Кескелдирик

Википедия дан
Geckolepis polylepis

Кескелдириктер (лат. Sauria) – түрпүлүү сойлоочулар түркүмчөсү.

Жалпы мүнөздөмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кескелдириктердин денеси капталынан кысыңкы же тоголок, түрдүү түстө. Териси түрпүлөр менен капталган. Узундугу 3,5 смден 4 мге (эчки эмер) жетет. Үстүңкү жаагы баш сөөгү жана биригип өскөн. Геккондор жана агамалардын тили жазы, эттүү, эчки эмерлердики узун, бир аз ачаланган, хамелеондордуку өтө узун, учу калың.

Айрымдарынын буттары жакшы, кээ бириники начар өөрчүгөн же такыр жок. Жуп копулатив органы бар. Көпчүлүк кескелдириктер өз куйругун кесип таштайт.

Сцинктин куйругу үзүлгөндөн кийин дагы эле жылып жатканы

Кескелдириктердин кыйла түрү жер бетинде, кумга көмүлүп, айрымдары даракта (жерге чанда түшөт) жашайт, кээ бири учууга жөндөмдүү. Кескелдириктердин 20 тукуму (геккондор, түрпү буттуулар, агамалар, эчки эмерлер, уу тиштер, хамелеондор, кадимки кескелдирик ж. б.), 4000 түрү бардык континентте (Антарктидадан башка) таралган. КМШ өлкөлөрүндө 6 тукуму, 18 уруусу, 80дей түрү бар.

Алар курт-кумурска, кээде майда омурткалуулар, чанда өсүмдүк жана азыктанат. Кескелдириктер негизинен жумуртка тууйт, жумуртка тирүү жана тирүү туучулары да бар. Жылына 3–4 жолу 35тей жумурткасын таштайт. Айрым кескелдириктердин эти желет, терисинен түрдүү буюмдар жасалат. 36 түрү жана түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]