Мазмунга өтүү

Эллипс

Википедия дан

Эллипс экинчи тартиптеги туюк ийри сызык.

Ал тегерек конусту тегиздик менен кыйгач кескенде пайда болот. «Эллипс» терминин байыркы грек математиги Аполлоний Пергский киргизген. Эллипс берилген F,(с, 0) жана F2(с, 0) чекиттерге (Эллипстин фокустары) чейинки аралыктардын суммасы туруктуу чоңдук болгон чекиттердин геометриялык орду катары да аныкталат (к. сүрөт). Анда FlM+F2M=2a. FtF2 кесиндисинин ортосу Эллипстин борбору деп аталат, фокустардын ортосундагы аралык 2с менен белгиленет. Эллипстин фокустары жаткан түз сызык биринчи (же финалдык) ок, aгa перпендикуляр жана борбор аркылуу өтүучү түз сызык Эллипстин экинчи огу деп аталат. Эллипстин октору анын симметрия октору болуп эсептелет. Эллипстин симметрия октору менен кесилишүү чекити анын чокулары деп аталат. Эллипстин чокуларынын ортосундагы биринчи октун кесиндиси, кичине огу деп Эллипсин чоң огу, Э-тин чокуларынын ортосундагы экинчи октун кесиндиси аталат. Огу тик бурчтуу координата системасындагы Эллипстин канондук тендемеси: х2/а2+у2/Ь2= 1, Ь2=а2-с2, мында а=ОА=ОВ жана b = OC=OD - Эллипстин чоң жана кичине жарым окторунун узундуктары а - Ь болгондо F1 жана F2 фокустары дал келип, берилген теңдеме айлананы аныктайт. Айлана Эллипстин жеке учуру болуп эсептелет Эллипстин аянты S=2nab формуласы менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4