Википедия

Википедия дан
Википедия

Википедиянын логотиби ― жазуу тутумдарынын глифтерин чагылдырган глобус.
Англисче Уикипедиянын башкы барагы
URL: https://www.wikipedia.org
Урааны Ар ким оңдой ала турган эркин энциклопедия
Коммерциялыкпы? жок
Сайттын түрү Интернет энциклопедия
Катталуу Милдеттүү эмес.[notes 1]
Жеткиликтүү тилдер 287 тилде
Колдонуучулары (2015 июнь) 71,049 жигердүү редактор.[1]l[notes 2] Түзүлгөн эсептердин жалпы саны - 26,014,271
Мазмундун лицензиясы Creative Commons licenses CC Attribution / Share-Alike]] 3.0 Тексттердин көбү дагы GFDL лицензиясында; медиа лицензиялар ар түрдүү.
Ээси Wikimedia Foundation
Түзгөн Уэйлс, Жимми, Ларри Сэнгер[2]
Ачылган күнү 2001-жылы 15-январь
Alexa ранкинги 7[3] (August 2015)
Азыркы абалы иштейт

Википедия (англ. Wikipedia, [ˌwɪkɪˈpiːdɪə] деп окулат) ― Викимедиа фондунун көп тилдүү, эркин лицензиянган жана вики принцибинде ыктыярчылар тарабынан жазылуучу интернет энциклопедиясы[4]. Маалыматтардын көлөмү жана тематикалык ар түрдүүлүгү боюнча адамзат тарыхындагы эң көлөмдүү энциклопедия болуп эсептелип, дүйнөдөгү эң көп окулуучу сайттардын ондугуна кирет[3][5][6].

Википедия 2001-жылдын 15-январында Жимми Уэйлс жана Ларри Сэнгер тарабынан ишке киргизилген. Аталышы «wiki» (гавай тилинен «ылдам») жана «encyclopedia» (англис тилинен «энциклопедия») сөздөрүнүн айкалышынан түзүлгөн[7][8].

Бүгүнкү күндө англис тилдүү Википедия 335 тилдеги Википедиянын арасынан 6,7 миллиондон ашуун макаласы менен өзгөчөлөнөт[9].

2014-жылдын ноябрь айына карата, Википедияга жалпысынан 19 миллион колдонуучу катталган[10]. Булардын 69 миңи жигердүү салым кошуучулар[11].

Тарыхы

Википедиянын негиздөөчүлөрү красудсорсинг онлайн энциклопедия менен алектенгендердин биринчилери эмес. Бирок, дүйнө масштабындагы ийгиликке жетишкендердин биринчилери. Википедия 2001-жылы пайда болушуна чейин сыяктуу максаттарды көздөгөн 7 долбоор болгон:

  • Interpedia (1993–1994-жылдары);
  • The Distributed Encyclopedia (1997–1998-жылдары);
  • Everything 2 (1998–азыркы күнгө чейин);
  • h2g2 (1999-азыркы күнгө чейин);
  • The Info Network (2000–2003-жылдары);
  • Nupedia (2000–2003-жылдары);
  • GNUpedia (2001-жылы негизделген, кийин Нупедияга кошулуп кеткен)[12].

2000-жылы, Жимми Уэйлс ― Bomis компаниясынын башкы мүдүрү катары, философия докторун ― Лэрри Сэнгерди, Нупедиянын өз долбоорунун командасына башкы редактор катары кабыл алат. Ал долбоор (англ. Nupedia) болгон ― англис тилдүү онлайн энциклопедиясы. Википедиядай мазмуну эркин лицензияланган. Ал үчүн «GNU General Public License» лицензиясын колдогон. Айтмакчы, GNU долбоорунун, ал алкагында пайда болгон ― GNUpedia жана эркин програмдык камсыздоо фондунун (англ. FSF) негиздөөчүнүн ― Ричирад Столлмандын таасири менен айтылган лицензияга өтүшкөн.

Нупедиянын логотиби

Нупедиянын макалалары өз тармагындагы адистери тарабынан ыктыярдуу жазылчу. Макала жарыялангандан мурун Сэнгер иштеп чыккан текшерүү процедурасынан өткөн. Макалаларды рецензиялоо үчүн академиялык билими барларды тартышкан (көпчүлүгүндө философия жана медицина боюнча доктордук даражасы болгон). 2001-жылдын сентябрына карата Нупедияда 12 эле макала жарыяланган болчу. Жай жылыштарга кабатыр болуп 2001-жылдын 10-январында Сэнгер Нупедия үчүн макалаларды жаратууну тездетиш үчүн вики-сайтты ачууну сунуштайт. Сайтка «Википедия» аталышын коёт. «Вики» – вики технологиясындагы сайтты билдирет, экинчи бөлүгү «энциклопедия» сөзүнүн «педия» бөлүгүнөн алынган. Ошентип, 15-январында Википедия Нупедиянын кошумча долбоору катары ойлонуп ишин баштайт («wikipedia.com» доменинде кийин «wikipedia.org» доменине көчүрүлөт).

Каалагандар Википедия үчүн макалаларды жазып кийин алар Нупедиянын текшерүү процедурасынан өтүшү керек эле. Бирок, Нупедиянын консультациялык кеңешмеси андай идеяны күлкүлүү деп кабыл алган жок. Жыйынтыгында, Википедия өзүнчө долбоор болуп кеткен.

2001-жылдын 12-февралында жаңы долбоордун миң макаласы жазылган, сентябрга 10 миң. Долбоор бат өсүп жаткан. Алгачкы редакторлор Нупедия, Slashdot жана издөө тутумунун индексациясы аркылуу келишкен.

Жогоруда белгиленген Ричард Столлман ― 2001-жылы Википедия принциптерине жакын жана бир кезде ишин баштаган GNUpedia долбоорунун токтотту (Нупедия менен бириктирип)[13]. Википедиянын ийгилигин көрүп аны колдоду: «…Эми энциклопедия долбоору Википедия Нупедиянын философиясын кабыл алды жана андан да ары кетти. Ал сайтка кирип жана анын өнүгүүсүнө салымыңызды кошууну сунуштайбыз»[14].

Википедиянын ишке киришине эки ай толуп анын биринчи тил бөлүмү ачылат ― deutsche.wikipedia.com (немис тилинде)[15]. Бир нече сааттан кийин ― catalan.wikipedia.com (каталан тилинде). Бул көрүнүш улана берген. 2001-жылдын 28-сентябрында бардык негизги тилдерде жайылуусун, негизги стандарттарды белгилөө жана жаңы викилер үчүн негизги барактарды (мисалы катары GNU лицензиясы келтирилген) которууга умтулуу жөнүндө колдонуучуларды кабарлашкан[16]. Ошентип, ушул кезден Википедиянын көп тилдүүлүккө берилгендигин айтканга болот. Википедиянын кыска мөөнөттөгү чоң ийгиликке жетишин, жарыяланган кабарлоодогу кыска үзүндү белгилейт: «Дат прессасынын макалаларына жооп катары, биз Дат Википедиясын түздүк».

Башынан эле Bomis компаниясы Википедияны коммерциялык ийгиликтүү долбоор катары көрчү. 2002-жылы Википедияга жарнама орношу мүмкүнчүлүн жарыялашкан. Белгилеп кетсек Bomis компаниясы кыйынчылыктарды тартып, Википедиянын негиздөөчүлөрдүн бири жана башкы жетекчиси ― Сэнгер ал кезде акы албай калган. 1-мартта ушул себептен жана долбоордун ишмердүүлүгүндө болгон көйгөйлөр үчүн долбоордон кеткен. Анын кетиши менен Нупедия долбоорунун өнүгүүсү токтогон (2003-жылы 24 макаланы камтыган мазмуну Википедияга көчүрүлгөн).

Википедиянын коммерциялаштырууга жамаат каршы болгон. Ушул жылдын февралында Испан Википедиясынын жамааты коммерциялык жарнама болушуна кабадыр болуп жана алардын долбоорунда көзөмөл жоктугу үчүн Enciclipedia Libre түзүү үчүн Википедия менен ажырашкан. Кийин, Уэйлс Википедия жарнама киргизбешин жарыялап, «wikipedia.com» доменин «wikipedia.org» доменине өзгөрткөн. Ошентип, Википедия интерфейсине жарнама киргизүүдөн баш тартышкан.

2003-жылы Википедияны каржылоо максатында Викимедия фонду түзүлүп, менчигине өткөрүлгөн.

Тактыгы

1869-жылдан бери чыгып жаткан, илимий чөйрөдө өтө белгилүү англиялык Nature журналы, Википедияга киргизилген маалыматтардын тактыгын далилдөө максаты менен 2005-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Изилдөөдө Уикипедиядан алынган 42 макала менен Британника эңциклопедиясындагы (англ. Encyclopaedia Britannica) илимий макала салыштырылган.[17] Натыйжада Википедиянын тактыгы кеңирилик менен тууралыгы боюнча деңгээли алдыңкы орунда турган кадыр-барктуу энциклопедиядан кем калышпай турганы маалым болгон.

Сын

Ошол эле учурда Википедияда жаңылыштыктар көп кетирилип, көп учурда “чындык, жарым-жартылай чындык менен бирге калптарга”[18] да орун бериле тургандыгын, ошондой эле маалыматтарды каалагандай жарыялай берүүгө мүмкүн экендигин[19] сынга алынып келет.

Википедиягагы макалаларда текшерилбеген айрым маалыматтар орун алгандыктан, Википедиянын бейтарап саясатына шек келтирген сындар айтылат.

Википедияга колдонуучу катары катталгандар да, катталбагандар да салым кошуу укугуна ээ. Жаңы түзүлгөн же оңдолгон макалада текстке тиешеси жок маалымат же идеологиялык жактан туура эмес ой айтылса да дароо сакталат. Бирок салттуу энциклопедиялардан айырмаланган Уикипедиядагы маалыматтар оңдолуп турат.[20]

Чектөөлөр

Википедиянын англис тилинде же башка бөлүмдөрүндө макала түзүү мүмкүндүгү чектелет. Мисалы, катталган колдонуучу гана жаңы макала түзөт.[21] Кылдаттыкты талап кылуучу макалаларды түзүүгө же оңдоого жарым-жартылай тыюу салынат.[22] Айрым макалаларды аймактык администратор гана оңдоо укугуна ээ.[23] Уикипедиянын «Түзөтүү тарыхы» функциясынын жардамы менен буга чейинки өзгөртүүлөрдү көрүүгө болот. Бул функция макаладагы каталарды оңдоп, андан кийинки өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөөгө жардам берет.[24] Уикипедиянын колдонуучулары «Талкуу» функциясы аркылуу түзүлүп жаткан макалага тиешелүү маселелерди талкуулай алышат.

Туруктуу колдонуучулар «Көзөмөл тизмеси» аркылуу кызыктуу деп эсептеген макалаларды белгилеп алып, бул макаладагы толуктоолор же түзөтүүлөр жөнүндө кабардар болуп турушат.

Бот деп аталган компьютердик программа макаланын тактыгы менен тууралыгына шек келтирген маалыматтарды өчүрүп турат. Бул программа жалпы стилистикалык каталарды оңдоп, статистикалык маалыматтарга таянган стандарттуу форматтагы макалаларды жаратууга көмөкчү болот.

Вандализм

Википедиядагы вандализм – интернет энциклопедиясынын бүтүндүгүн жана тууралыгын бузуу аракеттери. Цензурага алынган сөздөр менен бирөөнүн намысына шек келтирүү вандализмдин кеңири таралган түрү.

Википедиянын казынасындагы макалаларда жеке кызыкчылыгын таанытуу максаты менен бир нерсени жарыялоого, рекламалоого тыюу салынат.[25]

Википедиянын айрым беттерин толугу менен өчүрүү, чындыкка туура келбеген маалымат берүү, темага тиешеси жок ашыкча маалыматтарды кошумчалоо дагы вандализмдин түрлөрү. Чын-жалган аралаш маалыматты улам жаңыланып турган макалалардын арасынан тез ажыратып табуу дээрлик мүмкүн эмес.[26] Бул себептен вандализмге учураган айрым барактар көпкө чейин өзгөртүлбөй калышы мүмкүн.[27]

Википедиядагы вандализм менен «жараланган» беттерди таап чыгууга бир нече гана мүнөт кетсе дагы, кээ бир беттерди калыбына келтирүү үчүн бир топ убакыт талап кылынат.[28] [29]

Вандализмге учураган Уикипедиянын айрым беттерине өтүүгө чек коюлуп калышы мүмкүн.

2005-жылдын май айында Жон Лоуренс Сайгенталер аттуу америкалык журналист, жазуучу жана саясий ишмердин өмүр баянын белгисиз колдонуучу вандалдык кылып бузган. Аты-жөнү белгисиз түзөтүүчү Сайгенталерди Жон Ф. Кеннединин өлүмүнө тиешеси бар деп көрсөткөн.[30] Википедиянын чөйрөсүндө бул жалааны төрт ай бою эч ким оңдогон эмес.[31] Жон Сайгенталер - «USA Today» аттуу күнүгө чыгуучу АКШнын эң биринчи жалпы улуттук гезитинин баш редактору жана Вандербильт университетинин алдында уюштурулган. Эркиндик форумунун (Freedom Forum) түзүүчүсү болгон.

Жон Сайгенталер Википедиянын жетекчиси Жимми Уэйлске кайрылып, өмүр баянына олуттуу жалаа киргизген ким экендигин сурайт. Жимми Уэйлс бул ишке жооптуу адам ким экенин билбей тургандыгын, тактоо керектигин билдирет.[32][33] Болуп өткөн окуядан кийин Сайгенталер Википедияны «жарабаган жана жоопкерчиликти билбеген изилдөө куралы» деп атайт.[34] Бул окуядан кийин Википедияда тирүү инсандардын өмүр баянын камтыган макалаларга олуттуу текшерүү талап кылына баштайт.[35]

Уикипедиянын маданияттагы орду

Википедиянын казынасы илимий изилдөөлөрдө, китептерде, конференцияларда жана сот иштеринде булак катары пайдаланылат.[36] [37][38]Мисалы, Канада Парламентинин расмий сайты салттык эмес үй-бүлөлөр жөнүндөгү (Civil Marriage Act) мыйзамына мисал катары Уикипедияга шилтеме берет.[39] АКШнын Федералдык соту менен Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму (World Intellectual Property Organization) көп учурда Уикипедияны кошумча булак катары көрсөтөт.[40] АКШнын чалгындоочу мекемеси айрым билдирүүдөрүндө Уикипедияга шилтеме берет. 2013-жылы Венгриялык окумуштуулар Уикипедия аркылуу прокатка чыга элек кинотасмалардын ийгилигин алдын-ала белгилөөгө мүмкүн экенин далилдешти.

Википедия журналистикада

Журналистикада Википедияны булак катары пайдаланган учурлар көп кездешет.[41][42] Википедиядагы маалыматтардан плагиат кылгандыгы үчүн бир нече журналист жумуштан кетирилген.[43] [44][45]2007 – жылдын июль айында Википедияга арналган 30 мүнөттүк документалдык тасма тартылган (BBC Radio 4). Тасмада “Википедия” термини - Google, Facebook, YouTube сыяктуу дүйнөнүн эң таанымал терминдеринин бирине айланганы жөнүндө сөз болот. Стивен Колберт аттуу америкалык куудул жана диктор The Colbert Report деген телеберүүсүндө Уикипедияны тамашаларына көп катыштырган. Стивен Колберт «wikiality» деген термин ойлоп тапкан.

Негизги принциптер жана эрежелер

Википедия кадимки кагаз энциклопедия, сөздүк, жаңы идеяны таратуучу платформа, трибуна, арыздар жана сунуштар китеби, файлдар архиви же шилтемелер каталогу, блог, социалдык желе, маалыматтардын башаламан жыйындысы эмес.

Википедия – бул жогорку сапаттуу энциклопедияны түзүү максатында бирин-бири урматтоо көз караш тутунган, өз ыктыярдуулар коому негиздеген онланй энциклопедия.

Википедияга салым кошуу эрежелери

  1. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named WikiStat
  2. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named Sidener
  3. 3.0 3.1 Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named Alexa siteinfo
  4. Alec Fisher (September 22, 2011). Critical Thinking: An Introduction. Cambridge University Press. pp. 199–200. ISBN 978-1-107-40198-3.
  5. Bill Tancer (May 1, 2007). "Look Who's Using Wikipedia". Time. Retrieved December 1, 2007. "The sheer volume of content [...] is partly responsible for the site's dominance as an online reference. When compared to the top 3,200 educational reference sites in the US, Wikipedia is No. 1, capturing 24.3% of all visits to the category". Cf Bill Tancer (Global Manager, Hitwise), "Wikipedia, Search and School Homework", Hitwise, March 1, 2007.
  6. "comScore MMX Ranks Top 50 US Web Properties for August 2012". comScore. September 12, 2012. Retrieved February 6, 2013.
  7. Sidener, Jonathan (October 9, 2006). "Wikipedia family feud rooted in San Diego". The San Diego Union-Tribune. Retrieved May 5, 2009.
  8. Mike Miliard (March 1, 2008). "Wikipediots: Who Are These Devoted, Even Obsessive Contributors to Wikipedia?". Salt Lake City Weekly. Retrieved December 18, 2008.
  9. "Wikipedia cofounder Jimmy Wales on 60 Minutes". CBS News. Retrieved 2015-04-06.
  10. Jemielniak, Dariusz (2014). Common Knowledge?: An Ethnography of Wikipedia. Stanford University Press. p. 4.
  11. "Wikipedia Statistics – Tables – Active wikipedians". Stats.wikimedia.org. Retrieved July 4, 2013.
  12. The contribution conundrum: Why did Wikipedia succeed while other encyclopedias failed?
  13. https://slashdot.org/comments.pl?sid=9990&threshold=1&commentsort=0&mode=thread&cid=502603
  14. The Free Encyclopedia Project
  15. Википедиянын альтернативдик тили. Тизмелер. Викимедия (15 март 2001-жылы).
  16. Wikipedia: Milestones 2001
  17. Jim Giles (December 2005). "Internet encyclopedias go head to head". Nature 438 (7070): 900–901. Bibcode:2005Natur.438..900G. doi:10.1038/438900a. PMID 16355180.(subscription required) Note: The study (that was not in itself peer reviewed[citation needed]) was cited in several news articles; e.g.: "Wikipedia survives research test". BBC News. December 15, 2005.
  18. Black, Edwin (April 19, 2010) Wikipedia—The Dumbing Down of World Knowledge, History News Network Retrieved October 21, 2014
  19. J. Petrilli , Michael (SPRING 2008/Vol.8, No.2) Wikipedia or Wickedpedia?, Education Next Retrieved October 22, 2014
  20. Zittrain, Jonathan (2008). The Future of the Internet and How to Stop It – Chapter 6: The Lessons of Wikipedia. Yale University Press. ISBN 978-0-300-12487-3. Retrieved December 26, 2008.
  21. Registration notes
  22. English Wikipedia's semi-protection policy
  23. English Wikipedia's full protection policy
  24. Wikipedia:New pages patrol
  25. Link spamming Wikipedia for profit (2011)
  26. Vandalism. Wikipedia. Retrieved November 6, 2012.
  27. Seigenthaler, John (November 29, 2005). "A False Wikipedia 'biography'". USA Today. Retrieved December 26, 2008.
  28. Fernanda B. Viégas, Martin Wattenberg, and Kushal Dave (2004). "Studying Cooperation and Conflict between Authors with History Flow Visualizations" (PDF). Proceedings of the ACM Conference on Human Factors in Computing Systems (CHI) (Vienna, Austria: ACM SIGCHI): 575–582. doi:10.1145/985921.985953. ISBN 1-58113-702-8. Retrieved January 24, 2007.
  29. Reid Priedhorsky, Jilin Chen, Shyong (Tony) K. Lam, Katherine Panciera, Loren Terveen, and John Riedl (GroupLens Research, Department of Computer Science and Engineering, University of Minnesota) (November 4, 2007). "Creating, Destroying, and Restoring Value in Wikipedia" (PDF). Association for Computing Machinery GROUP '07 conference proceedings (Sanibel Island, Florida). Retrieved October 13, 2007.
  30. Seigenthaler, John (November 29, 2005). "A False Wikipedia 'biography'". USA Today. Retrieved December 26, 2008.
  31. Seigenthaler, John (November 29, 2005). "A False Wikipedia 'biography'". USA Today. Retrieved December 26, 2008.
  32. Friedman, Thomas L. (2007). The World is Flat. Farrar, Straus & Giroux. p. 124. ISBN 978-0-374-29278-2.
  33. Buchanan, Brian J. (November 17, 2006). "Founder shares cautionary tale of libel in cyberspace". archive.firstamendmentcenter.org. Archived from the original on December 21, 2012. Retrieved November 17, 2012.
  34. Seigenthaler, John (November 29, 2005). "A False Wikipedia 'biography'". USA Today. Retrieved December 26, 2008.
  35. Helm, Burt (December 13, 2005). "Wikipedia: "A Work in Progress"". BusinessWeek. Retrieved July 26, 2012.
  36. [Wikipedia:Wikipedia_in_the_media "Wikipedia:Wikipedia in the media"]. Wikipedia. Retrieved December 26, 2008.
  37. "Bourgeois et al. v. Peters et al." (PDF). Retrieved February 6, 2007.
  38. "Wikipedian Justice" (PDF). Retrieved June 9, 2009.
  39. "LEGISinfo – House Government Bill C-38 (38–1)". Retrieved September 9, 2014.
  40. Cohen, Noam (January 29, 2007). "Courts Turn to Wikipedia, but Selectively". The New York Times. Retrieved December 26, 2008.
  41. Shaw, Donna (February–March 2008). "Wikipedia in the Newsroom". American Journalism Review. Retrieved February 11, 2008.
  42. Lexington (September 24, 2011). "Classlessness in America: The uses and abuses of an enduring myth". The Economist. Retrieved September 27, 2011. "Socialist Labour Party of America [...] though it can trace its history as far back as 1876, when it was known as the Workingmen's Party, no less an authority than Wikipedia pronounces it "moribund".
  43. "Shizuoka newspaper plagiarized Wikipedia article". Japan News Review. July 5, 2007.
  44. "Express-News staffer resigns after plagiarism in column is discovered" at the Wayback Machine (archived October 15, 2007), San Antonio Express-News, January 9, 2007.
  45. Frank Bridgewater. "Inquiry prompts reporter's dismissal". Honolulu Star-Bulletin. Retrieved September 9, 2014.


Цитатанын катасы: <ref> tags exist for a group named "notes", but no corresponding <references group="notes"/> tag was found