Батат

Википедия дан

Батат - (лат. Ipomoea batatas), таттуу картошка чырмооктор тукумундагы көп жылдык (эгилмеси көбүнчө бир жылдык) өсүмдүк. Тропик жана субтропик өлкөлөрдө, негизги азык өсүмдүк катары байыртан эгилет. Эгилме түрү Борбдук Америка, Мексикадан тараган. Сабагы узун (1-5 м), бир нерсеге жармашып өсөт, муунактарынан тамырлайт. Тамырында ар кандай формадагы жана түстөгү, крахмал менен кантка бай, ири, салм. 200-500 г, кээде 10 кг га чейинки түймөк пайда болот. Андан акшак, ун тартылып, крахмал, спирт, кант даярдалат. Сабагы тоют. Көбүнчө Индия, Индонезия, Япония, Филиппин ааймактарында, Африканын экватор өлкөлөрүндө, Бразилия, АКШ, Испания жана Италияда эгилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4