Порт-Вила

Википедия дан
Порт-Вила.

Порт-ВилаВануату Республикасынын борбору (1906-жылдан) жана ири шаары. Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө, Эфате аралынын түштүк-батышында (Меле пляжында) жайгашкан. Климаты тропиктик. Январдын орточо температурасы 28°С, июлдуку 24°С. Өлкөнүн экономикалык башкы борбору. Калкы 47,5 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Порт (1972; круиз кемелерин кабыл алат). 2009-жылы шаардын 200 жылдыгы болуп, андан соң Россия менен болгон дипломатиялык мамилелери жакшырып, шаардын борбордук бөлүгүнө орус деңиз саякатчысы В. М. Головинге эстелик тургузулган. Эт, балык белендөөчү ишкана иштейт. Педагогикалык институт, Түштүк Тынч океан университетинин кампусу, китепкана бар. 2002-жылы катуу жер титирөө болгон. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]