Параллакс

Википедия дан
Параллакс

Паралла́кс (грек. παραλλάξ, от παραλλαγή, «алмашуу, өзгөрүү») — байкоочу Жер менен кошо бир орундан башка орунга которулгандагы жылдызга чейинки багыттардын ортосундагы бурчтун чоңдугу менен аныкталат.

Параллакс - Байкоочу Жер менен кошо кыймылда болушунун натыйжаcында асмандагы жылдыздын ордунан анча-мынча которулуп жылып кеткендей болуп көрүнүшү. Параллакстын чоңдугу аркылуу тригонометриянын жардамы менен жылдыздардын ортосундагы аралыктарды аныктоого болот.

Параллакс: суткалык параллакс, кыймылдык параллакс, жылдык параллакска айырмаланат.

Суткалык параллакс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суткалык параллакс – чокусу жылдыздын борборуна, ал эми жактары Жердин борборуна жана жер бетиндеги байкоо чекитине багытталган бурч; ал күн системасындагы телолор үчүн гана белгилүү чоңдукка ээ. Суткалык параллакс Жылдыздардын зенит аралыгына көзкаранды жана сутка ичинде өзгөрүп турат. Чолпон, Марс планеталарына радиолокациялык байкоо жүргүзүү менен Күнгө чейинки аралыкты, башкача айтканда күн параллаксын тактоого мүмкүн болду. Күн параллаксы 8,794га барабар. Күн параллаксына карата Ай үчүн алынган салыштырмалуу орточо бурчу (Айдын горизонталдык же суткалык параллаксы) 51/. Планеталар үчүн I' дан аз. Эң жакын жылдыздар үчүн мындай бурч бар болгону 0 00003.

Жылдык параллакс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылдык параллакс – Жердин орбита бонча жылдык кыймылы пайдаланылып ченелген бурчтук жылышуунун чоңдугу. Жылдыздын жылдык параллаксы байкоочу күн системасынын борборунан жер орбитасына жылдыздын багытына перпендикуляр которулганда жылдыздын багытынын өзгөрүү бурчу (p) же байкоочу жылдыздан туруп караганда жер орбитасынын көрүү шооласына перпендикуляр жайгашкан чоң жарым огу көрүнгөн бурч. Астрономияда жылдыздар менен Галактикалардын аралыктарын ченөө үчүн кабыл алынган негизги бирдик парсек менен жылдык параллакс тыгыз байланышкан. Айрым жакынкы жылдыздардын параллакстары таблицада көрсөтүлгөн.

Жылдыз Параллакс Аралык, пк
Центаврдын Проксимасы 0,762 1,31
Центаврдын aсы 0,751 1,33
Сириус 0,375 2,66
Процион 0,288 3,48

Тригонометриялык параллакс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тригонометриялык параллакс – тригонометриялык ыкма менен асман жарык чыгаруучуларына чейинки аралыкты аныктоодо көрүнгөн өзгөрүү.

Цефеид параллаксы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Цефеид параллаксы – цефеид тибиндеги өзгөрмө жылдыздар бонча жылдыздарга, ошондой эле жылдыз топтолууларына, галактикаларга чейинки аралыкты аныктоочу ыкмалардын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов