Логотип

Логотип (грек. logos – сөз, typos – из, так) — ишкананын өз товарларын (продукциясын) маркалоо үчүн колдонуучу фирмалык белгиси (сүрөт, жазуу жана башка). Термин 19-кылымда өндүрүштүн, өндүрүлгөн продукциянын, экспорттун жана атаандаштыктын өнүгүшүндө пайда болуп, эки же үч типографиялык белгинин биригишин билгизген. Алгачкы логотип 1896-ж. (Prudential Insurance кампаниясынын) жарык көргөн. Логотип – кампаниянын кадыр-баркынын негизги элементтеринин бири. Ал биринчи кезекте кампаниянын рынокто өзгөчөлөнүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле логотип бир тармактагы ар түрдүү фирмаларды айырмалайт жана товар сапатына кепилдик берген соода белгисин алып жүрөт. Түрлөрү: графикалык оригиналдуу чийме, фирма белгиси, фирмалык блок жана башка. Кыргызстанда ишканалар да логотипти кеңири колдонушат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7