Баптизм

Википедия дан

Баптизм - (гр. baptiza сууга салуу, сууга салып чокундуруу) протестантизмдин бир агымы. 17-кылымдын башында пайда болуп, көбүнчө Америка жана Европада тараган. Баптизмдин негиздөөчүсү катары Жон Смит эсептелет. Анын жактоочуларын баптисттер деп аташат. Баптизм чокунууну адамдын кудайга аң-сезимдүү түрдө ишене тургандыгын көрсөтүүчү жөрөлгө катары карашат да, алар адамды бала кезинде эмес, эс тартып чоңойгон кезде чокундурат. Христиан дининин башка агымдарынан Баптизмге кирүүчүлөр кайрадан чокундурулат. Ал христиан дининде касиеттүү деп саналган иконаны, чиркөө «сырларын», католицизмдин үрп-адаттарын (майрамдарын) четке кагат. Христиан дининдеги көп майрамдардан Иса пайгамбардын турмушуна байланыштууларын артык көрүшөт. Библияны эң жогорку керемет катары көрсөтүп, аны бекем сактоого чакырат. Ар бир баптист сектага башка адамдарды тартууну өзүнүн милдети деп эсептейт. 1905-ж. дүйнөдөгү чиркөөлөрдүн көпчүлүгүн бириктирген Баптисттердин бүткүл дүйнөлүк союзу түзүлгөн. Баптисттердин саны 80 млн дой (2004), 2/3 си АКШда жашашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4