Ай

Wikipedia дан
Ай
Moon merged small.jpg
'Жалпы маалымат1
Экваториалдык радиусу 1738,14 км
Бетинин аянты (S) 3,793×107 км²
Көлөмү (V) 2,1958×1010 км³
Массасы (m) 7,3477×1022 кг
Орточо тыгыздыгы (ρ) 3346,4 кг/м³
Күндү айлануу убактысы 29,530588 күн

Ай — Жердин жалгыз табигый жандоочусу, Жерге жакын жайгашкан асман телосу. Асманда жарыгы боюнча Күндөн кийинки экинчи объект. Жер менен Айдын аралыгы 384 467 км.

Айдын массасы Жердикине салыштырганда 81,3 эсе кичине, радиусу 1738 км, Жерден орточо аралыгы 384400 км, перигейде 21000 км, апогейде ошончо өлчөмгө чоң. Айдын бетиндеги эркин түшүү ылдамдануусу Жердикинен 6 эсе аз болуп, g=163 см/сек2 жана андагы параболалык ылдамдык 2,38 км/секга барабар. Ай өзүнөн жарык чыгарбайт. Ал жарыкты Күндөн алат да, Жердин айлануу учурунда фазада болуп өтөт.

Айдын Жерди айлануу мезгили өз огунда айлануу мезгилине барабар болгондуктан, дайыма анын берки бети көрүнүп, аркы бети көрүнбөйт. Аркы бетинин эки жаккы четтеринин бир аз бөлүктөрү алмак-салмак көрүнүп турат. Айдын аркы бетинин картасы жана биринчи Ай глобусу 20-кылымда эле советтик астрономдор тарабынан түзүлгөн. 1959-ж. советтик “Луна-3” автоматтык планета аралык станциясы Айдын аркы бетин сүрөткө тарткан. Бул космос мейкиндигинен алынган биринчи телефотография болуп эсептелет. 1969-ж. космонавттар Н. Армстронг менен Э. Олдрин Айдын бетине конуп, биринчи кадамдарды жасашкан.

Ай деңиздери – Айдын бетинин күңүрт тарткан аймагынын аты. Ал Айдан орточо деңгээлинен төмөн жайгашкан, топурагынын теги Жердин базальтына окшош. Ай деңиздери Айдын бетинин 16%ин ээлейт, жашы 3–4,5 млрд. жылга барабар.

Айдын айлануусы – Айдын өз огунда айлануусу. Ал Жерди айланып чыгуу мезгилинин 27,32 жер суткасын түзүп, эки кыймылда болгондуктан анын бир жарым шары дайыма Жер тарапты карайт. Ал Айдын көрүнгөн жарым шары деп аталат.

Айдын альбедосу – Айдын түшкөн жарык нурун чагылдыруу жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү чоңдук. Айдын бетинин чагылдыруусу 7%ти түзүп, көк түстөгү нурга караганда кызыл түстөгү нурду көбүрөөк чагылдырат,к. Альбедо.

Айдын атмосферасы – Айдын бетинин орточо температурасы 130°Сге жете ысыйт, жеңил газ молекулалары 2,4 км/сек ылдамдыкка жетет жана Айдын бетиндеги биринчи космостук ылдамдык 1,68 км/секга барабар. Айда Жердеги сыяктуу атм-ра, суу жана шамал болбойт, анын бетинде метеориттердин жана жанар тоолордун издери жакшы сакталган.

Айдын бетинин температурасы – күндүзү өтө жогорулап экваторунда чак түштө + 177°Сге жетет, түнкүсүн өтө суук тартып – 153°Сден – 173°Сге чейин төмөндөйт.

Айдын галосу – Айдын дискасынын аймагынан же ага жакыныраак жерден байкалган тегерек же тоо формасындагы жаркыраган жарык. Ал абадагы майда муз кристаллдарынан Күн нуру чагылганда жана сынганда пайда болот.

Айдын глобусу – бетине ай координатасынын торчолору, экватору, меридиандары жана Айдагы кратерлер, деңиздер, тоочолор, ойдуңдар ж. б. тартылган шар. Глобустун огу Айдын айлануу огу менен дал келип, жогору жагы түндүк, төмөн жагы түштүк уюлу делет. Анын селенографиялык кеңдиги ай экваторунан эсептелип, мааниси түндүк уюлду көздөй оң, түштүк уюлду көздөй терс болот да, b тамгасы менен белгиленет. Экинчи координаты – селенографиялык узундук, эсептөөнүн башталышы Местинг А кратерине жакын жерден башталат да, l тамгасы менен белгиленет. Мисалы, Тынчтык деңизинин координаталары b =0,7°; l=23,5°.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов

Ай панорамасы