Эклиптика

Wikipedia дан

Асман сферасы боюнча Күн кыймылда болгон эң чоң тегерек эклиптика деп аталат.

Күндүн экватордук координаталары жылдыздардан айырмаланып, тез-тез өзгөрүлүп турат. Жазгы күн-түн теңелүү абалында, б.а. 21-Мартта анын координаталары a0=0, d0=0гө барабар. Байкоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй бир жыл ичинде алар үзгүлтүксүз өзгөрүү үстүндө болот. Алсак, 22 июнда Күн эклиптика б-ча кыймылын улантып, асман экваторунан өтө эле алыстап, дүйнөнүн түн. уюлуна жакындайт да жайкы күн токтолуу абалында болуп, координаттары a0=6саат, d0=23° 27' м-н аныкталат. Күн андан аркы кыймылын асман сферасында улантуу м-н 23-сент. күзгү күн-түн теңелүү абалына жетип, координаталары a0=12саат, d0=0'ны түзөт.

Эклиптикалык тегиздик менен экватордук тегиздик 23°27 бурчу менен кесилишкендиктен, 22-дек. кышкы күн токтолуу абалы түзүлүп, координаталары a0=18саат, d0=-23°27' га барабар болот.

Жердин өз огунун айланасында айлануусунан, экватордун жана Күндүн айланасында айлануусунан эклиптикалык тегиздиктер түзүлөт. Ушул эклиптикалык тегиздик м-н экватордук тегиздиктин 23°27' бурчу менен кесилиши боюнча Күндүн көзгө көрүнгөн кыймылы түшүндүрүлөт.
Күндүн эклиптика боюнча көрүнгөн кыймылы, Жердин Күн айланасында бир жыл ичиндеги айланган чыныгы кыймылынын натыйжасы болуп саналат. Жердин Күн айланасында айланышы боюнча бир нече астрон. ж-а физ. далилдер бар.

Жылдыздын жылдык параллаксы

Астроном Коперник Күндүн көрүнгөн кыймылын, астрономиялык байкоолордун негизинде, Жердин Күн айланасында бир жылда айлануу кыймылынын натыйжасы деп корутунду чыгарган. Коперникке чейин эле 2000 жыл мурда Аристотель Күндүн көрүнгөн кыймылын жылдыздардын параллаксынын негизинде, Жердин Күн айланасында айланышынын натыйжасы деп түшүндүргөн.

Параллакс суткалык, жылдык болуп аныкталат. Кандайдыр жарык чыгаруучу нерсени Жердин борбору аркылуу караганда жана анын бетинде жаткан кандайдыр чекитинен карагандагы багыттардын айырмасы суткалык параллакс деп аталат.

Кийинчерээк Коперник 1838 –1839-ж. үч жылдыздын параллакстык жылышын аныктап, анын жыйынтыгынын негизинде Жердин Күндүн айланасында айланышынын натыйжасы экенин далилдеген.

Жер мейкиндикте Күн айланасында жалпысынан айлана боюнча кыймылдагандыктан бир жыл ичинде асман сферасында кандайдыр бир эллипсти сызат. Ал параллакстык эллипс деп аталып, жылдыз эклиптикага жакын абалда болгондо көбүрөөк кысылууга ээ болуп, ал эми жылдыз эклиптикадан алыс жайгашканда өлчөмү кичирейип, кысылышы да азаят.

Качан жылдыз эклиптиканын уюлунан орун алса, эллипс кичинекей айланага айланып, ал эми жылдыз эклиптиканын так өзүндө жатса, эллипс түз сызыкка айланат. Параллакстык эллипстин чоң жарым огу, жылдыздардын жылдык параллаксына барабар. Демек, жылдыздардын жылдык параллаксы Жердин орточо орбитасынын жылдыз тараптан көрүнгөн бурчу.

Натыйжада жылдыздардын жылдык параллаксынын болушу Жер Күндүн айланасында айланышын түшүндүрүүчү негизги астрономиялык кубулуштардын бири болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов