылуу Непалда да ишке кирген. [9][10] 2014-ж. май айында Непалда Ncell м-н биргеликте ишке ашырылган.[11] 2014-ж. 16-майынан тартып Wikipedia Zero долбоору Кыргызстанда Beeline мобилдик оператору тарабынан, 2014-ж. 3-декабрынан тарта MegaCom мобилдик оператору тарабынан ишке ашырылган.[12] [13]

Дүйнөлүк ири түйүндөрдүн бири Фейсбук Facebook Zero деп аталган демилге менен Wikipedia Zero долбоорун колдоорун билдирген. [14][15][16]

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акысыз Уикипедия – zero.wikipedia.org жана m.wikipedia.org даректери аркылуу жеткиликтүү.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Russell, Brandon. Wikipedia Zero Wants to Bring Wikipedia to Mobile Users Without a Data Plan, TechnoBuffalo (February 22, 2013). Архивировано из первоисточника 26 -декабрь (бештин айы) 2018. Текшерилген күнү 8 Апрель 2013.
  2. {{cite web|url=http://www.knightfoundation.org/blogs/knightblog/2013/2/22/getting-wikipedia-people-who-need-it-most/%7Ctitle=Getting Wikipedia to the people who need it most|date=February 22, 2013|publisher=Knight Foundation|accessdate=April 8, 2013|first=Kul Takanao|last=Wadhwa}}
  3. Sofge, Erik (March 8, 2013). "SXSW: Wikipedia for Non-Smartphones Is Brilliant. Here's Why". Popular Mechanics. http://www.popularmechanics.com/how-to/blog/sxsw-wikipedia-for-non-smartphones-is-brilliant-here-s-why-15189767. Retrieved April 8, 2013. 
  4. Riese, Monica. SXSW Interactive Awards Announced, The Austin Chronicle, Austin, Texas: Austin Chronicle Corp. (March 12, 2013). Текшерилген күнү 8 Апрель 2013.
  5. Wikipedia Zero launches in Malaysia with Digi — Wikimedia blog. Blog.wikimedia.org (26 -май (бугу) 2012). Текшерилген күнү 27 -июнь (кулжа) 2013.
  6. Mobilink brings Wikipedia Zero to Pakistan. Nation.com.pk. Текшерилген күнү 27 -июнь (кулжа) 2013. Түп булактан архивделген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2018.
  7. Dialog brings Wikipedia Zero to Sri Lanka. www.dialog.lk. Текшерилген күнү 24 -июнь (кулжа) 2013. Түп булактан архивделген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2018.
  8. Aircel customers can now access Wikipedia on their mobile phones for free. Gadgets.ndtv.com (25 -июль (теке) 2013). Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2013.
  9. Tech Talk | Wikipedia Zero | A righteous initiative for accessing free knowledge. Archive.thedailystar.net (2 -декабрь (бештин айы) 2013). Текшерилген күнү 24 -июнь (кулжа) 2014. Түп булактан архивделген күнү 27 -июль (теке) 2014.
  10. Banglalink launches Wikipedia Zero :: Financial Express :: Financial Newspaper of Bangladesh. Thefinancialexpress-bd.com. Текшерилген күнү 24 -июнь (кулжа) 2014.
  11. Wikipedia Zero arrives in Nepal via Ncell and you don’t have to pay a Paisa to use it. Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2014. Түп булактан архивделген күнү 12 -июль (теке) 2014.
  12. https://wikimediafoundation.org/wiki/Mobile_partnerships Wikipedia Zero мобилдик өнөктөрү
  13. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 1 -июль (теке) 2014. Түп булактан архивделген күнү 13 -август (баш оона) 2014.
  14. Mobile partnerships. Wikimedia Foundation. Текшерилген күнү 15 -январь (үчтүн айы) 2014.
  15. Brian, Matt Wikipedia Zero expands into Asia, drops mobile data charges for 10m subscribers in Malaysia. The Next Web (May 27, 2012). Текшерилген күнү 15 -январь (үчтүн айы) 2014.
  16. Dillon, Conon Wikipedia Zero: free data if you can afford it (December 18, 2013). Текшерилген күнү 15 -январь (үчтүн айы) 2014.

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]