Улуттар лигасы

Википедия дан

Улуттар лигасы – 1920–1946-жылдардагы универсалдуу эларалык уюм, азыркы Бириккен Улуттар Уюмунун түпкү теги. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, эларалык кызматташтыкты өнүктүрүү, согуштук жаңжалдарды болтурбоону алдыналууга көмөктөшүү жана бүткүл дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо үчүн түзүлгөн. У. л-нын ишмердиги көп жагынан бирдей милдеттер тагылган жана алдыларында туруктуу секретариат түзүлгөн Кеңеш жана Жыйын тарабынан ишке ашырылат. У. л-нын жайгашкан жери Женева (Швейцария) болгон. СССР 1934–1939-жылдары У. л-нын мүчөсү болгон. БУУ уюштурулганына байланыштуу таркатылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]