Перигелий

Википедия дан

Перигелий (Perihelion) – Күндүн айланасында айлануучу асман телолорунун орбитасынын Күнгө эң жакын чекити. Жердин борборунан Күнгө чейинки Перигелий аралыгы 147 млн. км.

Перигелий аргументиорбитанын перигелийинен чыгуучу түйүндөн тартып эсептелүүчү бурч аралыгы. Ал орбитанын тегиздигинде асман телосунун кыймыл багыты бонча эсептелинет жана 0дөн 360о ка чейинки маанини алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: Э. Мамбетакунов