MegaCom

Википедия дан
Mega ЖАК
Түрү

Жабык акционердик коом

Негизделген жылы

2005

Жайгашкан жери

 Кыргызстан Бишкек

Өндүрүшү

Телекоммуникация

Продуктулары

Уюлдук байланыш, Ыкчам интернет, 3G 4G Чыныгы ылдамдыкты сез

Урааны

Ишенимдүү байланыш оператору

Сайт

MegaCom.kg

Чүй облусуна караштуу Гроздь айылынын орто мектебиндеги Мегабилим долбоору

MegaАльфа Телеком» ЖАКы, мурдагы MegaCom) – Кыргыз Республикасынын телекоммуникация базарындагы GSM 900/1800 жана WCDMA/UMTS 2100 стандартындагы уюлдук байланышты көрсөтүүчү уюлдук компания. Өлкөнүн калк жайгашкан аймагында каптоону 97 пайызга камсыз кылуу менен, компания 3,4 миллиондон ашуун абоненттерди тейлейт. Өлкөнүн алдыңкы компаниялары, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик түзүмдөр, дипломатиялык миссиялар Mega’нын корпоративдик кардарлары болуп эсептелет. MegaComдун корпоративдик кардарларынын саны эки миңден ашты жана тынымсыз өсүүдө. Компания Кыргыз Республикасынын ири салык төлөөчүлөрүнүн катарын толуктайт.

Компания жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Mega – ISO 9001:2008 ISO 9001:2015 версиясынын сапаттык менеджмент тутумунун эл аралык тастыктоосунан өткөн, Кыргыз Республикасынын биринчи жана бирден-бир уюлдук оператору. Mega тейлөөнүн жогорку деңгээлин, кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин, туруктуу байланышты, тунук жана ыңгайлуу тарифтөөнү сунуш кылат. Компания, кардарлардын каалоолорун эсепке алуу менен, жаңы кызматтарды жана сунуштарды жайылтып, аларды үзгүлтүксүз ишке ашырып турат. Mega бизнести башкаруунун заманбап стандарттарына шайкеш келет.

Компания тармакты кеңейтүү, техникалык жактан өнүктүрүү жана оптимизациялоо боюнча тынымсыз иш алып барууда. Ай сайын базалык станциялардын саны көбөйүүдө. Mega дистрибьютердик түйүнү өз ичине 7000ден ашуун сатуу пункттарын камтыйт.

Mega командасы, компаниянын бизнес-стратегиясы менен белгиленген милдеттерди ишке ашырууну максат тутуу менен, өзүнүн тармактарында өз ишин мыкты билген адистерден турат. Адам ресурстары менен башкарууда компаниянын маанилүү аспектиси, кызматкерлерине инвестиция кылуу болуп саналат. Mega республикада биринчилерден болуп ички корпоративдик – «Эффективдүү менеджер мектеби» билим берүү долбоорун ишке ашырууда. Долбоор компаниянын жамаатынын адистигин, тышкы жана ички окутуу жолу менен, үзгүлтүксүз жогорулатууга багытталган. Компания Кыргыз Республикасынын калкын жумуш менен камсыз кылуучу ири ишканалардын катарына кирет.

Системалык мүнөздөгү компаниянын кайрымдуулук жана социалдык ишмердүүлүгү, компаниянын корпоративдик стратегиясынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана анын баалуулуктарын көрсөтөт. MegaCom коомчулук алдындагы жоопкерчилигин баамдагандыктан, калктын жардамга муктаж болгон катмарын колдоого олуттуу салым кошот.

Миссия жана Балуулуктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Миссия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биз адамдарды бириктирип, аларга профессионалдык жана жеке өсүү мүмкүнчүлүгүн берип, ар бирине чексиз баарлашуу жана тандоо эркиндигин тартуулайбыз.

Баалуулуктар:

Абоненттерге кам көрүү жана жоопкерчилик.

MegaCom компаниясынын иштөөсүндөгү негизги приоритет болуп жоопкерчиликке жана чынчылдыкка таянган абоненттерге максималдуу кам көрүү болуп эсептелинет, ошондой эле, көрсөтүлүп жаткан кызматтарды жана байланыштын сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүгө умтулуу.

Кызматкерлер – Компаниянын эң негизги кенчи.

Биз күчтүү жана бириккен адистерден турган командабыз, эң негизги максатыбыз - ишибизде алдыңкылардын бири болуу. Кызматкер өз ишине кызыгып, милдетин чыгармачылык менен аткаруусу нормага айланып, ар бир кызматкер Компаниянын ишмердүүлүгүнө тийешелүү болуп, анын баалуулуктарын тең бөлүшүп, жалпы максатка жетүү үчүн өз салымын кошуусуна умтулабыз.

Тандоо эркиндиги

Тандоо эркиндиги – Компаниянын ишиндеги эн алдыңки приоритеттердин бири болуп эсептелет. Компаниянын ийкемдүү тарифтик саясаты калктын муктаждыктарын эсепке алып турат, ал эми кошулууда ыңгайлуу шарттар калктын баардык катмарына мобилдик байланыш кызматынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Кошулуунун жеңилдиги, эсептөөнүн так системасы жана жогорку деңгээлдеги сервистик тейлөө Компанияны өлкөбүздүн телекоммуникация базарында өзгөчөлөнтүп турат.

Өнүгүү

Компания коммуникациялык инфраструктурага бир топ инвестицияларды салуу менен коммуникациясын өнүктүрүп жатат. GSM стандартындагы алдыңкы технологияларды пайдалануу менен Компания баарлашуу, маалымат менен иштөө жана маалыматтарды жөнөтүүдө абоненттерине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүдө.

Профессионалдуулук

Биздин Компания – Кыргызстандын уюулдук байланыш базарында мыкты абройго жетишүүгө умтулган, алдына эбегейсиз пландарды койгон жаш амбициялуу профессионалдар командасы. Компания өзүнүн кызматкерлери менен сыймыктанат жана кызматкердин профессионалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө ар дайым даяр. Ар бир кызматкер болсо, өз кезегинде адистигин терең билип, кызмат милдетине жоопкерчиликтүү жана кылдат мамиле жасап, алдына коюлган максаттарды сапатту жана өз убагында аткарууга умтулуп, жана ошондой эле өзүнүн адистигин өнүктүрүүгө аракеттенет.

Урматтоо жана кызматташуу

Компанияда кызматкерлердин оюн сыйлашат жана команданын мүчөлөрү ортосундагы айырмачылыктарга чыдамдуулук менен мамиле жасалат. Биз маселелерди ачык жана ак ниеттүүлүк менен чечип, өндүрүштүк маселелерди чогу караштырабыз. Абоненттер, өнөктөр жана мамлекеттик мекемелер менен ачык мамиле түзүү – бул бирдиктүү команданын ынтымактуу эмгеги, бул жерде ар бирибиз жалпы жыйынтык – Компаниянын ийгилиги - үчүн жооп беребиз.

Корпоративдик Жоопкерчилик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү, спорт, экология, маалымат-байланыш технологиялар тармактарындагы ири социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жана үй-интернаттары жана Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жардам көрсөтүүгө байланыштуу, жеке жана юридикалык жактарга демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардам көрсөтүү токтотулат.

MegaCom компаниясы, социалдык багыттагы мамлекеттик жеке өнөктөштүк, социалдык ишкердик жана кайрымдуулук сыяктуу социалдык демилгелерди өнүктүрүп келет. Компания жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган идеяларды жана демилгелерди колдоого алып, узак мөөнөттүү жана көп этаптуу долбоорлорун ишке ашырууга өттү. Бүгүнкү күндө, КСЖ алкагында компания тарабынан ишке ашырылып жаткан бир нече долбоорлор:

«MegaCom балдарга» – компания республика аймагындагы балдар үйлөрүн, анын ичинде колдоого өзгөчө муктаж болгон балдар интернаттарын колдоого алган. Балдар үйлөрүнүн өтүнүчү боюнча тарбиялануучуларын азык-түлүк, тиричилик техникалары, оюнчуктар жана кийим-кечелер камсыз кылып келет. Мындан тышкары, социалдык демилгелер алкагында, компаниянын өзгөчө таланттуу кызматкерлери балдар үчүн кол өнөрчүлүк боюнча устаттык сабактарды өткөрүп турушат. «Балдар кол өнөрчүлүк чеберканасы» долбоору – балдардын өз колунан жаралган буюмдарды компаниянын жамаатынын ичинде сатууга шарт түзөт.

«Улуу Жеңиш» «Жакшылык жана сый-урмат» күндөрүн белгилөө менен MegaCom компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, оорук эмгекчилерине, Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана концлагердин туткундарына байма-бай колдоо көрсөтүп келет. Улуттук мобилдик оператор, майрамдарды утурлай жеке иш -чараларын өткөрөт жана Жеңиш күнүнө карата республикадагы 1000 ардагерге 2000 сом өлчөмүндөгү бир жолку акчалай жардамын тапшырат. Бул максаттарга жыл сайын 4 миллиондон ашык акча каражаты бөлүнөт.

«Mega Билим» билим берүү долбоорун ири бизнестин – MegaCom алдыңкы уюлдук байланыш операторунун корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында ишке ашырган саамалыгы катары баалоого болот. Мурда болуп көрбөгөн мындай демилгени көтөрүү менен, компания өлкөнүн 143 мектебин компьютерлер менен камсыздап, мугалимдер жана окуучулар үчүн заманбап маалымат ресурстарынын жана Интернет дүйнөсүнө жол ачып берүүнү алдына максат кылып койгон. Эми алар USB-модем жана SIM–карта аркылуу аалам желесине саякаттай алышат. Долбоорго катышкан мектептердин бардыгы эркин базалык камсыздоодогу 7 компьютер жана атайын эмерек менен камсыз болушкан.

Долбоорго катышкан мектептердин тизмеси компаниянын расмий сайтында жайгаштырылган. «Mega Билим» долбоорунун II этабында «Mega Билим» кучагына алган мектептерди 7-9- класстар үчүн информатика жана маалымат технологиялар боюнча атайын иштелип чыккан усулдук колдонмолор менен камсыз кылуу мерчемделген. Өнөктөштөр менен биргеликте маалымат технологияларын өнүктүрүүгө байланышкан бир катар долбоорлорду колдоого алынган билим берүү мекемелерине өткөрүп берүү маселеси да каралууда.

Улуттук мобилдик оператору «Mega Билим» билим берүү долбоорун ишке ашыруу менен, өлкөдөгү билим берүү тармагына маалымат технологияларын жайылтууга өз салымын кошуп келет. Бул болсо, коомчулуктун көйгөйлөрүн чечүүгө, алыскы аймактардагы айылдардын, шаарчалардын тургундарын санарип технологиясынан толук кандуу пайдалануусуна көмөктөшүп, ар тараптуу өнүгүүсүн колдоого даяр экендигинен кабар берип турат

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү MegaCoм компаниясы 100 пайызга мамлекеттик уюлдук оператор болуу менен абоненттерди жогорку деңгээлде тейлөөнү алдыңкы орунга коюп, туруктуу негизде улуттук баалуулуктардын, тилдин жана маданияттын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп келет. Мобилдик оператор тарабынан колдоого алынып жана ишке ашырылып келе жаткан долбоорлор тууралуу учкай кеп сала кетсек:

  • 2015-жылы MegaCom компаниясы кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүктөрүн кайрадан басып чыгарууга башкы жана бирден-бир демөөрчү болду. Сөздүктөрдүн түзүүчүсү- түрколог-лексикограф, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген илимий ишмери, Өзбек ССРнин Илимдер Академиясынын мүчө- корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Константин Юдахин.
  • «Кыргыздын элдик ырлары» атуу кыргыз элдик ырларынын жыйнагынын жарык көрүшү
  • «Маалымат жана мааламаттык-коммуникациялык технологиялары» 7-9 класстагы окуучулар үчүн усулдук колдонмолору жарык көрүп, толугу менен кыргыз тилине которулуп мектептерге берилген.
  • Кыргыз тилин окутуу боюнча жыл сайын мугалимдер арасында өткөрүлүүчү мыкты усулдук иштелмелер конкурсун колдоо
  • АКИпресс маалымат агенттигинин «Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхы» атайын порталын колдоо
  • 2012-жылдагы улуу Кыргыз Каганатынын 1170-жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференцияны өткөрүү
  • Компаниянын адистери кыргызча-орусча-англисче телекоммуникациялык терминдер сөздүгүн түзүшүүдө.
  • I дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө колдоо көрсөтүлдү.

Компаниянын ички жараяндары мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган. Маселен, www.megacom.kg расмий сайтты ачууда баштапкы абалы кыргыз тилинде, компаниянын кызматкерлеринин арасында сөз байлыгын байытуу боюнча атайын тренингдер өткөрүлүп турат.

Мобилдик сабаттуулук сабактары Бүгүнкү күндө, мектеп окуучуларынын басымдуу бөлүгү мобилдик телефондордун, смартфондордун жана планшеттердин пайдалануучусу болуп келет. Интернет желесинде залал алып келүүчү жана алдамчылыкка багытталган контент көп болгондугу шексиз. Келечек муунду аталган контенттен сактоо, мобилдик телефондон туура пайдалануу, мобилдик шылуундуктун алдын алуу, мобилдик этикет жана уюлдук байланыштын иштөө принциптери менен тааныштыруу максатында, MegaCom уюлдук операторунун тапшырыгы боюнча атайын мультфильм тартылган.MegaCom компаниясы, социалдык жоопкерчиликтүү ишкерлик алкагында өз абоненттерин коргоо максатында, калк арасында мобилдик сабаттуулук сабактарын өткөрүп келет. Оператордун адистери мобилдик сабаттуулук сабактарын өтүү максатында өлкөбүздүн ЖОЖ студенттери жана буга чейин «Mega Билим» долбооруна кирген, алыскы аймактардагы мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлгөн.

Mega Футбол Футбол оюнуна кайдыгер карабаган жаш спортчуларыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында, алгачкылардан болуп, 2011-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кичи-футбол аянтчасы курулган. Көл кылаасынан башталган бул жөрөлгө республиканын башка аймактарында уланып, Баткен жана Ош шаарларында чакан футбол аянтчалары курулуп пайдаланууга берилген. Долбоордун алкагында Талас шаарындагы стадион компаниянын колдоосу менен ремонттолгон.

Олимпиада 2016 5-августтан 21-августка чейин Рио-де-Жанейродо (Бразилияда) өткөн 2016-ж. XXXI жайкы Олимпиада оюндарында MegaCom байланыш оператору Кыргызстандын курама командасынын Башкы өнөктөшү деген эксклюзивдүү макамды алган.

Долбоордун негизги максаты- чыгаан спортчуларыбыз аркылуу мекен байрагын көккө желбиретүү, спорт менен машыгууга жана сергек жашоого үндөө.

MegaCom кикбоксинг, шахмат жана күрөш боюнча улуттук спорттук мелдештерге демөөрчүлүк кылып, Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүну көз жаздымда калтырбай келет. Өзүбүз күбө болуп жүргөндөй эле, өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору бир катар ири спорттук иш-чаралардан түз алып көрсөтүүгө көмөк көрсөтүп келет.

MegaCom Аллеяcы  - Жал кичирайонундагы Эне-баланы коргоо Улуттук борборунун аймагын тазалоого жана жашылдандырууга багытталган долбоор.

Кыргызстандын ар облустарынан жана коңшу мамлекеттерден келген 100 миңдеген бөбөктөр, өспүрүмдөр ден соолугун чыңдай турган бул балдар ооруканасы Бишкек шаарынын транспорт тынымсыз өтүп турган борбордук көчөсүндө жайгашкандыктан, автоунаалар тарабынан иштетилген зыяндуу газдар абаны булгап турат.

Бул маселеге экологиялык, илимий, медициналык көз караш менен сереп салып, туура баа берген MegaCom компаниясы оорукана аймагын жашылдандырып, ландшафттык дизайн түзүү менен кичине бейтаптарыбыздын тез сакайып кетүүсүнө өбөлгө боло турган ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдө.

MegaCom - II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Башкы демөөрчүсү MegaCom компаниясы 2016-жылдын сентябр айынын 3нөн 8не чейин Ысык-Көл жээгинде болуп өткөн II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Башкы демөөрчүсү болгону тууралуу сыймыктануу менен билдирет. Быйылкы жылы элдин назарын өзүнө бурган спорттун 26 түрү боюнча мелдештер, маданий-массалык иш-чаралар, кечки концерттер, дүйнө өлкөлөрүнүн этникалык жана элдик оюндары көрсөтүлдү.

Өзгөчө маданий иш чараны уюштурууга MegaCom компаниясы ар тараптуу жардамын көрсөттү. Техникалык адистер тарабынан тармактын сыйымдуулугун кеңейтүү максатында жаңы базалык станцияларды куруу иштери аткарылды, бул өз учурунда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келген катышуучуларга жана көп сандагы конокторго байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Кененирээк https://www.megacom.kg/pages/megacom-ii-world-nomad-games?locale=kg

Лицензиялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда MegaCom компаниясы курулушту долбоорлоо жана электр байланыш тармактарына байланыштуу төмөндөгүдөй лицензияларга ээ:

  1. Электр байланыш тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин 2009-жылдын 6-июлундагы № 09-750-КР лицензиясы (GSM стандартындагы уюлдук кыймылдуу радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү).
  2. Маалымат берүү тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин 2009-жылдын 6- июлундагы № 09-751-КР лицензиясы.
  3. Электр байланыш тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин 2009-жылдын 21-июлундагы № 09-756-КР лицензиясы (мобилдик байланыштын «WCDMA/UMTS» 3G үчүнчү муун стандартындагы кыймылдуу уюлдук радиотелефондук байланыш кызматтарын көрсөтүү).
  4. Шаар курулуш жана долбоордук-изилдөө жумуштары үчүн Курулуш жана аймактык өнүгүү боюнча Мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген 2013-жылдын 13-февралындагы № 04816 лицензиясы. Курулушту долбоорлоо жана конструкциялоо (өндүрүштүк багыттагы объектилер, анын ичинде мачталар). Башкы долбоор түзүүчүнүн функцияларын иш жүзүнө ашыруу.
  5. КР УБА № 14-1113 лицензиясы – электр байланыш кызматтарын көрсөтүү жана 2G, 3G жыштыктарын пайдалануу менен берилиштерди өткөрүү үчүн радио жыштык спектрин пайдаланууга (19.12.2014)
  6. КР УБА № 14-1143 лицензиясы – электр байланыш кызматтарын көрсөтүү жана РРС, WiFi үчүн жыштыктарды пайдалануу менен берилиштерди өткөрүү үчүн радио жыштык спектрин пайдаланууга (19.12.2014)
  7. КР УБА № 14-1133 лицензиясы – электр байланыш тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө (19.12.2014)
  8. КРӨ МБА №15-1446-КР лицензиясы 01.10.2015-ж.- 01.10.2015-жылдын 1-октябрындагы №98-1/1 Токтомунда көрсөтүлгөн жыштыктардын номиналдарын колдонуу менен маалымат берүү жана электр байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин колдонууга
  9. КРӨ МБА №15-1433-КР лицензиясы 21.10.15-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин 2015-жылдын 18-сентябрындагы №97-1/7 Токтомунда көрсөтүлгөн маалымат берүү жана электр байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин колдонууга

Компаниянын тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2016-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бештин айы 2016

  • «Телефон кайда?» кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү жаралды.
  • MegaCom- #OneMagazine AWARDS 2016 версиясы боюнча жылдын мобилдик оператору.

Жетинин айы 2016

  • «АР ДАЙЫМ Интернет» жаңы тарифтик планы ишке киргизилди.
  • 4G LTE түйүнү менен камтуу аймагы кеңейип, дагы  59 калктуу конушта байланыш жакшыртылды.
  • MegaCom «Жыл тандоосу» эл аралык фестиваль-конкурсунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы #1 мобилдик оператору болуп таанылды.
  • MegaCom Испаниянын футбол боюнча  Ла Лига чемпионатынан түз  алып көрсөтүүнүн башкы демөөрчүсү.

Тогуздун айы 2016

  • MegaCom ISO 9001:2015 эл аралык сапаттык стандартына шайкештигин тастыктады.
  • MegaCom 4G-Интернети Чүй  облусунун 11 калктуу конушунда жеткиликтүү болуп калды.
  • Аралыктан көрсөтүлүүчү кызматтардын саны арбыды. Эми, MegaCom абоненттери «Онлайн-жардамчы» акысыз кызматынан пайдалана алышат.
  • «Төмөнкү баланс тууралуу автомаалымдагыч» акысыз кызматы ишке киргизилди.
  • «Тилдер чебери» чет тилдерин үйрөнгүсү келгендер үчүн мыкты табылга болмокчу.
  • «Телефон чал!»- бул  абдан кызыктуу көңүл ачуу порталы. 4040 номуруна чал.

Аяк оона 2016

  • «Бактылуу SMSтер»- 3 000 000 сом утуп алуу мүмкүнчүлүгү.
  • «Engster тил үйрөтүү курстары» жаңы сервиси ишке киргизилди.
  • Ыкчам ылдамдыктагы 4G Wi-Fi-роутери сатыкта.
  • 76 калктуу конушта байланыш жакшыртылды.
  • MegaCom II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын башкы демөөрчүсү.

Баш оона 2016

  • «Бактылуу SMSтер» викторинасы ишке киргизилди
  • 4G Wi-Fi-роутер сатыкка чыкты
  • 76 калктуу конушта байланыш жакшыртылды
  • MegaCom  II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунун башкы демөөрчүсү

Теке 2016

  • 4G-модемдер сатыла баштады
  • MegaCom ММБФ Коомдук кеңешинин ардак грамотасына татыктуу болду
  • MegaComдун башкы демөөрчүлүгү менен  Олимпиада-2016 түз алып көрсөтүлдү
  • MegaCom Ысык-Көлдө «Mega Жай» кумжээк акциясын уюштурду

Кулжа 2016

  • Ыкчам 4G LTE Ысык-Көлдө ишке киргизилди!
  • SMS-билдирүүлөрдү массалык түрдө жөнөтүүнү шарттаган «Мегажөнөтмө» жаңы кызматы
  • MegaCom- «Made in Kyrgyzstan» алгачкы  эл аралык EXPO көргөзмөсүнүн расмий өнөктөшү
  • «Жеке кабинет» кызматы ишке киргизилди
  • MegaCom колдоого алынган балдар үйлөрүнө даректүү материалдык жардам көрсөттү.
  • MegaCom курамасы FUT-Лига CUP турниринин чемпиону.
  • 23 литр донордук кан –  MegaCom кызматкерлеринин Эл аралык донор күнүнө  кошкон салымы

Бугу 2016

  • MegaCom компаниясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарында концерт уюштурулду
  • Жалал-Абаддыктарга MegaComдун колдоосу менен уюштурулган концерт тартууланды
  • MegaCom  2016-жылдагы велосезондун ачылышына колдоо көрсөттү
  • MegaCom абоненттери тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоо максатында 22 миңден ашуун SMS жөнөтүлгөн.
  • MegaCom мини-футбол боюнча КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин кубогун жеңип алды.

Чын куран 2016

  • Жаңы  www.megacom.kg сайты ишке киргизилди
  • MegaCom 10 жылдан бери КРдин телекоммуникация тармагында  ийгиликтүү ишмердүүлүк жүргүзүп келет. MegaComго 10 жыл!
  • Бишкекте жаңы ачылган Сатуу жана тейлөө борбору  кардарларына кызмат көрсөтө баштады
  • Баткен, Ош жана Чүй облустарында 4 Фирмалык салон ачылды

Жалган куран 2016

  • MegaCom ыкчам ылдамдыктагы 4G LTE түйүнү масштабдуу ишке киргизилди!
  • MegaCom эски SIM-карталарды 4G форматындагы жаңыларына акысыз алмаштырат!
  • MegaCom 2016-велосезонунун ачылыш аземинин башкы демөөрчүсү
  • MegaCom Нооруз майрамына карата Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн концерттин өнөктөшү
  • MegaCom компаниясынын эффективдүү менеджер мектеби өзүнүн 6 жылдыгын белгиледи

Бирдин айы 2016

  • MegaCom Mobile World Congress хайтек-форумунда катышты
  • MegaCom “Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү” наамына татыган
  • Жаңыртылган “МегаЖардамчы” эми iOS үчүн да жеткиликтүү
  • MegaCom командасы - «Газпром нефть Азия» IX эл аралык турниринин чемпиону!

Үчтүн айы 2016

  • MegaCom “Эркин Тоо” республикалык гезитинин версиясы боюнча өлкөнүн мыкты мобилдик оператору болуп табылган
  • Бишкекте корпоративдик жана VIP кардарлар үчүн MegaComдун жаңы кеңсеси ачылган
  • MegaCom тармагы 2015-жылы 5 миллиард мегабайтка жакын интернет-трафикти иштеп чыккан
  • MegaCom тайпасы футзал боюнча эл аралык турнирде мыкты болгон

2015-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бештин айы 2015

  • MegaCom Бишкекте өткөн бодибилдинг боюнча Биринчи Эл аралык Чемпионатынын башкы демөөрчүсү
  • MegaComдун колдоосу менен Бишкекте “Хан Манас” дзюдо боюнча VI эл аралык турнир өттү
  • MegaCom кызматкерлери “Оберег” реабилитациялык борборундагы балдарга жардам көрсөтүштү
  • Өлкөбүздүн дагы 75ден ашуун айылдарында MegaCom сапаттуу байланышы пайда болду
  • Ош шаарында жаңы Фирмалык салон ачылды
  • MegaCom колдоосу менен Бишкекте бильярд боюнча биринчилик өттү
  • Кыргызстандын түштүгүндө MegaComдун жаңы тейлөө борборлору ачылды
  • 2015-жылдын 10 айынын ичинде MegaCom компаниясы казынага 2 миллиард 125 миллион сом которгон

Жетинин айы 2015

  • Талас облусунун бир катар алыскы калктуу конуштары 3,75G түйүнү менен капталган
  • Өлкөбүздүн 39 калктуу конушунда 3,75G түйүнүн ишке киргизүү жана мыктылоо иштери жүргүзүлгөн
  • MegaCom Star Vision эстрадалык долбоорунун башкы демөөрчүсү
  • MegaCom 2015-2016-жылдагы тоо лыжа сезонунун ачылышынын башкы демөөрчүсү!
  • MegaComдун колдоосу менен Бишкекте Google Developer Group 2015 IT-конференциясы өткөрүлгөн

Тогуздун айы 2015

  • MegaCom компаниясы ардагерлерге материалдык жардам көрсөтүү, аларды ызааттоо жана кайрымдуулук күнүн уюштурду
  • MegaCom компаниясынын кызматкерлеринин байланыш чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы КР МБА тарабынан белгиленди
  • MegaCom: Талас облусунда 3G түйүнү менен каптоо аймагы 2 эсеге кеңейди
  • “Жеткиликтүү интернет” түркүмүнүн жаңы опциялары ишке киргизилген!
  • MegaCom – интернет-кызматтары чөйрөсүндөгү ири салык төлөөчү

Аяк оона 2015

  • “Күн-Түн” жаңы интернет-топтомдору ишке киргизилген
  • MegaCom Ажылык мезгилине роумингдеги тарифтерди төмөндөттү
  • Компаниянын кызматкерлери КРдин транспорт жана коммуникациялар министрлигинин грамоталары менен сыйланышты
  • MegaCom Константин Юдахиндин сөздүгүн кайрадан басып чыгаруу демилгесинин башкы өнөктөшү
  • MegaCom командасы Футбол боюнча Ысык-Көлдөгү XV эл аралык оюндарында “күмүш” медалына татыган
  • MegaCom дзюдо боюнча калыстык эл аралык семинарынын өнөктөшү

Баш оона 2015

  • «Элдик» жаңы тарифи - бул бардыгына реалдуу нөл!
  • Бүргөндү айылында жаңы фирмалык салон ачылды.

Теке 2015

  • MegaCom «Бактылуу номур» опциясынын алкагында номурду кошуу наркынын төмөндөтүлгөндүгү тууралуу маалымдады.
  • MegaCom «Чексиз Интернетке» кошулуу төлөмүнүн алынып салынгандыгын билдирди.
  • MegaCom компаниясынын техникалык директору Кыргызстандын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.
  • Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында MegaCom Сатуу жана тейлөө борбору ачылды.
  • Ысык-Көл облусунун Ананьево жана Талас облусунун Покровка айылдарында MegaComдун жаңы фирмалык салондору ачылды.
  • MegaCom «Мейкин Азия» II Эл аралык фестивалынын башкы демөөрчүсү.

Кулжа 2015

  • MegaComдун башкы директору мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин ичинен мыктылардын мыктысы болуп табылды.
  • MegaComдун кызматкерлери ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте мобилдик шылуундардын ишмердигине бөгөт коюшту.
  • Чексиз Интернет кызматы жакшыртылды.
  • WAP-трафиктин 1 мегабайтынын наркы төмөндөдү.
  • Туристтер үчүн «All Inclusive» ыңгайлуу тарифи ишке киргизилди.
  • «Чексиз түн» опциясы - бардыгы чектөөсүз!
  • MegaCom К.Юдахиндин сөздүгүн кайра басып чыгарууга башкы демөөрчүлүк кылды.
  • MegaCom «Unlim» жана «Device» чексиз Интернеттеринин көлөмдөрун жана ылдамдыгын эки эсеге көбөйттү.
  • MegaCom колдоого алган балдар үйлөрүнө жардам көрсөттү.
  • MegaCom өз кызматкерлеринин арасында III Олимпиаданы уюштурду.

Бугу 2015

  • Unlim 24 түркүмүндөгү Интернет-опцияларды белекке берүү мүмкүн болуп калды.
  • Ош шаарында MegaCom компаниясынын кезектеги Сатуу жана тейлөө борбору ачылды.
  • MegaCom кызматкерлери телекоммуникациялар тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн
  • MegaCom Улуу Жеңиш Күнүнө карата ардагерлерге материалдык жардам көрсөттү жана концерт уюштуруп берди.
  • MegaCom- Брайан Трейсинин тренингинин башкы демөөрчүсү.
  • MegaCom абоненттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам катары рекорддук сумманы чогултуп беришти.

Чын куран 2015

  • Кербен шаарында MegaComдун жаңы фирмалык салону ачылды.
  • «Мыкты» жаңы тарифи – чалууларга, SMSке, Интернетке бирдиктүү баа – 0,5 сомдон.
  • MegaCom – Кыргызстандын аймагын байланыш түйүнү менен каптоо боюнча алдыда.
  • MegaCom интернет-трафикти колдонуучулардын саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен, мегабайттын наркын төмөндөттү.
  • MegaCom абоненттеринин саны 3 миллионго жетти.
  • MegaCom кардарларды колдоо борборуна 9 жыл толду.
  • «Автотөлөм» жаңы кызматы ишке киргизилди.
  • «Евросети» түйүнү аркылуу байланыш кызматтарын төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болду.
  • MegaCom көркөм окуу боюнча мектеп окуучуларынын арасында болуп өткөн Биринчи Чемпионатты колдоду.
  • MegaCom Ысык-Көлдөгү Run The Silk Road IV эл аралык марафонуна колдоо көрсөттү.
  • MegaCom «Мega Билим» долбоорунун алкагында мектептерге жаңычыл долбоорлорду сунуштады.

Жалган куран 2015

  • Роумингде «SMS 25» топтомдору ишке киргизилип, жаңы кызматтын жардамы менен 46 пайызга чейин үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
  • Кашкар-Кыштак жана Масы айылдарында MegaCom жаңы фирмалык салондору ачылды.
  • Майлуу-Суу шаарында MegaComдун жаңы Сатуу жана тейлөө борбору ачылды.
  • MegaCom дзюдо боюнча II Эл аралык турнирге демөөрчүлүк кылды.
  • «Unlim 24+» жаңы тарифтик опциясы ишке киргизилди, аталган опция ылдамдыгы чектелбеген акысыз мобилдик Интернетти сунуштайт.
  • MegaCom BlackBerry мобилдик аппараттары менен иштөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтти.
  • MegaCom Бишкек шаарында уюштурулган Велосезон-2015 иш-чарасынын ачылышына башкы демөөрчүсү.
  • MegaCom 2014-2015 лыжа сезонунун жабылышына башкы демөөрчүлүк колдоо көрсөттү.

Бирдин айы 2015

  • Нарын облусунун Кочкор айылында жаңы фирмалык салон ачылды.
  • Кыргызстан боюнча www.megacom.kg сайтына акысыз жетки ачылды!
  • MegaCom 2016-жылы өтүүчү Олимпиадада Кыргызстан курамасынын өнөктөшү.

Үчтүн айы 2015

  • MegaCom компаниясынын башкы директору - жылдын мыкты менеджери болуп табылды
  • MegaCom балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды
  • Роумингде ыңгайлуу баарлашуу үчүн Орусия(Мегафон, Tele2 түйүндөрүндө) жана Казакстандын (Kcell, Tele2 түйүндөрүндө) багыттары боюнча «+996» топтомдор түркүмү ишке киргизилди.
  • MegaCom Ош мамлекеттик университетинде «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоорун ишке ашырды

2014-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баш оона 2014

  • Nitro түнкү интернет-топтомдору ишке киргизилди
  • Like тарифтик планын жаштардын кеңири катмары колдоно баштады
  • БОБЛ төшөө боюнча долбоордун 1-этабы аяктады: Жалал-Абад – Ош тилкесинде 115 км линия төшөлдү
  • MegaCom ISO 9001:2008 эл аралык сапаттык стандарттарына шайкештигин далилдеди
  • Кант шаарында Сатуу жана тейлөө борбору ачылды
  • MegaCom компаниясы муниципалдык кызматкерлердин арасында өткөрүлүүчү I Республикалык Спартакиадага расмий өнөктөш болду

Теке 2014

  • MegaCom компаниясынын акцияларынын жүз пайызы мамлекеттин менчигине өткөрүлдү
  • MegaCom жайкы сезонго карата «Эл аралык» тарифинин тарифтөөсүнө өзгөртүүлөрдү киргизди
  • MegaCom Ат-Башыда жаңы Фирмалык салон жана Беловодск жана Ноокатта Сатуу жана тейлөө борборлорун ачты
  • MegaCom Бишкек шаарында футбол сүйүүчүлөр арасында мини-футбол боюнча өткөрүлө турган турнирди уюштурууга колдоо көрсөттү

Кулжа 2014

  • MegaCom сапат тармагындагы жетишкендиктери үчүн КМШ өлкөлөрү боюнча эл аралык Премиянын ээси болду
  • Мобилдик түзмөктөр үчүн – Device универсалдык тарифи ишке киргизилди
  • Мобилдик телеберүүнү эркин көрүүнү шарттаган жаңы интернет-топтом менен «MegaComдон OnlineTV» кызматы жакшыртылды
  • «Opera Mini менен Чексиз интернет» кызматы ишке киргизилди
  • Тейлөө тармагы өстү: Түп, Сокулук айылдарында жана Ош шаарында Фирмалык салондор, ал эми Араван айылында Сатуу жана тейлөө борбору ачылды
  • 650миңден ашуун MegaCom абоненттери персонификациялоодон өттү
  • 1-июнда компаниянын кызматкерлери Ош шаарынын №12көмөкчү мектебинин тарбиялануучуларын майрамы менен куттукташты
  • MegaCom Bishkek Urban Forum эл аралык жыйынына катышты
  • MegaCom gulzada деген ысым менен таанымал болгон таланттуу ырчы кыздын «Толгонуу» арт-шоусун өткөрүүгө башкы демөөрчү болду
  • MegaCom кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионунун наамы үчүн болуп өткөн таймашка колдоо көрсөттү
  • MegaCom компаниясынын колдоосу менен мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө карата мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү
  • MegaCom Вера Брежневанын концертине расмий өнөктөш болду

Бугу 2014

  • Абоненттерди персонификациялоо боюнча Mega акция
  • MegaCom уюшулгандыгынын 8жылдыгына карата 500дөн ашуун активдүү абонентин сыйлады
  • Ош шаарында кезектеги Сатуу жана тейлөө борбору ачылды
  • MegaCom кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш Күнү менен куттуктады
  • Ардагерлерди колдоого багытталган «1945» акциясынын алкагында MegaCom абоненттери тарабынан жарым миллион сомго жакын каражат топтолду
  • Бишкекте «Беш-Сары» Сатуу жана тейлөө борбору ачылды
  • Компаниянын уюшулгандыгынын 8жылдыгына карата MegaCom Ош шаарында мекенибиздин эстрада жылдыздарынын ортосунда «Mega Футбол» оюнун өткөрдү
  • MegaCom компаниясынын кызматкерлери «Өмүр тартуулаңыз» донордук акциясына катышты.

Чын куран 2014

  • MegaCom «Мобилдик телеберүү» кызматынын ишин жакшыртты
  • Исфана Баткен облусунун Исфана шаарында кезектеги Сатуу жана тейлөө борбору ачылды
  • MegaCom Акыл-Battle интеллектуалдык оюндарынын сериясын колдоду
  • MegaCom балансты толуктоо үчүн алынуучу комиссиянын өлчөмүн жогорулаткан жок, муну менен туруктуу баа саясатын камсыздады
  • MegaCom кардарларды колдоо кызматы 8 жылдыгын белгиледи
  • MegaCom «Кыргызстандын билим берүү тармагына МКТ жана жаңычылдыктарды жайылтуу» форумун өткөрдү

Жалган куран 2014

  • «Байланышта» жаңы кызматы ишке киргизилди
  • «ЭЛСОМ» электрондук капчыгы MegaCom абоненттеринин бардыгына жеткиликтүү

Бирдин айы 2014

  • MegaCom өлкө жарандарынын социалдык турмушун жакшыртууга өзгөчө салым кошкондорду аныктоо максатында жыл сайын өткөрүлүүчү «Жылдын меценаты» конкурсунун алкагында 2013-жылдын жыйынтыгы менен «Ак жүрөк» сыйлыгына татыктуу болду.
  • "Орловка" тоо лыжа базасында 3G-базалык станциясы ачылды
  • MegaCom Баткен облусунун №2022 чек ара кошуунунда кызмат өтөгөн мекен сакчылары үчүн майрамдык иш-чара уюштуруп «Жакындарыңызга чалуу» акциясынын алкагында жакындарына акысыз телефон чалып, кенен баарлышып, сагынычтарын жазышты.

Үчтүн айы 2014

  • MegaCom компаниясынын өкүлдөрү Борбордук Азияда маалымат-коммуникативдик технологияларын өнүктүрүү боюнча видеоконференцияга катышып, мектептерди компьютерлештирүү жана интернеттештирүүгө багытталган «Mega Билим» долбоору тууралуу кеңири баяндама жасашты
  • «Номурду каттоо үчүн бонус» акциясы узартылды.

2013-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бештин айы 2013

  • Бишкек шаарындагы бир катар сатуу жана тейлөө борборлору акысыз Wi-Fi менен жабдылды
  • MegaCom’дон OnlineTV» уникалдуу кызматы ишке киргизилди
  • «Unlim 24» жаңы интернет-опциясы ишке киргизилди
  • Компаниянын сатуу жана тейлөө борборлорунда Prestigio планшеттери жана смартфондору сатыла баштады
  • Кара-Балта шаарында жаңы сатуу жана тейлөө борбору ачылды.
  • MegaCom компаниянын бардык СТБларында Huawei сматртфондору сатыла баштады.
  • MegaCom компаниясы Караколдогу 2013-2014-жылкы кышкы сезондун ачылышына башкы демөөрчү болду.
  • MegaCom Twitter социалдык түйүнүндөгү компаниялардын бизнес-баракчаларынын рейтингинде биринчи болду.
  • MegaCom’дон «Россия жакыныраак» жаңы опциясынын жардамы менен түштүк аймактагылар Россияга мүнөтүнө 1,5 сомдон чалуу аткара алышат.
  • MegaCom «Сен кайдасың?» кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти
  • MegaCom компаниясы Business Brain Busters бизнес -кейстери боюнча республикалык чемпионатты өткөрүүнү колдоду.
  • MegaCom колдоого алып келген балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын Жаңы жылы менен куттуктады

Жетинин айы 2013

  • 395 сом өлчөмүндөгү ай сайын төлөнүүчү абоненттик төлөм үчүн «INSIDE 2Гб» - 2048 Мб акысыз интернет-трафик сунушталды
  • Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарларында жаңы Фирмалык салондор ачылды
  • Бишкек шаарында 2 жаңы Сатуу жана тейлөө борбору ачылды
  • «Досуңдун эсебинен чалуу» жаңы кызматы киргизилди
  • « MegaMusic обондорун көчүрүү» жаңы кызматы ишке киргизилди.
  • KCell (Казакстан) абоненттери менен MegaCom абоненттеринин ортосунда MMS-алмашуу ишке ашырыла баштады • MegaCom роуминги эми учактын бортунда да жеткиликтүү
  • MegaCom: «Роумингдеги кайтарым чалуу» жаңы кызматы менен үнөмдөө 90 пайызга чейин

Тогуздун айы 2013

  • MegaCom Жогорку Нарын ГЭС каскадынын аймагында базалык станцияны ишке киргизди
  • MegaCom ISO 9001:2008 сапатындагы эл аралык стандарттарга шайкештигин тастыктады
  • MegaCom сатуу жана тейлөө борборлорунда SIM-карталардын наркы төмөндөдү
  • «SMS-Эксперт» кызматы киргизилди
  • Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында жаңы Фирмалык салон жана Ош шаарынын аэропортунда сатуу жана тейлөө борбору ачылды
  • «Mega БОНУС» лоялдуулук программасына жаңы бонустар киргизилди
  • Эл аралык карылар күнүнө утурлай MegaCom улуттук мобилдик оператору өлкө боюнча 1000 ардагерди куттуктоо үчүн 2 миллион сом бөлдү
  • MegaCom Ош шаарынын күнүн белгилөөгө демөөрчүлүк кылды.
  • MegaCoм компаниясы республикалык бюджетке салык төлөмдөрү боюнча Кыргызстандын уюлдук операторлорунун рейтингинин көч башында болду.
  • Интернет колдонуучулардын коопсуздугун камсыздоого жана келечек муундун мобилдик этикет тууралуу билимин жогорулатууга багытталган “Мобилдик сабаттуулук сабактары” долбоору ишке ашырылды

Аяк оона 2013

  • MegaCom Кыргызстанда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүгө өнөктөш болду.
  • Кыргызстанда була-оптикалык байланыш линияларын куруу иштеринин алкагында MegaCom Чүй облусунун батыш тарабындагы «Бишкек – Сокулук – Беловодское – Кара-Балта – Кайыңды – Чалдовар» аймагында линиялар курулду.
  • MegaCom Талас облусунун Бакай-Ата айылында жаңы фирмалык салонун ачты.
  • MegaCom компаниясынын «Mega Билим» долбоорунун I этабы жыйынтыкталды. Долбоорго катышкан мектептердин акыркыларына компьютердик класстар ачылды.
  • MegaCom компаниясынын колдоосу менен жаш шахматчылар Руслан менен Алмаз Съездбековдор Шри-Ланка республикасында окуучулар арасында өткөн Азия Чемпионатына барып келишти
  • MegaCom командасы Ысык-Көлдө өткөн эл аралык спорттук оюндарда футбол боюнча чемпион болду.
  • MegaCom россиялык «Пицца» тобунун концертин өткөрүүгө демөөрчү болду.
  • Кыргыз тили боюнча ачык сабактын мыкты иштелмесине жалпы республикалык кароосун өткөрүүгө колдоо көрсөттү
  • MegaCom компания кызматкерлеринин арасында II ички корпоративдик Олимпиаданы өткөрдү

Баш оона 2013

  • MegaCom максималдуу өткөрүү жөндөмдүүлүгү 7,2 Мбит/с болгон USB-модемдерди сатыкка чыгарды
  • Абонентке өз тарифтик планын түзүп алууга шарт түзгөн «INSIDE» кызматтар топтомдорунун сериясы ишке киргизилди.
  • Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жана Кызыл-Суу айылында жаңы фирмалык салондор ачылды
  • Корпоративдик абоненттер үчүн «Түйүндөгү нөл» жана «Ишкер баарлашуулар» опциялары ишке киргизилди
  • Өз мобилдик эсебин башкаруу боюнча «Mega USSD» жаңы кызматы киргизилди
  • MegaCom компаниясынын колдоосу менен «Mega Футбол» долбоорунун алкагында Талас шаарынын борбордук стадиону оңдолуп-түзөлдү
  • MegaCom Кыргызстандын дзюдо боюнча Улуттук федерациясына 30 атайын спорттук форма берилип, мындан тышкары Бразилиядагы Чемпионатка катышуу үчүн каржылык жардам көрсөтүлдү.
  • MegaCom «Кыргыз тулпарлары» көргөзмөсүнүн башкы өнөктөшү болду.

Теке 2013

  • Компания Ысык-Көлдөгү Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өткөн «Мейкин Азия» фестивалынын башкы демөөрчүсү болду.
  • Уюлдук оператор, Ысык-Көл облусундагы Аймактык байланыш кызматташтыгынын администрация башчыларынын 48-Кеңешин (АБК АБ) жана Аймактык байланыш кызматташтыгы алдындагы маалыматташтыруу боюнча КМШ өлкө-катышуучуларынын 19-Координациялык кеңешин уюштурууга Кыргызстандын УБАга демөөрчүлүк жардам көрсөттү.
  • Баткен шаарында «Mega Футбол» спорт долбоорунун алкагында курулган чакан футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Кулжа 2013

  • Компаниянын корпоративдик-социалдык долбоорунун алкагында, Бишкек шаарындагы Эне жана балдарды коргоо Улуттук борборунун аймагында MegaCom Аллеясы ачылды.
  • Абоненттин жүргөн жерин билүүгө шарт түзгөн «Сен кайдасың?» уникалдуу кызматы ишке киргизилди.
  • MegaCom компаниясы өзүнүн 7 жылдыгын белгиледи. Спартак стадионунда Fly Project белгилүү тобунун жана 25 000 көрүүчүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн иш-чара масштабдык концерт менен коштолду.
  • MegaCom уюлдук операторлор арасында биринчилерден болуп Android иштетүү системиндеги «МегаЖардамчы» мобилдик колдонмосун ишке киргизди.
  • MegaCom компаниясы Баткен облусунун Газ айылындагы спорттук комплекстин курулушун колдоого алган.
  • Улуттук мобилдик оператордун «Mega Футбол» спорт долбоорунун алкагында MegaCom Кубогу үчүн III Турнир өткөрүлдү.

Бугу 2013

  • «Чексиз интернет 100» тарифтик опциясы ишке киргизилди.
  • MegaCom I - Билим берүү Фестивалынын расмий демөөрчүсү.

Чын куран 2013

  • Чемпиондор лигасынын футбол оюндарын эфирден түз көрсөтүүгө расмий демөөрчү болду.

Жалган куран 2013

  • «Бишкек Парк» соода-көңүл ачуу борборунда жаңы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышы болду.
  • Тажикстан (Babilon) менен MMS-алмашуу ишке ашырылган.
  • Компаниянын корпоративдик кардарлары үчүн «Business Connect» түркүмүнүн топтомдору ишке киргизилди.
  • 2013-жылдын 1-жалган куран айынан баштап сатуу салыгынын өлчөмү көбөйгөнүнө карабастан, мындай өзгөрүү MegaCom абоненттерине эч кандай таасирин тийгизген жок.
  • Тейлөөнүн Алдын ала төлөө түрүн колдонуп, роумингде жүргөн компаниянын абоненттерине, реалдуу убакыт режиминде кызматтарды тарифтөөгө шарт түзгөн «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы коммерциялык негизде ишке киргизилди.
  • «559» тарифтик планы жана «Нөл» атайын сунушу ишке киргизилди.
  • «Обондордун активдүү убактысы» кошумча опциясын киргизүү.
  • «MegaComдон SMS-жөнөтмө» кызматын ишке киргизүү.

2012-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетинин айы 2012

  • MegaCom компаниясы «№1 Уюлдук оператор», «Тунук» тарифтик планы «№1 Пайдалуу тарифтик план», MegaCom USB-модеми «Жыл тандоосу - 2012» конкурс-фестивалынын жыйынтыгы боюнча мыкты болуп таанылган.
  • КСЖ алкагында MegaCom компания тарабынан колдоого алынган 6 шефтик балдар үйүн Жаңы жылы менен куттуктады.
  • MegaComдун колдоосу менен «Кыргыздын элдик ырлары» деп аталган музыкалык жыйнак чыгарылды.
  • MegaCom туусунун алдында «Каракол» тоо-лыжа базасында 2012-2013- жж. кышкы сезону ачылды.
  • Көптөн күтүлгөн «Чексиз интернет» опциясы ишке киргизилди.
  • Баланста каражаты MegaCom абонентине Кыргызстандын уюлдук операторлорунун абоненттерине балансын толуктап коюу жөнүндө билдирүү жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген «Куткаруучу тегерек» кызматы ишке кирди.

Тогуздун айы 2012

  • Компания карылар күнүнө карата УАС ардагерлерине колдоо көрсөтүү үчүн 2 000 000 сом бөлүп берген.
  • MegaCom «Мыкты социалдык кызматкер» сынагын өткөрүү демилгесин колдогон.
  • MegaComдун колдоосу менен, «Хан Манас» кубогу үчүн өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча III Ачык республикалык турнир К.Кожомкул атындагы Спорт сарайында өткөрүлдү.
  • «Хит 25» жана «Хит 100» тарифтик опциялары ишке кирген.
  • MegaComдун абоненттерине «Сөз Чебери» жаңы тарифтик планы сунушталган.

Аяк оона 2012

  • MegaComдун колдоосу менен, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун «Көлмө» калктуу конушундагы (Кулиев көчөсү) Чоң Чүй каналына (ЧЧК) көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.
  • «SMS2Odnoklassniki/Odnoklassniki2SMS» кызматы ишке киргизилди.
  • Казакстанда жүргөн абоненттер үчүн «Роумингде SIM-картаны калыбына келтирүү» кызматы ишке киргизилген (KCell тармагы).
  • MegaCom – белгилүү кыргыз эстрада жылдызы Мирбек Атабековдун концерттеринин демөөрчүсү болду.

Баш оона 2012

  • Компаниянын колдоосу менен Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнүнө карата көкбөрү боюнча «Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна» турнир өткөрүлдү.
  • «Жеткиликтүү интернет» тарифтик опциясы ишке киргизилди.
  • SMS-алмашуу аркылуу компаниянын кызматтары жөнүндө маалымат алууга шарт түзгөн SMS-кеңешчи долбоору ишке киргизилген.
  • Компания «Ысык-Көл 2012» фестивалынын башкы демөөрчүсү болду.
  • Компаниянын расмий сайтынан акысыз MMS жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн «Web2MMS» кызматы ишке киргизилген.
  • *800 Expert сурап-билүү кызматына ыңгайлуу наркта чалууга мүмкүнчүлүк түзгөн «Эксперт» тарифтик опциясы ишке киргизилген.

Теке 2012

  • Роуминг тарифтери төмөндөтүлгөн.
  • Чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн SMS-билдирүүлөрдүн наркын төмөндөтүүгө багытталган «Сизге кат» тарифтик опциясы ишке киргизилген.
  • MegaCom – «EURO-2012» футбол боюнча Европа Чемпионатынын телекөрсөтүүсүнүн башкы демөөрчүсү.
  • USSD-меню долбоорунун ишке киргизилиши – компаниянын бардык кызматтарын жана контентин бир кызматка бириктирүүгө багытталган.
  • «SMS2Google+/Google+2SMS» жана «SMS2VK/VK2SMS» кызматы ишке киргизилген.
  • «Манас» аэропортунда Сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору ачылган.
  • «Бөлүнгөн линия аркылуу интернетке жетки» кызматынын ишке киргизилиши.

Кулжа 2012

  • Компания, Кыргызстанда алгач жолу Ысык-Көл жээгинде өткөн Шахмат боюнча Азия Кубогунун башкы демөөрчүсү болгон.
  • MegaCom компаниясы – Лондондо өткөн ХХХ жайкы Олимпиада оюндарында катышкан Кыргызстандын курама командасынын расмий демөөрчүсү.

Бугу 2012

  • УАС ардагерлерине материалдык колдоо көрсөтүүгө компания 2 000 000 сом бөлүп берген.
  • Компания сел ташкындарынын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун Катран, Кыштут, Кулундин айыл округдарында генераторлорду жана цемент сатып алууга материалдык жардам бөлүп берген.
  • Компания «Мен бийчи» заманбап бийлеринин эл аралык фестивалынын демөөрчүсү болгон.

Чын куран 2012

  • Баткен облусунун абоненттери үчүн «Айгүлү» тарифтик планы ишке киргизилген.
  • «Чыгыш-5» кичирайонунда жаңы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Жалган куран 2012

  • Лоялдуулук программасынын алкагында MegaCom компаниясы «Mega БОНУС» бонустук программасын ишке киргизген.
  • «Толкун» жаңы тарифтик планы ишке киргизилген.

Бирдин айы 2012

  • УАС ардагерлерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында компания 1 000 000 сом бөлүп берген.

Үчтүн айы 2012

  • MegaCom компаниясы 3G тармагын коммерциялык түрдө ишке киргизген.
  • Активдүү интернет-пайдалануучулар үчүн интернет-топтомдор ишке киргизилген.
  • «IP байланыш» кызматынын алкагында Орусияга чалуу наркы төмөндөтүлүп, Казакстан жана Өзбекстан багыттары кошулган.

2011-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бештин айы 2011

  • Интернеттин активдүү пайдалануучулары үчүн «Ыкчам интернет» тарифтик планы ишке киргизилген.
  • «SMS2Gmail/Gmail2SMS» кызматы ишке киргизилген.
  • Токмок шаарында Сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору ачылган.

Жетинин айы 2011

  • «Жыл тандоосу 2012» фестивалынын жыйынтыгы боюнча «№1 Пайдалуу тарифтик план» болуп таанылган «Тунук» тарифтик планынын аракети ишке киргизилген.
  • Компания кыргыз эстрада жылдызы Омардын концертинин демөөрчүсү болгон.

Тогуздун айы 2011

  • УАС ардагерлерине компания 1 000 000 сом бөлүп берген.

Аяк оона 2011

  • MegaCom Кыргызстандын уюлдук операторлору арасында биринчилерден болуп «SMS2Facebook/Facebook2SMS» кызматын ишке киргизген.
  • Компаниянын колдоосу менен кыргыз таракалдык коомунун III эл аралык конгресси өттү.
  • Компаниянын колдоосу менен Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Индонезияда өткөн Азия Чемпионатында катышкан.

Баш оона 2011

  • «Номурду брондоо» кызматы ишке киргизилген.
  • «Mega Футбол» компаниянын корпоративдик социалдык долбоору башталып, анын алкагында Каракол шаарында кичи футбол аянтчасы курулган.
  • Курманжан Датка жылын өткөрүүгө кам көрүү жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата, Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында, «Айкөл Манас» эстелигин жана кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун эстелигин даярдап, орнотууга каражат бөлүнүп берилген.

Кулжа 2011

  • Абоненттерге компаниянын расмий сайты аркылуу номурду тандап алууга мүмкүнчүлүк ачылган.
  • Өзгөн шаарында Сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору ачылган.

Бугу 2011

  • Угуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген абоненттерге мобилдик байланыш кызматтарынан пайдаланууга шарт түзүү максатында MegaCom компаниясы «Визуалдык» уникалдуу тарифтик опциясын ишке киргизген.
  • Балдарды коргоо күнүнө карата колдоого алынган балдар үйлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлгөн.
  • Компания Бишкек шаарындагы велосезондун ачылышына көмөк көрсөттү.
  • Компания Күн-Чыгыш айыл округунун Бөкөнбаев айылында спорт комплекс курууга каражат бөлүп берген.

Чын куран 2011

  • «SMS-баарлашуу» жаңы тарифтик опциясы ишке киргизилген.
  • «Чалуулардын дарегин жаңыртууга тыюу салуу» жана «USSD-меню» кызматтары ишке киргизилген.
  • Бишкек шаарындагы «Дордой» базарында жаңы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору ачылган.
  • MegaCom компаниясынын колдоосу менен «Джаз-Бишкек-Жаз» эл аралык джаз фестивалы А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн.

Жалган куран 2011

  • MegaCom Нарын шаарындагы «Нарын-Келечек» шаардык муниципалдык наабайканасын курууга каражат бөлүп берген.

Бирдин айы 2011

  • Бузулган сим-картаны кайрадан калыбына келтирүү наркы 40 сомго төмөндөгөн.
  • Орусия багыты боюнча «IP-байланыш» кызматы ишке киргизилген.
  • Кара-Суу шаарында жаңы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору ачылган.
  • Ар бир кварталда өткөрүлүүчү кайрымдуулук акциясынын алкагында УАС ардагерлеринин коомдук бирикмелерине 540 000 сом бөлүнгөн.

2010-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бештин айы 2010

  • Токмок шаарында MegaCom тейлөө Борбору ачылды.
  • MegaCom компаниясы «Супер-Инфо» жалпы республикалык басылмасынын сурамжылоосунун негизинде «Жылдын мыкты өнөктөшү» сыймыктуу наамына ээ болду.
  • MegaCom республика боюнча компаниянын тейлөө Борборлорунда Nokia маркасындагы телефондорду сатыкка чыгарды.
  • MegaCom компаниясы тармактын камтуу аймагын кеңейтип келет. Республика боюнча компаниянын 1070 базалык станциясы курулду.

Жетинин айы 2010

  • Баткен, Жалал-Абад, Талас шаарларында Аймактык өкүлчүлүктөр ачылды. Эми, MegaCom кеңселери өлкөнүн бардык аймактарында өз абоненттерин тейлеп келет.
  • MegaCom компаниясы «Маалымат технологиялар форумуна» Башкы өнөктөш болду.
  • MegaCom Эл аралык Ишкерлер Кеңешине мүчө болду.

Тогуздун айы 2010

  • 2010-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча MegaCom компаниясы ири телекоммуникациялык компаниялардын ичинен биринчи орунду ээледи.
  • MegaCom Кыргызстандын ШТК Лигасынын оюндарынын 16-сезонуна Башкы демөөрчү болду.

Аяк оона 2010

  • Компания өкүлдөрү Казакстан Республикасынын Алматы шаарында болуп өткөн «Digital Communications Event 2010» эл аралык конференциясына катышты.
  • Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Аймактык өкүлчүлүк ачылды.
  • Компания кызматкерлеринин саны 900 адамдан ашты.

Баш оона 2010

  • MegaCom компаниясынын абоненттеринин саны 2 миллиондон ашты.
  • Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында абоненттерди тейлөө Борбору ачылды

Теке 2010

  • Нарын облусунун Нарын шаарында Аймактык өкүлчүлүк ачылды.
  • Ош облусунун Ош шаарында экинчи тейлөө Борбору ачылды
  • MegaCom камтуу аймагын кеңейтип келет. Компания – базалык станциялардын саны боюнча уюлдук операторлордун алдыңкы катарында.
  • MegaCom Кыргызстандын операторлорунун ичинен алгачкы болуп , www.twitter.com тутумунда SMS-билдирүүлөрдү кабыл алып жана жөнөтүүнү шарттаган бирден-бир компания. Компания демилгеси аркылуу аталган тутумга кирген өлкөлөрдүн тизмесин Кыргызстан толуктады.
  • MegaCom Интернетти колдонууга ыңгайлуу жетки бере турган, көп режимдүү USB-модемин сатыкка чыгарды.

Кулжа 2010

  • MegaCom Ош аймагында болуп өткөн окуялардан жабыркаган жердештерибизге жардам көрсөтүү максатында «Түштүк жергесине чогуу жардам берели!» жалпы жарандык кайрымдуулук акциясын демилгеледи.

Бугу 2010

  • Компания мекенибиздин спорт тармагына бараандуу салымын кошуп келген 2009-жылдын мыкты спорттук ишканасы болуп табылды.

Чын куран 2010

  • MegaCom роуминг – өнөктөштөрүнүн саны боюнча Кыргызстандын операторлорунун көч башында

Жалган куран 2010

  • «Бардыгы кошулган» жаңы тарифтик план ишке киргизилди

Бирдин айы 2010

  • Абоненттердин лоялдуулугунун автоматташтырылган программасы кеңейтилди – жаңы тарифтик опция киргизилди.

Үчтүн айы - Аяк оона 2010

  • GPRS/EDGE сервистеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5 эсе жогорулады

2009-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бештин айы 2009

  • «Beta Stores-2» соода комплексинде жаңы тейлөө Борбору ачылды.
  • Компаниянын кызматкерлеринин саны 700дөн ашты.

Жетинин айы 2009

  • MegaCom компаниянын 200-жылдын ISO 9001 версиясындагы эл аралык стандарттардын талаптарына шайкештигин далилдеди.
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылы жана Ош облусунун Өзгөн районундагы Чангет айылы жайгашкан аймактарга базалык станциялар орнотулуп аталган калктуу конуштар байланыш менен камсыз болду.
  • Компания кызматкерлери «КМШ мейкиндигин байланыштыралы» эл аралык саммитине катышты

Аяк оона 2009

  • « 2009-жылдын мыкты уюлдук оператору» аталмасы боюнча улуттук сынактын жеңүүчүсү.

Кулжа 2009

  • MegaCom биринчилерден болуп GPRS-роумингди ишке киргизди.

Чын куран 2009

  • MegaCom уюлдук тармагынын ишмердүүлүгүнүн үч жылдыгына карата Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» дүрдүйнө дүкөнүндө абоненттерди тейлөө борбору ачылды.

Жалган куран 2009

  • MegaCom жеке брендинин алдында кыргыз тилиндеги менюсу болгон телефондорду сатыкка чыгарды ( Транспорт жана коммуникация министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган ).

2008-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетинин айы 2008

  • MegaCom сапаттык менеджмент тутумунун тастыктоосунан өтүп, «Евро-Регистр» тастыктоо тутумундагы ISO 9000 эл аралык сапаттык стандарттардын талаптарына шайкештигин далилдеген алгачкы уюлдук оператор болуп табылды.

Аяк оона 2008

  • MegaCom Кыргызстанда биринчилерден болуп жеке абоненттери үчүн лоялдуулук программасын киргизди. Компаниянын туруктуу кардарлары чалууларга жеңилдиктерди ала алышат. Абоненттин компаниянын кызматтарынан колдонуу убактысы канчалык узак болсо жеңилдик пайызы ошончолук жогору.

Теке 2008

  • Компания кызматкерлеринин саны 50дөн ашты.

Кулжа 2008

  • EDGE маалыматтарды ыкчам берүү технологиясы жайылтыла баштады.

Үчтүн айы 2008

  • MegaCom Кыргызстандын операторлорунун ичинен алгачкылардан болуп кызматтарды тарифтөөнү АКШ долларынан улуттук валютага өткөрдү. Эми абоненттер өз ара эсептешүүнү валюта курсунун өзгөрүүсүнөн көзкарандысыз, ыңгайлуу жол менен жүргүзө башташты.

2007-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бештин айы 2007

  • Айдын башында MegaCom тармагында 500 000 абонент болгон болсо, ушул эле айда MegaCom 555 555- абоненттин кошулганын белгиледи.

Жетинин айы 2007

  • Орто Азия жана Казакстан боюнча HR-процесстерди аудит жүргүзүүгө лицензияга ээ болгон компаниялардын катарына кирген MegaCom,Казакстандын ICC Business Advisors компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында, калкты жумуш менен камсыз кылуучу мыкты компания деп табылган.

Чын куран 2007

  • GPRS базасындагы кызматтарды ишке киргизүү

Бирдин айы 2007

  • MegaCom Кыргызстандын операторлорунун ичинен алгачкы болуп кардарларды колдоо Кызматынын платформасы катары Cisco IP CC универсалдык техникалык базасын ишке киргизген.

2006-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бештин айы 2006

  • Нарында, Таласта жана Баткенде тармактын ишке киргизилиши
  • Республиканын түштүгүндө MegaCom фирмалык салондорунун ачылышы.

Жетинин айы 2006

  • MegaCom тармагына 100 000- абонент кошулду.

Аяк оона 2006

  • Ош жана Жалал-Абад шаарларында тармактын ишке киргизилиши , Ош шаарында компаниянын Түштүк филиалынын расмий ачылышы.

Баш оона 2006

  • Бишкек шаарындагы VEFA соода борборундагы абоненттерди тейлөө Борборунун ачылышы

Теке 2006

  • Ысык-Көл аймагында MegaCom тармагы кеңири кулач жайды.

Кулжа 2006

  • «СYЙYНЧY» тарифтик пландарынын бет ачары

Чын куран 2006

  • MegaCom тармагынын ишке киргизилиши, Бишкек шаарынын «Beta Stores» супермаркетинде абоненттерди тейлөө алгачкы борборунун ачылышы.
  • Кардарларды колдоо кызматы өз ишин баштады

Жалган куран 2006

  • MegaCom тармагын пайдаланууга берип, сыноодон өткөрүү

2005-жыл[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кулжа 2005

  • MegaCom телекоммуникациялык тармагынын пайдубалын түптөө.

Бирдин айы 2005

  • MegaCom телекоммуникациялык тармагынын курулушуна даярдык көрүү.

MegaCom уюлдук операторунун сапат жаатындагы саясаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул шилтеме аркылуу уюлдук оператордун сапат жаатындагы саясаты менен тааныша аласыз https://www.megacom.kg/pages/politika-v-oblasti-kachestva

Кенен маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • www.megacom.kg