Кина
| Кина (кырг.) | |||||
|---|---|---|---|---|---|
|
Kina (аңгл.) | |||||
| |||||
| Коддор жана белгилер | |||||
| ISO 4217 коддору | PGK (598) | ||||
| Символдор | K | ||||
| Жүгүртүү чегарасы | |||||
| Эмитент | |||||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||||
| Бөлчөктүү | Тойя (1⁄100) | ||||
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||||
| Монеталар | 5, 10, 20, 50 тойя, 1, 2, 5 жана 10 кина | ||||
| Банкноттор | 2, 5, 10, 20, 50, 100 кина | ||||
| Тарыхы | |||||
| Киргизүү этабы | 19.04.1975—01.01.1976 | ||||
| Мурда колдонулган валюта | Австралия доллары | ||||
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||||
| Эмиссиялык борбор | Папуа-Жаңы Гвинеянын банкы | ||||
| www.bankpng.gov.pg | |||||
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||||
Кина (белгиси: K; коду: PGK) — Папуа-Жаңы Гвинеянын улуттук валютасы[1]. 100 тойядан (англ. Toea) турат. Кина аталышы Токай аймагындагы куануа тилинен келип чыккан.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Папуа-Жаңы Гвинея колония болуп турган жылдары, Германиянын Жаңы Гвинеясынын аймагында немис маркалары, ошондой эле 1894-жылы чыгарылган германиялык Жаңы Гвинея компаниясынын монеталары колдонулган[2]. 1899-жылы колониядагы бийлик империялык башкарууга өткөндө, бул монеталар жүгүртүүдөн алынып, ордуна жалпы мамлекеттик монеталар киргизилген. 1914-жылы казыналыктын ноталары марка валютасында чыгарылган.
Британиянын Папуа аймагында алгач британиянын фунту жүгүртүдө болгон. 1906-жылы 1-сентябрда Папуада жана 1914-жылы 12-сентябрда Жаңы Гвинеяда жүгүртүдө австралиялык фунт киргизилген, ал эми 1929-жылы пенс жана шиллинг Жаңы Гвинея аймагынын атайын монеталары чыгарылган жана 1945-жылга чейин чыгарылып турган[2].
Жапон оккупациясы учурунда Океания үчүн чыгарылган О сериясындагы 1/2, 1, 10 шиллинг жана 1 фунт стерлинг купюралары колдонулган. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Жаңы Гвинеяда австралия фунттары, 1966-жылдын 14-февралынан тартып австралия доллары расмий валюта болгон[2].
1975-жылы 19-апрелде Жаңы Гвинея көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, кина атылышындагы жаңы улуттук валюта чыгарылган. Австралия доллары 1976-жылдын 1-январында мыйзамдуу төлөм каражаты макамын жоготкон.
1985-жылдын апрелинде биринчи эстелик банкнот чыгарылган. 2007-жылы 19-апрелде 1 жана 2 тойя монеталары жүгүртүүдөн алынган.
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жүгүртүүдөгү монеталар:
- 5 тойя
- 10 тойя
- 20 тойя
- 50 тойя
- 1 кина
- 2 кина
- 5 кина
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Сүрөт | Номинал (кин) |
Өлчөмү
(мм) |
Түсү | Сүрөттөөмөсү | Чыгарылган күнү | ||
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Алдыңкы бети
(аверс) |
Арткы бети
(реверс) |
Алдыңкы бети | Арткы бети | ||||
| 2 | 140×70 | жашыл | Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). | 2007 | |||
| 5 | 145×73 | кызгылт көк | Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). | 2008 | |||
| 10 | 150×75 | көгүлтүр, кызгылт сары | Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). | 2008 | |||
| 20 | 150×75 | кызгылт, кызгылт сары | Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). | 2007 | |||
| 50 | 150×75 | кызгылт сары, сары | Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). | 1999 | |||
| 100 | жашыл, кызгылт сары | Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). | 2005 | ||||
Алмаштыруу курсунун режими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Базардагы курсу |
|---|
| Google Finance (.../PGK): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
| Yahoo! Finance (.../PGK): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
| XE.com (.../PGK): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
| OANDA.com (.../PGK): | KGS USD EUR GBP JPY CHF |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ MoneyConvert. Дүйнөдөгү валюталарынын тизмеси.
- 1 2 3 The History of Money and Currency.
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]