Глобус

Википедия дан
Глобус

Глобус-(лат. globus – шар) – жер шарынын аянттарынын өз ара катыштары менен геометриялык окшоштугу сакталып түзүлгөн модели.

Глобус – жер шарынын модели, ошондуктан жердин тышкы көрүнүшү Глобуста гана туура көрсөтүлгөн, океандардын, материктердин, мамлекеттердин жана башка географиялык объекттердин түспөлдөрү өтө так берилген. Ошондуктан окумуштуулар планетаны изилдеп үйрөнүүдө эзелтен бери глобусту пайдаланышат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

интерактивдүү (Мультитач) Глобусу

Алгачкы глобустардын бири XV кылымда немец географы Бехайм тарабынан түзүлгөн. Санкт-Петербургда XVIII кылымда академиялык жасалган эң чоң глобус бар. Анын диаметри үч метрден ашык. Глобустун ичине он эки киши батат. Глобустарды негизинен үч масштабда жасашат. Эң кичинекей глобустун масштабы: 1:83 000 000, орточо глобустун масштабы 1:50 000 000, чоң глобустун масштабы 1:30 000 000. Демек чоң глобуста жер шарынын бардык объекти 30 миллион эсе, орточо глобуста 50 млн. эсе, кичине глобуста 83 млн эсе кичирейтилип түшүрүлгөн. XVII–XVIII кылымдарда глобус деңизде сүзүүдө колдонулган, деңиз карталары менен лоциялар чыккандан тартып, глобус мектептерде окуу куралы катары пайдаланылып калды.

Асман глобусу

Белгилүү глобустар

Белгилүү глобустар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жер шары (XV кылым ) Дүйнөдөгү эң эски глобус
  • Ягеллонский глобусу Краковадагы үч эң эски глобустардын бири.
  • Глобус Блау (XVII век) —биринчи орусия музейиндеги негизги экспонат
  • Глобус мира (1982—1987) — Эң чоң айланган глобус . Анын диамери 10м, салмагы 30т.
  • Веннада глобустардын музейи бар . Бул дүйнөдөгү жалгыз глобустардын жыйналганы.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,