Аквинский, Фома

Wikipedia дан
Аквинский, Фома

Аквинский, Фома (1225—1274) — схоластикалык философиянын гүлдөп турган мезгилиндеги эң көрүнүктүү өкүлү болгон.

Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Ал Неаполго жакын жердеги Рокасека сепилинде туулган, граф Аквинскийдин жетинчи уулу болгон. Неополитан университетинде окуп, ал жерде Аристотелди жана жети эркин искусствону — логиканы, риториканы, арифметиканы, геометрияны, грамматиканы, музыканы, астрономияны окуп-үйрөнөт. 19 жашында доминикан орденине мүчө болуп кирет, буга бенедиктиндик монах болот деп үмүттөнүп жүрүшкөн үй-бүлөсү нааразы болушат. Туугандарынын жектөөсүнөн куткаруу үчүн доминикандыктар аны Парижге жөнөтүп жиберишет, бирок жолдо ал өз бир туугандары тарабынан кармалып, бир жылдан ашык убакыт үйүндө туруп калат. Бирок ал доминикандыктарга өзүнүн берилгендигинен кайтпай койгондуктан акыры түбү ага доминикандыктарга кайта барууга жана формалдуу түрдө сабактарды кайра баштоого уруксат берилет. 1252-жылы ал лекция окуп, профессорлук наам алуу үчүн Париж университетине келет да, бул наамга 30 жаш курагында жетишет. 1259-жылы Италияга кайтып келип, ар түрдүү мектептерде сабак берет, ал эми 1269-жылы Парижге кайтып келет да, төрт жыл өткөндөн кийин ден соолугунун начарлыгына байланыштуу сабак берүүдөн баш тартат. Ал 1274-жылы 7-мартта Лионго жөнөп баратканда Фосановага жакын жердеги Цистерциан монастырында жүрөк оорусу кармап, каза болот. Аны «периште доктор» деп аташкан.

Чыгармалары[оңдоо]

Фома Аквинский өзүнөн кийин өтө көп адабий мурас калтырган. Буга, баарынан мурда, Петр Ломбардскийдин «Сентециясына», Боэцийдин эмгектерине, Проклдун «Себептер жөнүндөгү китебине», Аристотелдин чыгармаларына берген комментарийлери, «Талаш маселелер» деп аталган эмгектери кирет, буларда ар түрдүү философиялык-теологиялык проблемалар каралат. Фома Аквинскийдин эң башкы чыгармалары көлөмдүү эки томдуктан турат, муну анын чыгармачылык ишмердигинин жыйынтыгы деп айтса болот, алар: «Бутпарастарга каршы сумма» («Философиянын суммасы» деген аталыш менен да белгилүү) жана «Теологиянын суммасы» (бул жазылып бүткөн эмес).
Негизинен Фома Аквинскийдин бардык чыгармалары философиялык-теологиялык маселелерди камтыйт жана табият илимдеринин проблемаларын четтеп өтөт. Логика болсо Фома Аквинскийди схолостикалык проблемалар баяндала турган структураны түзүүгө негиз болгондугунан улам гана кызыктырган. Фоманын философиялык-теологиялык материалды баяндоосу өзүнүн өтө логикалуулугу менен айырмаланып, андан ары өздөштүрүүнүн үлгүсү болуп саналган. Баяндалып жаткан ар бир проблема жана тармак өзү каршы чыгып жаткан тигил же бул жобону коргоого арналган бир катар аргументтерди коюудан башталат. Мындан кийин контраргументтер башталат. Андан кийин негизги бөлүк башталат да, ал бөлүктө дал ушул маселе боюнча эмне айтуу керек болсо ошонун баары баяндалат. Баяндоо карама-каршы аргументтерди төгүндөө менен аяктайт.
Фома Аквинский ортодоксалдык схоластиканын башкы багыттарынын бири болгон томизмди негиздөөчү катарында белгилүү. Ал бүткүл философиялык-теологиялык схоластиканы эң ири системалаштыруучу жана бул окуунун негиздүүлүгүн аныктоочу болгон. Философиянын тарыхында анын эң чоң сиңирген эмгеги ушунда турат.

Схоластикалык философиянын проблемасы[оңдоо]

Схоластикалык философиянын башкы проблемасы болгон ишеним менен билимдин, дин менен философиянын катыш мамилеси жөнүндөгү маселеде башка көз караштар бар болуп турган шартта Аквинатка өз позициясын иштеп чыгууга туура келген.
Ишенимди ар кандай билимден жогору койгон, философияга караганда теологияга артыкчылык берген нагыз диний позициядан башка да эки түрдүү көрүнүштө болгон экилтиктүү акыйкат (эки акыйкат теориясы) позициясы жашап турган. Анын бири: бир жагынан дин жана теологиянын, экинчи жагынан философия жана илимдин изилдөө предметтери жана усулу ар башка болгондуктан алардын ортосунда карама-каршылык жок деп ырастаган. Экинчи бир түрү жашап жаткан аверроизм философия менен теологиянын акыйкаттарынын ортосунда карама-каршылык бар деп ырастайт. Эки вариант тең теологиялык ой жүгүртүүнүн ирранционалдык мүнөзүн белгилешет.

Дин жана теология[оңдоо]

Ушул маселени караштырып отуруп, Аквинат, өзүнөн мурдагы кээ бир философтор сыяктуу эле, дин менен илим акыйкатка жетүүнүн ар түрдүү ыктарына ээ деп айтат. Алсак, эгерде дин жана теология өзүнүн акыйкатын жогортодон келе турган аяндардан, Ыйык жазуудан тапса, илим менен философия акыйкатка тажрыйбанын жана акыл-эстин жардамы аркылуу келет. Ошол эле убакта илим жана дин, философия жана теология өзүлөрүнүн изилдөө усулдарына караганда изилдөөлөрүнүн предметтери боюнча анчалык кескин айырмаланбайт. Аквинат теологияда философиялык позициядан негизделүүгө боло турган акыйкаттар бар деп эсептейт. Албетте, алар мындай философиялык негиздөөсүз эле жашай алат, бирок да философиялык жактан негиздөө адамдын ошол акыйкаттарга болгон ишенимин көбүрөөк бекемдейт.

Концепциясы[оңдоо]

Ансельм Кентерберийский чиркөөнүн бардык догматтары философиялык, рационалдуу негиздөөгө муктаж экендигин мурда эле айткан, бирок бул позиция ортодокс теологиялык адептилер (адепт) тарабынан каршылыкка учураган, ошондуктан Аквинат бул проблеманы жарым-жартылай чечүүнү: диний окуунун принциптери ишенимди кошумча түрдө бекемдөө үчүн гана рационалдуу негиздөөгө муктаж деген концепцияны сунуш кылат.
Диний окуунун бул негизги жоболоруна, атап айтканда, Кудайдын бар экендиги, Кудайдын айрым касиеттери, адам жанынын өлбөстүгү жөнүндөгү маселелер да таандык. Ошол эле убакта теологиянын башка жоболорун рационалдык жол менен негиздөө мүмкүн эмес. Аларга төмөнкүлөр кирет: Теңирликтин бир эле убакта үч бейнеде — Кудай-Ата, Кудай-уул жана Кудай-Ыйык Рух түрүндө жашап турушу, дүйнөнүн белгилүү убакта жоктон бар болуп жаралышы, эң түпкү күнөө, Бейиштеги түбөлүк жыргалчылык, Тозоктогу түбөлүктүү жаза. Бул жоболор, Аквинаттын оюнча, далилденбей турган жоболор, бирок булар акыл-эстүү да, рационалдуу да жоболор эмес, булар, анын пикири боюнча, ашкере акыл-эстүү жоболор.
Ошентип, философия жана теология — өз алдынча жашаган жана бири-бирине көз каранды болбогон эки дисциплина. Ошентсе да теология аян акыйкаттарын негиздөө жана аларды адамдын жан дүйнөсүнө жакыныраак кылуу үчүн философиялык принциптерди пайдаланат. Ошондуктан «философия теологиянын кызматчысы болуп саналат». А түгүл Аквинат өзүнүн ой жүгүртүүсүндө аша чаап кетет да, теологияны бүткүл философиядан жана кадыресе илимден жогору, баардыгынан бийик коёт, анткени дейт Аквинат, теологиянын көпчүлүк догматтарын адам таанып-биле албайт, алар теңирлик акыл-эс үчүн гана ачылып-билинет. Теология — ыйык окуу, теңирлик аяндардын нуруна негизделе турган илим.

Ишенимдин билимден артыкчылыгынын далилдөөсү[оңдоо]

Ишенимдин билимден артыкчылыгы Аквинат тарабынан логикалык ой жүгүртүүлөр аркылуу гана эмес, Кудай эркинин кереметтүү көрүнүштөрүн далилдөөчү көптөгөн мисалдар аркылуу да далилденет. М и с а л ы, ал оорулуу адамдардын жөнөкөй эмес, кереметтүү жол менен сакайышы жөнүндө, өлгөндөрдүн тирилгендиги жөнүндө, келесоонун акылына келиши жөнүндө жана д.у.с. жөнүндө баяндайт.
Ишенимдин билимден артыкчылыгы жөнүндөгү позиция Аквинаттын алардын ортосундагы карама-каршылыкты жоюуга умтулуусунан улам келип чыккан, бул карама-каршылык, анын пикири боюнча, окумуштуулар билимге умтулушуп отуруп, Кудай жөнүндө, теңирлик аяндар жөнүндө унутуп коюшат, ошондуктан аларда сезимдик кабылдоолордогу жана логикалык ой жүгүртүүлөрдөгү жаңылыштыктар үстөмдүк кылып кетет. Эгерде диний ишеним менен акыл-эстин ортосунда карама-каршылык чыга турган болсо, артыкчылык дайыма диний ишенимге берилүүгө тийиш. Ал гана түгүл, бардык илимдер өз жоболорун эң жогорку акылмандыктын үлгүсү болгон теология менен ылайык келтирүүгө тийиш, алар баарынан мурда Библияда жазылгандардын баарысын негиздеп, ырастоого умтулууга тийиш, философия болсо христиан догматтарын далилдеп ырастоо аркылуу диний ишенимдин босогосу катарында чыгат.

Кудайдын бар экендигин далилдөөсү[оңдоо]

Ушуну менен бирге Аквинат теологияны философияга жакындаштырат. Бул баарынан мурда Кудайдын бар экендигин далилдөөдөн көрүнөт, ал буга беш далил келтирет. Биринчи далил кыймыл түшүнүгүнөн келип чыгат. Предметтердин өзүнөн өзү кыймылдашы мүмкүн эмес болгондуктан, демек, ар бир предмет башка бир нерсе аркылуу кыймылга келүүгө тийиш, бул биринчи кыймылдаткыч, түпкү кыймылдаткыч катарында Кудай бар дегенди билдирет. Кудайдын бар экендигинин экинчи далили — жаратуучу себеп түшүнүгүнө таянат. Бул жерде да ой жүгүртүү себептердин тизмегин жана дүйнөнү жараткан биринчи чыгармачыл болгон Кудай түрүндө чыга турган түпкү себепти таанууга таянып жүргүзүлөт. Кудайдын бар экендигин далилдөөнүн үчүнчү жолу дүйнөнү кокустуктар менен зарылдыктардын жыйындысы деп таанудан келип чыгат. Дүйнөдө көптөгөн кокустуктар бар, бирок булар башаламан кокустуктар эмес, бардык кокустуктарды бекемдеп, ыраатка салуучу зарылдык да жашоого тийиш, ал — Кудай.
Төртүнчү далил — дүйнөдө өркүндөгөндүктүн (төп келгендиктин) ар түрдүү даражалары бар дегенге таянат. Бирок, өркүндөөнүн ар кандай даражасы кандайдыр бир бирдиктүү ченем менен аныкталууга тийиш, башкача айткандаөркүндөгөндүктүн недир бир үлгүсү менен дал келип, ылайыкташып турууга тийиш, мында да ал үлгү кайрадан Кудай катарында чыгат.
Кудайдын бардыгын далилдөөнүн бешинчи жолу дүйнөнү теңирлик башкаруу деп аталат жана Ааламдагы бардык нерселердин максатка ылайыкталып жаратылгандыгын таанууга негизденет. Фома Аквинскийдин оюнча, «жаратылышта болуп жаткандын баарына максат берип турган акыл-эстүү жан бар» [Теология суммасы. 1, ц, Зс].

Аристотелдин чыгармаларына таянуусу[оңдоо]

Бардык ушул далилдерди Фома Аристотелден алган жана Кудай түздөн түз адамдын жан дүйнөсүндө бар болуп турат деген мистикалык пантеизмге таянып, Кудай адамдардын аң-сезиминде гана жашайт деген мүмкүн болуучу еретикалык окууларга каршы багытталган. Фома Аквинский өзүнүн метафизикасын да Аристотелге таянып негиздеп ал Аристотелден анын категорияларын алат да, аларды табият илимдеринин материалдарын философиялык жактан негиздөө үчүн эмес, теологиянын проблемаларына ылайыкташтырат. М и с а л ы, ал Аристотелди жолдоп, жалпылык адамдын акылында түздөн түз бар болуп тура албайт дейт. Кудайдын табияттан тышкаркы акылы — жалпылыктын булагы, жалпылык дегенибиз — бул дүйнөдө жашап тургандардын бардыгына, ошондой эле Кудайга да ыйгарылган маңыз. Маңыз менен бар болуп жашап турууну бөлүүдөн, Аквинаттын оюнча, Кудай менен калган бардык дүйнөнүн айырмасы көрүнөт. Маңыз жана бар болуп жашап туруу Кудайдын өзүндө чогуу биригип, бирбүтүндүктү түзөт, алар ажырагыс (айырмалангыс). Конкреттүү дүйнөдө маңыз жана бар болуп жашап туруу ажыратылган, айрым нерселердин конкреттүү түрдө бар болуп жашап турушун Кудай гана аныктайт.
Фома Аквинский форма менен материянын ара катыш проблемасында да Аристотелге таянат, бирок аны диний догматтарга ылайыкташтырат. Алсак, пассивдүү түпматерия жөнүндөгү Аристотелдин окуусун материяны Кудай жоктон бар кылып жараткан деген духта талкуулап түшүндүрөт да, муну менен ал аристотелизмге креационизм идеясын киргизет. Ал ошондой эле форма жөнүндөгү окууну да өзгөртөт. Аристотель үчүн форма материя менен дайыма тыкыс байланышта болуп турат, Кудайдан башка эч кандай телосуз форма болбойт. Аквинаттын пикири боюнча телосуз, материалдык эмес формалар да, мисалы периштелер да бар.

Аристотелдин окуусу[оңдоо]

Аристотелдин окуусу боюнча, Кудай түпкү жана телосуз форма катарында эң жогорку активдүүлүккө, же актуалдуулукка ээ, ал эми биринчи материя дегенибиз — ал пассивдүү потенциалдуулук. Биринчи материя Кудайга көз каранды эмес жана Кудай жердеги эч кандай иштерге катышпайт, ал иштер материя менен форманын өз ара аракеттери аркылуу гана аныкталат. Стагиритте Кудай түпкыймылдаткыч катарында гана чыгат. Фома Стагиритке таянып чыгып, аны креационизм духунда кайра талдоого аракеттенет. Аквинат, дүйнөнү Кудай гармонияга ылайык түзгөн, бирок, андан ары да Кудай дүйнөнүн ишине кийлигишип жана аны башкарып турат, бирок ар бир нерсенин кыймылын багыттап турбайт, анткени ар бир айрым нерсенин илим тарабынан иликтеп-үйрөнүлө турган өз табийгый себептери болушу мүмкүн.

Аквинаттын позициясы[оңдоо]

Универсалийлер проблемасын чечүүдө Аквинаттын позициясы Авиценнанын позициясына жакындашат, Авиценна универсалийдин үч түрү бар деп эсептеген. Аквинаттын пикирине ылайык, жалпылык айрым жеке нерселерде алардын маңызы катарында камтылып турат, ошондой эле ал адам акылында да камтылып турат, ал акыл жалпылыкты айрым жеке нерселерден чыгарып алат. Ошентип, бул нерселерден кийин пайда болуп жашай турган жалпылыктын түрү. Бирок, Фома Аквинский нерселерге чейин жашаган үчүнчү түрүн да тааныйт, бул теңирлик акыл-эсте камтылып турган идеялар. Аквинаттын универсалийлер проблемасы боюнча концепциясы — бул орто заар реализмдин позициясы.
Фома Аквинскийдин оюна ылайык, таанымда адам эки жөндөмдүүлүккө — сезимге жана интеллектиге ээ. Тааным процесси сезимдик тажрыйбадан башталат: обьектилердин таасири астында адамда пайда болуучу сезимдик образдар, активдүү акыл-эстин жардамы аркылуу акыл менен таанып-билүүгө боло турган образдарга айланат. Абстракция процесси дал мына ушунда турат.

Акыйкат аныктоосу[оңдоо]

Акыйкатты Аквинат акыл-эс менен нерселердин ортосундагы дал келүүчүлүк катарында аныктаган, ал эми нерселер болсо Кудайдын акыл-эсинде мурда эле жашап турган ошол нерселер жөнүндөгү түшүнүктөргө дал келип тургандыктан улам гана акыйкат болуп саналат. Өзүнүн этикалык көз караштарында Фома Аквинский августианизмге мүнөздүү болгон фатализмден четтеп, эрктин эркиндиги жөнүндөгү позицияны туткан, мындай болбогондо адамдан анын өз жүрүш-туруштары үчүн жоопкерчиликти алып салууга туура келер эле.
Эрктин эркиндиги, Фома Аквинскийдин пикиринче, жакшы жана жаман жүрүм-турумдарды ажыратып билүүгө мүмкүндүк берет: жакшы жүрүм-турумдар дегенибиз адамды Кудайга багыттай турган иш-аракеттер, ал эми жаман жүрүм-турумдар адамды Кудайдан алыстата турган иш-аракеттер. Жаманчылык дегенибиз жакшылык өксүгөн жерде, жакшылык анча толук өнүгө албаган жерде болот. Аквинат Августинге окшоп, дүйнөдө болуп жаткан жаманчылыктар үчүн жоопкерчиликти Кудайдан алып салууга аракеттенет. Адамдын эркин эркиндиги акыл-эске багынат. Адамды жакшы иштерге анын акылы багыттап турат. Кудайды таанып-билүү эң жогорку жыргалчылык болуп саналат.

«Ыракатка» жетүү таанымы[оңдоо]

Аквинат «ыракатка» жетүүнү адамдын иш-аракетинин түпкү максаты катарында тааныйт. Ал эми ыракаттануу болсо теориялык акыл-эстин ишмердигинде, абсолюттук акыйкатты — Кудайды таанып-билүүдө турат.
Жан Аквинат үчүн түзүүчү принцип катарында чыгат, ал — телосуз, материясыз накта форма, ошондуктан ал жок болуп кетпейт. Аристотелдин жолун жолдоп, Фома жанды өсүмдүктөргө тийиштүү болгон вегетативдик жан, жаныбарларга тийиштүү болгон сенситивдик жан жана адамга тийиштүү болгон акыл-эстүү жан деп бөлөт.

«Падышалардын башкаруусу жөнүндөгү» чыгармасы[оңдоо]

«Падышалардын башкаруусу жөнүндөгү» чыгармасында Аквинат Аристотелге таянып, адамды баарынан мурда коомдук жан катарында карайт, коомду ал органистикалык түрдө түшүнөт. Коомдук бирбүтүндүк Аквинат үчүн адамдардын ар бир катмары өзүнө тийиштүү милдеттерди аткара турган иерархия түрүндө чыгат. Кара күч эмгегине көпчүлүк адамдар, акыл эмгегине азчылык тартылган. Чиркөө кызматкерлери — коомдун рухий жетекчилери. Мамлекетти Аквинат Кудай орноткон нерсе катарында караган, анын башкы максаты жалпы жыргалчылыкты, коомдо тартипти жана тынчтыкты, коомдун мүчөлөрү өзүлөрүн жакшы, ыймандуу алып жүрүшүн камсыз кылуу жана д.у.с.

мамлекеттин беш формасы[оңдоо]

Фома мамлекеттик түзүлүштүн беш формасын айырмалайт, монархияны алардын эң мыктысы деп тааныйт. Бирок, эгерде монарх тиран болуп кетсе, Фоманын пикири боюнча, эл бийликтин теңирлик мүнөзүнө карабастан, ага каршы чыгып, аны бийликтен кулатып салууга укуктуу. Ушуну менен бирге Фома эл мамлекеттин башчысынын иш-аракети чиркөөнүн кызыкчылыгына карама-каршы келгенде гана ага каршы чыгууга укуктуу дейт. Фома Аквинскийдин философиясы ортодоксал схоластиканын туу чокусу болгон жана католицизм тарабынан расмий философия катарында кабыл алынган. Азыркы учурда ал неотомизм тарабынан тийиштүү өзгөртүүлөр менен өнүктүрүлүүдө.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8