Википедия:Википедия тууралуу

Википедия дан
Кыргыз википедиясы учурда
1.42.0-wmf.22 (bd76262) версиядагы MediaWiki кыймылдаткычында иштейт.
79 135 макала жана 110 002 барак бар.
469 250 түзөтүү жасалды.
2 681 файл жүктөлдү.
2 администраторду кошкондо 39 757 колдонуучу катталышты.
Статистика 19 -март (жалган куран) 2024

Кыргыз тилиндеги Уикипедия — Жер шарынын бүткүл тилдериндеги бир бүтүн энциклопедия түзүү максатын көздөгөн көп тилдүү проекттин бир бөлүгү.

Уикипедияда борбордук редакциялык кеңешме дагы, башкы редактор дагы жок. Ал болгону дүйнөнүн туш тарабындагы ыктыярчылар тарабынан колдоого алынып, толукталып жазылып дээрлик толугу менен башкарылып турат.

Уикипедия жүз-миңдеген кайыр кылып берүүчүлөр тарабынан демөөрлөнгөн жеке менчик коммерциялык эмес мекемеге таандык.

Уикипедия жарнамасыз жана акысыз сервис болуп саналат, жана андагы бар маалыматты ким болсо издей алат.

Издегениңизди таппай койдуңузбу ? Капа болбоңуз! Уикипедияга бир канча убакыттан соң кайра дагы баш багып көрүңүз — балким, сизди кызыктырган маалымат да жазылып калаар. Ага чейин, күткөнчөктү, өзүңүз деле бир-эки макала жаза салсаңыз болот, же болбосо, болгон макалалардан тапкан каталарын оңдоп турсаңыз деле болот!

«Жазган макаламды эми модераторлор жарыялагыча качан...»,- дейттирсиз. Уикипедияда модераторлор да жок! Ар бир кирүүчү каалаган макаланы оңдоп-түздөй алат.

Оңдоо терезесинин төмөн тарабында жайгашкан "баракты сактап кой" баскычын басаар замат өзгөртүүлөр башка кирүүчүлөргө көрүнүп калат. Катталыш дагы милдет эмес (бирок сунушталат).

  1. Ошентсе да, оңдоп-түзөө алдында төмөнкү төрт эрежени эске алып коюңуздар:
  2. Сураныч, автордук укук менен корголгон текст менен сүрөттөрдү жүктөбөңүздөр!
  3. Уикипедия бул — энциклопедия, ошондуктан макалалар болушунча нейтралдуу болушу шарт.
  4. Эгерде сиз талаш маселе боюнча макала жазып жатсаңыз, анда сизге белгилүү болгон бардык көз караштарды келтириңиз.
  5. Эгерде сиз макала жайгаштырууну чечкен болсоңуз, алгач аныктама сөз аркылуу энциклопедиялардан караштырып издеп көрүңүз.

Тектеш Уикидолбоорлор [булагын түзөтүү]


Уикипедия
Ачык энциклопедия
Уикикитеп
Окуу китептер
Уикицитата
Цитаталар жыйнагы
Уикикана
Асыл нуска тексттер (азырынча даяр эмес)
Уикитүркүмдөр
Биологиялык түркүмдөр (аңглисче)
Уикижаңылыктар
Жаңылыктар (азырынча даяр эмес)
Уикиказына
Медияфайлдардын жыйнагы (аңглисче)
Метауики
Уикимедиянын проекттери тууралуу (аңглисче)