Юпитер

Википедия дан
Юпитер ♃
Юпитер планетасы
Юпитер планетасы
Жалпы маалымат
Экваториалдык радиусу 71 492 ± 4 км
Бетинин аянты (S) 6,21796×1010 км²
Көлөмү (V) 1,43128×1015 км³
Массасы (m) 1,8986×1027 кг
Орточо тыгыздыгы (ρ) 1,326 г/см³
Оз огунун айлануу убактысы 9,925 саат
Күндү айлануу убактысы 4332,589 күн(11,86 жыл)

Юпи́тер (кыр. Каракуш, Оңой)Күн системасында бешинчи планета. Көөлөмү боюнча эң чоң планета (Күн системасында).

Юпитердин экватордук радиусу 71400 кмге, уюлунун радиусу 66900 кмге барабар. Анын уюлдарынын көбүрөөк кысылганы тартылып алынган сүрөтүнөн да көрүнүп турат. Эркин түшүүнүн ылдамдануусу g =2500 см/сек2ка барабар жана Жердикине салыштырганда 2,67 эсе чоң.

Бул планетанын өтө кысылганын анын өз огунун айланасында өтө тез айланышы менен түшүндүрүүгө болот. Анын экватордук бөлүгүндөгү айлануусу 9 с 50,6 мин жана орто кеңдигиндеги бөлүгүнүн айлануусу 9 с 55,7 минутаны түзөт.

Юпитердин экватордук жана уюлдук бөлүктөрүнүн айлануу ылдамдыктарынын түрдүүчө болушу, ал катуу тело эмес, газ же суюктук түрүндөгү тело экенин түшүндүрөт. Зор планета – Юпитердин атмосферасы негизинен суутек молекуласынан, метан (CH4) жана көп сандаган гелийден турары аныкталган.

Жер атмосферасында пайда болуучу өтө кубаттуу куюндар Юпитер атмосферасында андан да күчтүү болот. Юпитер куюнунун өзгөчөлүгү өтө туруктуу болуп, анын жашоо убактысы 100 000 жылды түзөт. Анын бетиндеги кызыл тактын болушу ушул кубулуш менен түшүндүрүлөт.
Кийинки күндөрдө өтө кубаттуу телескоптор аркылуу анын бетине байкоо жүргүзгөндө мындай тактар планетанын бетинин башка бөлүктөрүнөн да орун алгандыгы, бирок алардын өлчөмү бир кыйла кичине болору байкалган.

Күнгө чейинки аралыгы боюнча 5-орунда. Күндүн айлансында 5,203 а.б. (778 млн.км) аралыкта кыймылдайт. Орбитасынын эксцентриситети 0,048, орбита тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон жантаюусу 1,3о. Юпитер 13,06 км/сек ылдамдык менен Күндү 11,862 жылда толук айланып чыгат. Орточо синодикалык айлануу мезгили 399 сутка. Юпитер 12 жылда бүт асманды басып өтүп, Күн менен тогошкон абалында 2,6 жылдыз чоңдугундагы саргыч жылдыздай көрүнөт. Жаркырактыгы боюнча Чолпон менен Марстан кийинки планета. Юпитердин дискасы тогошуу учурунда огу 46,5ўў ж-а 43,7ўў бурчтарында көрүнгөн эллипс формасында көрүнөт. Юпитердин экватордук диаметри 142 600 кмге, полярдык диматери – 134 140 кмге барабар. Юпитердин айлануу мезгили экватордо 9 саат 50 минута 30 секунда, орточо кеңдикте – 9 саат 55 минута 40 секунда. Юпитердин көлөмү Жердин көлөмүнөн 1315 эсе, массасы 318 эсе чоң болуп, Күндүн массасынын 1:1047,39 үлүшүн түзөт. Орточо тыгыздыгы (1,33 г/см3) Күндүн орточо тыгыздыгынан көп айырмаланбайт. Юпитердин байкоого алынган бетинин атмосферасы булуттардан жана башка атмосфералык түзүлүштөрдөн туруп, күңүрт түстөгү тилкелер м-н кесилген. Юпитердин 13 жандоочусу белгилүү: I. Ио (1820; 4,9); II. Европа (1530; 5,3); III. Ганимед (2610; 4,6); IV. Каллисто (2450; 5,6); V. Амальтея (120; 13); VI. Гамалия (~80; 14,2); VII. Элара (~50; 17); VIII. Пасифея (~12; 18); IX . Синопа (~10; 18,6) ; Х. Лизифоя (~8; 18, 8); XI. Карма (~9; 18, 6); XII. Ананке (~8; 18,7); XIII. Леда (~5; 20).

Кашаада радиустар км м-н, тогошуу учурунда (1976) көрүнгөн жылдыз чоңдуктары берилген.

Юпитерге жана анын жандоочуларына байкоо жүргүзүү ар түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат. Мис., радардык ж-а инфракызыл нурунун жардамы м-н байкоолордо жандоочулардын беттери муздан жана муз-зоока аралашмасынан турары аныкталган. Америкалык «Пионер-10» (1973) жана «Пионер-11» (1974) планеталар аралык станциялары менен Юпитер жана жандоочулары ж-дөгү маалыматтар такталып толукталган. Бул станциялар Ганимед жандоочусун жакын аралыктан сүрөткө тартышып, анын бетиндеги турактуу күңүрт ж-а ачык түстөгү түзүлүштөр табылган. Ио жандоочусу атм-рага, б.а. ионосферага да ээ экени аныкталган. 1979-ж. амер. «Вояджер-1» станциясы Юпитер планетасынын бетине жакын учуп өтүп, Юпитердин айланасын майда бөлүкчөлөрдөн турган жука шакек курчап турарын жана шакектин диаметри 24300 кмге, туурасы 8700 кмге, калыңдыгы 30 кмге жакын экенин аныктаган. Юпитердин тегиздиги м-н анын биринчи 5 жандоочусунун тегиздиктеринин дал келиши, бул жандоочулар планета менен бир убакта бир эле заттын коюу абалынан пайда болгонун далилдейт. Калган жандоочулар кайсы бир доордо кичине планета (астероид) болуп, кийин Юпитердин жандоочусуна айланган деп болжолдонот. Юпитердин жана анын 4 галилейлик жандоочусунун коллажын түзүү үчүн «Вояджер-1»дин Юпитерге жакын өтүп бараткандагы учур өзүнчө сүрөткө тартылып алынган (1979-ж). Масштабы эрктүү алынган, бирок алардын салыштырмалуу абалдары төмөнкүдөй: Ио (жогорку сол жактагы), Европа (ортодогу), Ганимед (төмөнкү сол жактагы) жана Каллисто (төмөнкү оң жактагы). Калган 12 жандоочусунун кыйла майдаларынын төртөө Ионун орбитасынын ичинде ал эми калгандары планетадан бир нече млн. километр аралыктарда айланышат (сүрөттү караңыз).

Юпитердин ак тагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

туурасы 16 000 кмге жакын аралыкты ээлеген куюн сымал структуралуу түзүлүш. Биринчи жолу «Пионер-10» космос аппараты м-н ачылган. Түзүлүштүн жаратылышы азыркыга чейин толук аныктала элек.

Юпитердин чоң кызыл тагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Юпитердин булуттук түзүлүштөрүндө аздыр-көптүр турактуулукка ээ түзүлүштөр жашайт. Алардын бири Чоң кызыл так. Бул түзүлүш планетанын Түш. тропикалык зонасында болжол м-н 22о кеңдикте жайгашкан. Чоң кызыл так узуну 40 000 км, туурасы 13 000 кмге жакын сүйрү форманы ээлейт. Кээде зонанын ак фонунан кызыл өң начар байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек. Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: Э. Мамбетакунов.
Күн тутуму
Күн  • Меркурий  • Чолпон  • Жер (Ай)  • Марс  • Юпитер  • Сатурн  • Уран  • Нептун