Крабдар

Википедия дан
Cancer pagurus

Крабдар (Brachyura, L. 1758) – он буттуу рактар түркүмүндөгү деңиз жандыктары. Денеси таш баканыкындай тегерек, сырты катуу. Башы кичине, катуу кабыкка кирип турат. Биринчи жуп буту менен жылып жүрөт. Буттарында кыпчуурлары бар. Кыска курсагы симметриялуу келип, жаак көкүрөгүнүн алдында ийилип турат. Эркегинин курсак буттары (1 – 2 жуп) копуляция органына айланган, ургаачысыныкы 4 жуп. Жумуртка алып жүрүү кызматын аткарат. Алардын 4 миңден ашык түрү белгилүү, көбүнчө тропик деңиздеринде, дарыяларында, тузсуз сууларында жана кургакта кездешет. Омурткасыз жандыктардын калдыктары – тарптары менен азыктанат. Метаморфоза жолу менен өөрчүйт. Кээ бир түрү түсүн өзгөртүүгө жөндөмдүү. Крабдар тамак катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]