Веллингтон

Wikipedia дан
Wellington from Mount Victoria.jpg

Веллингтон - Жаңы Зеландиянын борбор шаары. Түндүк аралынын түштүгүндө, Кук кысыгынын жээгинде жайгашкан ири порт (жылына 15 млн тдай жүк ташылат). Калкы 182,3 миң (2006). Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. 1853-ж. шаар өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болгон. 1848 жана 1855-ж. жер титирөөдөн жабыркаган. 1865-жылдан Жаңы Зеландиянын борбору. Көптөгөн көпүрөлөр, виадуктар, тоннелдер, парк, скверлер бар, соборлор, чиркөөлөр, неоклассикалык стилде салынган өкмөт үйү, эдвардиан стилиндеги парламент үйү (20-к.) бар. Жыгачтан курулган курулуштар басымдуу. Эстеликтер, Жаңы Зеландия Королдор коому, Виктория университети (1899; анын астында музыка мектеби), Улуттук архив, Улуттук китепкана жана Улуттук музей (1998, маори искусствосу), Шаар музейи, К. Мэнсфилд мемориалы, Улуттук сүрөт галереясы, опера театры, Улуттук бий мектеби, Картер обсерваториясы, зоопарк, ботаникалык бак бар. Веллингтон өлкөнүн башкы экономикалык борбору. Тамак-аш (анын ичинде эт, сүт), жеңил, кагаз, эмерек, жыгаччылык, транспорт, электр-техника, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн. Веллингтонго жакын шарап даярдоочу Мартинборо жана Мальборо аймактары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]