Метан

Википедия дан
Метан.

Метан саз газы, СН4 – каныккан углеводороддордун биринчи мүчөсү; түссүз, жытсыз газ, кайноо t 164,5°С; эрүү t 182,5°С; түссүз жалын чыгарып күйөт, күйүү жылуулугу 11 954 ккал/кг. Метан – табигый, нефтидеги кошумча газдын жана руда газдарынын негизги компоненти. Ал аба аз шартта органикалык заттардын чиришинен тынымсыз пайда болот. Өнөр жайында нефтини жана нефть продуктуларын термиялык иштетүүдөн, таш көмүрдү кокстоодо жана суутек кошуу менен алынат. Аба менен жарылгыч аралашма пайда кылат. Ал өнөр жайында жана турмуш тиричиликте отун, сырьё катары кеңири керектелет. Андан метилхлорид, метиленхлорид, хлороформ, формальдегид, күкүрттүү көмүртек ж. б. алынат. Ошондой эле аммиакты алууда суутектин булагы катары, спирт, альдегид, углеводороддорду синтездөөдө керектелүүчү суу газын жана ацетиленди алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]