Инфляция

Википедия дан
Инфляция 2019

Инфляция (англ. inflation) акчанын жүгүртүү каналдарын эл чарбасынын реалдуу керектөөсүнөн ашыкча кагаз акча менен толтуруу жана коомдук кайталап өндүрүү процессинин бузулушу менен шартталган баасыздануусу. Инфляция акча жүгүртүү мыйзамынын иштешинин бузулушун билдирет жана баанын ачык жана жашыруун өсүшүнөн көрүнөт. Инфляция таралуу чөйрөсүнө жараша төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт[1]:

1.жергиликтүү (бир өлкөнүн ичиндеги), 2.глобалдык (дүйнөлүк);

Мүнөзүнө жараша: гиперинфляция (айына 40%тен жогору), таскактаган (ыкчам жана секириктүү), жылма (жай темитеги), баскычтуу (бир кылка эмес), импорттолгон. Инфляция ички жана тышкы себептерден улам пайда болот. Ички себептер: 1) өкмөттүк чыгымдардын өсүшүнө байланышкан мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы; 2) мамлекеттин өндүрүштүк эмес (өзгөчө аскердик) чыгымдарынын жогорку деңгээли; 3) экономиканы өнүктүрүүнүн циклдик мүнөзүнүн белгиси болуу менен макрожана микро деңгээлдердеги диспропорция (к. Экономикалык цикл). Тышкы себептер: 1) өз өлкөсүнүн чек арасын кесип өтүп, башка өлкөлөргө экспорттолуучу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө монополиялар тарабынан баанын кескин көтөрүлүшүнө түрткү болгон сырьёну, нефтини импорттоого баанын көп эсе өсүшү менен коштолгон дүйнөлүк структуралык кризистер (сырьёлук, энергетикалык жана башкалар); 2) улуттук валютаны чет өлкөлүк валютага банктардын алмаштыруусу кагаз акчанын кошумча эмиссиясына керектөөнү пайда кылып, акча жүгүртүү каналын толтурушу[2].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Инфляция деген эмне
  2. Инфляция: себептер, түрлөрү, кесепеттери