Адвентизм

Википедия дан

Адвентизм (лат. аdventus - келүү) - АКШда 1830-ж. пайда болгон протестантизмдин багыты. Баптист-дин үгүттөөчү Уильям Миллер (17821849) тарабынан негизделген. Ал 1843-ж. Библияга таянып, өз алдынча татаал эсептөөлөрдү жүргүзүп, Иисус Христостун Экинчи жолу келишин аныктаган жана анын пикири боюнча ал дата 1843-44-ж. аралыгы болгон. 1843-ж. Миллердин жактоочуларынын саны 100 миңге жеткен. Анын айтканы ишке ашпай калган соң, Миллердин жактоочулары дагы бир нече даталарды айтып чыгышкан. 1845-ж. Олбаниде (Нью-Йорк штаты) өткөн адвентисттердин съездинде өздөрүнүн Ассоциациясын түзүшүп, диний догматтарды иштеп чыгышкан. Алардын пикири боюнча дүйнөнү өрт каптап жок болот, бирок динге ишенгендер үчүн жаңы дүйнө пайда болот. Христостун экинчи жолу келиши динчилдердин кайрадан тирилиши менен коштолуп, Христостун 1000 жылдык башкаруусунан кийин күнөөлүүлөр да тирилет. Адвентисттердин догматтарды талкуулоодо пайда болгон ичара пикир келишпестиктерден бир нече топко бөлүнүп кетишкен, анын ичинде эң ириси Жетинчи күндүн адвентисттери. Мындан тышкары Кудайдын Чиркөөсү, Жашоонун жана келүүнүн союзу жана башка. Адвентисттик үгүт канчалык көп элге жетсе, Христостун келиши ошончолук тездейт деп эсептешип, Жетинчи күндүн адвентисттери (ЖКА) миссионердик ишти өтө уюшкандыкта, активдүүлүк менен жүргүзүшөт. Алар кайрымдуулук иштерине өзгөчө маани беришип, согуш жана табият кырсыктарынан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө БУУ менен бирдикте кызматташууда. 600гө жакын госпиталь, клиникалар жана санаторийлерди керектүү дары-дармек, каражат менен камсыздап турат. ЖКА чиркөөсүнүн 205 өлкөдө общиналары, 1 млнго жакын жактоочулары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1