Теннис

Википедия дан
Теннис корту.

Теннисспорт оюну.

Оюн тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ракетка менен топ.

Бул оюн топту ракетка менен атайын тартылган тордон ашыра уруп жана тосуп ойнолот. Азыркы мезгилде бул спорттун эки түрү белгилүү: чоң теннис жана стол үстүндөгү теннис. Чоң теннис оюну атайын кортто, ал эми стол үстүндөгү теннисте кичинекей шарик тобу колдонулуп, ракетканын жардамы менен атайын столдо ойнолот.

Таасири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Теннис ар кандай кыймылдарга бай келип, тез кыймыл-аракетти, көрөгөчтүктү, чыдамкайлыкты, тактыкты өөрчүтөт. Теннис ойногондор ракетка менен топту урууда көбүнчө бир колу иштегендиктен, спортсмендин кол булчуңдарынын бирдей эмес өсүүсү байкалат. Дененин ар тараптан өнүгүүсү үчүн теннис менен машыккандар жалпы дене көнүгүүлөрү жана спорттун башка түрлөрү (жеңил атлетика, кышкы жана жайкы спорттун түрлөрү) боюнча да машыгуулары керек. Теннис ойноого балдарды 7—9 жашынан үйрөтсө болот. Теннис оюну адамды өтө чарчатпастан, көңүлдү көтөрүп, активдүү эс алуунун каражаты болот. Айрыкча стол үстүндөгү теннистин оңой жабдылышы, оюндун тез өздөштүрүлүшү бардык жаштагы адамдардын ойноосуна мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8