Орбита

Википедия дан
Орбита

Орби́та, чыгыр (лат. orbita —из, жол) — материалдык точканын ага таасир эткен күчтөрдүн чөйрөсүндөгү кыймыл траекториясы. Көпчүлүк учурда, бул бир асман телосунун экинчи, массасы кыйла жогору, асман телосунун гравитациялык талаасындагы траекториясы. Алар чоң жылдыздын тегерегиндеги кичине планеталар, кометалар, астероиддер. Орбита конустук кесилиш формасын түзөт (айлананын, эллипстин, параболанын же гиперболанын), анын ортосунда системанын масса борбору жайгашкан.

Орбитанын элементтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орбитанын элементтери – асман телосунун орбитасынын формасын жана өлчөмдөрүн, анын мейкиндиктеги абалын, ошондой эле ошол асман телосунун орбитадагы абалын аныктоочу алты чоңдук. Орбитанын элементтери асман телосунун кыймыл законун сүрөттөйт. Аны билүү асман телосу каалаган учурда мейкиндиктин кайсы чекитинде болорун эсептөөгө жардам берет. Орбитанын формасы жана өлчөмү орбитанын чоң жарым огу жана орбитанын эксцентриситети менен аныкталат.

  • Орбитанын (эллипстин) чоң жарым огу – Марстын орбитасынын (эллипс түрүндө) фокустары аркылуу өтүп, эллипстин эки чокусун туташтыруучу сызык.
  • Орбитанын эксцентриситети – орбитанын элементтеринин бири. Орбитанын формасы е = с/а эксцентриситети менен аныкталат, мында а – эллипстин чоң жарым огу, с – эллипстин борборунан анын фокусуна чейинки аралык. Эллипстин эксцентриситети 0дөн чоң, 1ден кичине болот. Эксцентриситет кичине сан болсо (0гө жакын), орбитанын формасы айланага чукул, ал эми чоң сан болсо (1ге жакын), кыйла сүйрү эллипс болот. Кээде эсептөөгө ыңгайлаштырылган эксцентриситет бурчу φ колдонулат. Ал формуласы менен байланышкан, мында b = cos φ – эллипстин кичине жарым огу.


Мейкиндиктеги орбитанын багыты кандайдыр бир тегиздикке салыштырмалуу аныкталат. Күн системасынын планеталары, кометалары үчүн эклиптика тегиздиги кызмат кылат. Орбитанын тегиздигинин абалы чыгуу түйүнүнүн узактыгы жана орбитанын жантайышы менен берилет. Тегиздиктеги орбитанын абалы перигелий аргументи менен аныкталат. Орбитадагы асман телосунун абалын аныктоочу алтынчы элемент – перигелий аркылуу өтүүчү учур.

Орбитанын жантайышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орбитанын жантайышы – орбиталардын тегиздигинин абалын аныктоочу орбитанын эки элементинин бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: Э. Мамбетакунов