Уран (планета)

Википедия дан
Уран планетасы.

Уран (⛢) — Күн системасында жетинчи планета.[1]

Зор планеталарга кирет. Диаметри бонча Жерден 4 эсе чоң. Көлөмү Жердин көлөмүнөн 61 эсе, массасы жер массасынан 14,56 эсе чоң. Ортодогу тыгыздыгы 1,58 г/см³. Ал Күндөн өтө алыс жайгашкан жана 19,2 астрономиялык бирдик аралыкка жакын орбита бонча айланат.

Уран 84,015 жылда Күндү толук бир жолу айланат. Спектрдик жол менен анын планетасында молекулалуу суутектин жана метандын бар экендиги аныкталган. Уранды 1781-жылы кокусунан У.Гершель ачкан.

Урандын 27 табигый жандоочусу жана шакектер системасы бар. Эң чоң 5 жандоочусу: Миранда, Ариэль, Умбриэль, Титания & Оберон.

Урандын жандоочулары (солдон оңго: Миранда, Ариэль, Умбриэль, Титания, Оберон).

Урандын кыймылы – башка планеталардан айырмаланып өз огунда айланганда капталынан жаткандай көрүнөт. Ошондуктан 84 жылда толук бир айланып чыкса уюлундагы уюлдук күн 42 жылга, аны менен алмашкан уюлдук түн да 42 жылга созулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек. Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов
Күн тутуму
Күн  • Меркурий  • Чолпон  • Жер (Ай)  • Марс  • Юпитер  • Сатурн  • Уран  • Нептун
  1. Уран-планетанын түзүлүшү, сүрөттөлүшү, орбитасы, Бети, спутник, атмосфера