Риф

Википедия дан

Риф – деңиз акваториясындагы тайыз жерлерде суу түбүндөгү же үстүнө бир аз чыгып турган аскалар. Ал деңиз түбүнүн жана жээк тилкесинин жемирилишинен, көбүнчө органикалык (коралл, молюсска ж. б. сөөктөрүнүн) калдыктардын топтолушунан пайда болот. Деңиз түбүндөгү аскалар суу деңгээлинин өзгөрүүсүнө жараша мезгил-мезгили менен суу үстүндө пайда болуп турат. Абразиялык, тоскоол шуру (коралл) Рифтери, атолл ж. б. түрлөрү бар. Негизинен Тынч, Инди жана Атлантика океандарынын тропиктик деңиздеринде кездешет. Кеме жүрүүгө тоскоолдук кылат. Рифттин түрлөрү жана алардын түзүлүшү: I – континенттин ички бөлүгүндөгү эпиплатформалык рифттин келки-жанар тоолук тиби; II – континенттин ички бөлүгүндөгү эпиплатформалык рифттин жанар тоо атылбаган жараңкалык тиби; III – континенттин ички бөлүгүндөгү орогенден кийинки рифт системасы; IV - континент аралык рифт; V – океан ортолук рифт; VI – континенттин чет жакасындагы рифт системасы (кайнозой чөкмөсү менен капталып калган мезозой рифттери). 1 – рифт пайда болгондон кийин топтолгон чөкмө; 2- рифт пайда болуу мезгилинде топтолгон чөкмө; 3 – рифт пайда болуу мезгилинде калыптанган вулканиттер менен интрузиялар; 4 – рифт пайда болуу мезгилине чейин калыптанган вулканиттер; 5 – континенттик кыртыш; 6 – океандык кыртыш; 7 – жогорку мантиянын астеносферанын үстүндө жаткан бөлүгү; 8 – астеносфера жана мантия диапири; 9 – терең жаракалар; 10 – кыртыштын чоюлуу багыты; 11 – астеносферадагы заттардын жылышуу багыты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]