Билайн

Википедия дан
Beeline‎»‎ барагынан багытталды)
Билайн
(Beeline)
Учурдагы ээси:

ВымпелКом/VimpelCom Ltd.

Пайда болгон өлкө:

ОрусияОрусия

Колдонулуп башталганы:

1993

Байланышкан маркалар:

Би+, Golden Telecom, Corbina, Мобайл Центр

Базарлар:

Орусия, СССР ге кирген өлкөлөр, Евразия

Слоган:

Жаркын жакты жаша
мурда:
Биз менен жеңил
Бир гана лидер бар

beeline.ru
beeline.kg

«Билайн» (жана дагы: Beeline, 2005 жылга чейин «Би Лайн GSM») — VimpelCom Ltd. компаниясынын соода маркасы, анын алдындагы туунду компаниялар телекоммуникациялык кызматтарды (биринчи кезекте мобилдик байланыш кызматтарын) Орусияда («Вымпел-Коммуникации» компаниясы) жана КМШ мамлекеттеринде[1] тартуулашат. Көбүнчө бул марка уюлдук (GSM жана UMTS) жана ,бекитилген байланыш, зымдык (FTTB) жана зымсыз (Wi-Fi, «Билайн WiFi») чоң ылдамдыкта Интернетке кошулу, IP-телекөрсөтүү («Билайн ТВ» жана «Мобильное ТВ») кызматтарын көрсөтөт.

Логотип[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Билайн» 2 жолу логотип жаңырткан . Учурдагысы — үчүнчүсү.

  • 1922-1995 ж. логотип «БИ» жана «ЛАЙН» жазууулары менен боз түстү болгон, сөздөрдүн арасында - стилдештирилген көк түстөгү аарыдан турган.
  • 1996 ж. логотип кайра жасалып чыккан.
  • 1997 ж. GSM тармагынын ачылыш меенен, Би Лайн логотиби менен катар «Би Лайн GSM» (GSM тармагына) жана «Би Лайн 800» (D-AMPS тармагына) колдонула башталган.
  • 2002 ж. логотипке кара-көгүш түстөгү кесилген бурчу бар төрт бурчтук кошулган (SIM-картанын графикалык сүрөттөлүшү) .
  • 2005 жылдан баштап азыркы убакытка чейин шар түзүлүшүндөгү, чийиндери бар логотипти көрсөтөт: кара жана сары, ылдый жагында - «Билайн» жана "Жаркын жакта жаша" урааны орун алган.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Дзядко, Тимофей. «Мы все делаем мягко и незаметно», — Игорь Литовченко, президент «Киевстара». // Ведомости, 25.05.2011, № 93 (2859). Текшерилген күнү 25 -май (бугу) 2011. Түп булактан архивделген күнү 26 Апрель 2012.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]