Комета

Википедия дан
Хейла-Бопп кометасы (1997).

Коме́та, куйруктуу жылдыз (грек. κομήτης, komḗtēs — чачтуу) — туман менен коштолгон, Күндүн тегерегинде созулган орбиталарда айланган чоң эмес асман телосу.

Кометалар – Күндүн алыскы мейкиндигинен орун алган, борборунда ядросу бар, асман сферасына жакын келгенде гана байкалган күн системасынын мүчөлөрү. Алардын көпчүлүгү белгилүү орбита менен өтө созулган эллипс бонча кыймылдашат. Кометалар планеталар сыяктуу гравитациялык тартылуу күчүнүн аракети астында кыймылдайт. Алар жарыкты жана энергияны Күндөн алып, ага жакындаганда ядросунун бууланышынан кометалардын формасы өзгөчөлөнүп, кометанын башы жана куйругу пайда болгондугу байкалат.

Комета Күнгө жакындаган сайын куйругу чоңоюп, Күнгө карама-каршы жакты көздөй багытталат.

Англис илимпозу Э.Галлей (1656–1742) мурда ачылган 24 кометанын орбиталарынын элементтерин изилдеп, анын ичинен 1531-, 1607- жана 1682 ж-дагы көрүнгөн кометаларды ар түрдүү комета эмес, ал Күнгө мезгил-мезгили менен кайталанып келүүчү бир эле комета деп түшүндүрүп, анын кезектеги кайталанышы 1758-ж. болорун алдын ала айткан.

Галлей кометасы (1986).

Чынында эле, комета Э. Галлей өлгөндөн 16 жыл өткөндөн кийин асман сферасынан көрүнгөн, ошондуктан ал Галлей кометасы деп аталып, кийинки кайрылып келүүсү 1835-, 1910-, 1986-жылдары болорун кийинки муундагы астрономдор күтүшкөн. Ушул жылдарда комета кайталанып көрүнгөн. Акыркы жолку 1986 жылы көрүнгөндө кометанын ядросу экиге ажыроого жиктелип калгандыгы байкалган.

Кометанын кезектеги Күнгө кайрылып келүүсү 2062-ж. күтүлүүдө. Кометалардын күн системасындагы башка майда телолор менен байланышынын орун алышы алардын бар экендигинин дагы бир мүнөздүү өзгөчөлүгү.

Ага карата 1772-жылы чех илимпоз астроному Биэла тарабынан ачылган комета, Күндү айланып чыгуу мезгили 7 жылга барабар болгондуктан, дайыма айлануу мезгилин сактоо бонча көрүнүп турган. Бирок бул комета 1846-жылы анын ядросу экиге бөлүнүп, начар көрүнгөн эки кометага айланган. Кийинки жолу көрүнүүчү 1856-жылы ал комета такыр көрүнбөй калган. Жоголгон комета 1872-жылы астрономиялык так эсептөөлөрдүн негизинде Жерге «учуучу жылдыздардын» (метеорлордун) жамгырдай жаашы менен байкалган. Ошол убактан бери бул кубулуш 27-ноябрь жыл сайын кайталанып турат. Жыйынтыктаганда Биэла кометасы метеордук телолордун уюктарына айланган. Жер шары метеордук уюктун ичине киргенде Жердин тартылуу күчүнүн натыйжасында, уюктагы майда телолор, Жердин атмосферасындагы молекулалар менен кагылышып, метеорлорду пайда кылат.

Кометанын пайда болусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кометанын пайда болусу – кыска мезгилдүү кометалар планеталар системасынын ичинде кыймылда болуп, акырындык менен бузулушат (талкаланышат). Юпитердин тартылуусунан кээ бир кометалар Күндөн өтө алыс аралыкта кыймылдап, өтө чоң мезгилге ээ болот, б.а. ал кометалардын орбитасынын афелийи Юпитердин орбитасына жакын жайгашкан. Ошондуктан С.К.Всехсвятский кометалар Юпитер жана анын жандоочуларынын тобунан мейкиндикке бүркүлүп чыккан заттардан түзүлгөн деп болжолдойт. 1979-ж-дын мартында Юпитердин биринчи жандоочусу Иодо вулкандык аракет байкалгандан баштап ынандырарлык болуп калган.

Кометанын башы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кометанын башы – кометанын эң жаркырак чекити. Ал жылдыз түрүндөгү ядродон жана тумандуу газ катмарынан (кома) турат. Кометанын башыны диаметри анын массасына жана Күнгө чейинки аралыгына байланыштуу; начар кометалардыкы 25 000 кмге, жаркырак кометалардыкы 2000 000 кмге чейин жетет.

Кометанын куйругу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Комета 17P/Холмса менен ионный хвост.

Кометанын куйругу – Күн нурунун таасири астында ядродон учуп чыккан газдардын молекулалары (иондор) менен чаңдын бөлүкчөлөрүнөн түзүлүп, узундугу ондогон млн. кмге жетет. Кометанын куйругу Күнгө жакындаган сайын өсүү менен ага карама-каршы жакка багытталат. Айрым учурда кометанын куйругу Жерден Күнгө чейинки аралыкка жетет. Ф. А. Бредихин Кометанын куйругунун ийрилиги бонча анын бөлүкчөлөрүнө таасир эткен күчтү жана классификациясын түздү. Кометанын куйругунун курамында азоттун бирикмеси, көмүртек, суутек жана кычкылтек болот. Кээ бир кометалар түрдүү типтеги бир нече куйрукка ээ.

Кометанын ядросу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кометанын ядросу (nucleus) – муздуу таш, газ жана чаң бөлүкчөлөрүнүн кошулмаларынан турган кометанын жылдыз сыяктуу жаркырак бөлүгү. Ядронун диаметри 0,5 – 20 км, массасы 1011 – 1019кг, аны түзгөн газдар катары аммиак, метан, көмүркычкыл газы, циан, азот жана башка кездешет. Кометанын ядросунун спектри Күндүн спектри менен бирдей. Анчалык чоң эмес гелиоборбордук аралыкта Кометанын ядросунун спектринде металлдардын эмиссиялык сызыктары, көпчүлүк учурда натрийдин сызыктары пайда болот.

Кометалар тобу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кометалар тобу - кандайдыр бир кометанын ажыроосунан пайда болгон бөлүктөрү; алар орбиталарынын элементтери жакын болгондо түзүлөт. Юпитер планетасынан жакын аралыкта өткөндө кээ бир кометалардын орбиталарынын элементтери кыйла өзгөрүүгө дуушар болот жана бир топтон бөлөк топко өткөн учурлар да байкалат.

Кометаларды издөө жана аларга байкоо жүргүзүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кометаларды издөө жана аларга байкоо жүргүзүү – көрүү талаасы 3 – 5° болгон жарыгы күчтүү оптикалык куралдар менен ишке ашат. Бул максатта талаа дүрбүсү, астрономиялык АТ-1 көрүү түтүгү, ТЗК, БМТ-110 бинокуляры, ошондой эле комета издөөчүлөр колдонулат. Фотографиялык ыкма менен издөөдө кометанын координаты жана орбитасы так аныкталат. Акыркы мезгилде визуалдык байкоо менен кометалар ачылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]