Ишкана

Википедия дан

Ишкана – КР жарандык мыйзамдары боюнча жарандык укуктардын өзгөчө объектиси, ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу мүлк комплекси. И. курамына, эгер мыйзамда же келишимде башка жагдайлар каралбаса, анын ишмердиги үчүн пайдаланылуучу жер участокторун, имаратты, курулмаларды, жабдууларды, инвентарларды, чийки заттарды, продукцияны талап кылуу укуктарынын карыздары, анын ишин айырмалоочу белгилерди (фирмалык аталышты, товардык белгилерди) жана башка өзгөчө укуктары менен кошо баардык мүлктөрдүн түрлөрү кирет. И. бүтүндөй же анын бир бөлүгү соода-сатык, күрөө, ижара, буюм укуктарын белгилөө, өзгөртүү жана токтотуу менен байланышкан жана башка бүтүмдөрдүн объектиси болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]