Астероид

Википедия дан
4 Веста астероидтин, кодоо планета Церера жана Айдын салыштырмасы. (20 км/пиксель).

Астероид - диаметри 1–1000 км чейин келген кичине планета, Күндүн тегерегинде эллипс орбитасы боюнча айланган космостук телолор.

Өлчөмү 1 кмден кичине өтө майда кичине планеталарды ири телескоптун жардамы менен сүрөткө тартууга болот. 1801-ж. 1-январда Пиацци биринчи жолу Астероидди ачкан. Өтө чоң астероид – Церера кичине планетасы. Анын диаметри 1003 км. Андан кийин ачылган кичине планетанын катарына диаметри 608 км болгон Паллада кирет. Орбиталарынын эксцентриситети 0,3төн кичине болгон кичине планеталар 97%ти түзөт. Азыркы убакта 2000ден ашык кичине планеталардын орбиталары так эсептелген.

Астероиддердин жандоочулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Астероиддердин жандоочулары – астероиддердин айланасында айлануучу табигый же жасалма телолор. Ири планеталардын табигый жандоочулары сыяктуу кичи планеталардын, башкача айтканда астероиддердин да табигый жандоочулары аныкталган. 1978–1980-жылдарда кытай, япон жана америкалык астрономдор Метида кичине планетасынын табигый жандоочуларын байкашкан. Кийинки кезде көп сандаган кичине планеталардын табигый жандоочулары бар экени ачылган.

Кичине асман телолорунун массаларынын салыштырмасы.

Астероиддер тобу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Астероиддер тобу – астероиддердин ичинен орбиталары бири бирине окшош кичине планеталар. Мындай топтогу астероиддер гректер жана троялыктар деп аталат. Гректерге 10, троялыктарга 5 астероид кирет, бардыгы 15. Алардын 10 астероиди (“гректер”) узундук бонча 60° алдыда, 5 астероиди (“троялыктар”) артта. Булардын кыймылы Күндүн айланасындагы Юпитердин орбитасына дал келет. Күн, Юпитер жана астероид т. 2 тең капталдуу үч бурчтукту пайда кылат.

Астериод кратерлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Астериод кратерлери – астероиддердеги чөйчөк же оюлган жер сымал чуңкурлар. Жер, Меркурий жана башка планеталар сыяктуу кээ бир кичи планеталардын (астероидтердин) беттеринен да кратерлер табылган. Д. Голт өзүнүн жардамчылары менен бирдикте Церера астероидинин бетинен астероид кратерин байкаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек