Прокл

Wikipedia дан
Прокл

Ишмердиги[оңдоо]

Прокл (412—485) — философ, антик неоплатонизминин өнүгүшү Прокл менен аяктайт. Ал неоплатониктердин Афина мектебинин башчысы болгон.
Чоң адабий мурас калтырган, бул чыгармаларында Платондун диалогдоруна жана Эвклиддин «Негиздерине» берилген комментарийлер орчундуу орунду ээлейт. Проклдун чыгармалары тарыхый- философиялык бай маалыматтарды камтып турат.
«Жалпыга түшүнүктүү диний окуу» деген чыгармасында Прокл неоплатонизмдин жана анын бүткүл системасынын өзүнчө бир энциклопедиялык баяндамасын берет.
Прокл Ямвлихтин предметтин жана бүткүл дүйнөнүн триадалык түзүлүшү жөнүндөгү концепциясын андан ары өнүктүрөт. Дүйнөдөгү бардык бар болуп жашап турган нерселердин түзүлүшүнүн триадалык принцибин Прокл бардык тармактарда — философия, мифология, мантика чөйрөсүндө ырааттуулук менен жүргүзөт.

Проклдун триадасы[оңдоо]

Проклдун триадасы — үч учурдан турат: 1) өзүндө кармалып туруу; 2) өзүнөн чыгуу, башкача айткандаөзүнүн чектеринен эманацияга өтүү, мында жекеликтен жалпыга өтүү процесси жүрөт; 3) кайрадан өзүнө кайтып келүү, жалпылыктан жекеликке кайра өтүү.
Өзүнүн триадасына таянып, Прокл неоплатонизмдин негизги категорияларын — Бүтүндүктү, Акылды, Жанды карап чыгат. Бүтүндүктү Прокл Ямвлихтей эле сөзсүз таанылып-билинбей турган Бүтүндүккө жана көптүктү камтып турган Бүтүндүккө бөлөт. Акыл да Проклда үч баскычка бөлүнөт: бар болуп турган Акыл, башкача айткандаөзү менен өзү болуп турган, интеллигибелдик Акыл; ойлоочу Акыл, башкача айткандаАкылдын өзү, интеллектуалдуу Акыл; кайрадан биринчи абалына кайтып келүүчү интеллигибелдик-интеллектуалдык Акыл.
Жан да Проклда триадалык бөлүнүүгө дуушар болот, ал теңирлик, демондук жана адамдык деп бөлүнөт. Проклдун бул бардык триадалары өз кезегинде андан ары триадаларга бөлүнө берет.

Эманация принциби[оңдоо]

Көп нерседе Прокл Ямвлихти кайталайт, бирок айрым өзгөчөлүктөрү да жок эмес. Прокл үчүн материя триаданын эманациясы катарында көрүнөт, ал чектүүлөр менен чексиздердин аралашмасынан пайда болот. Ал жамандыктын көрүнүшү катарында чыкпайт. Жамандык дегенибиз изги маңыздардын өз ара мамилелери аркылуу пайда боло турган конфликттерден келип чыгат. Прокл обьектилердин өнүгүшүн түшүндүргөндө эманация принцибин, башкача айткандабир бүтүндүктөн бардык көп түрдүүлүктүн тарашын жана андан ары көп түрдүүлүктүн бир бүтүндүккө кайрадан жыйылып келиш принцибин ырааттуулук менен жүргүзөт.

Триада концепциясы[оңдоо]

Проклдун триада концепциясы — гегелдик триадага негиз болгон, бирок ал триадалык концепцияда кийин Гегель тарабынан ага киргизилген мазмундук маңыз жок эле. Ошондуктан Проклдун диалектикасы накта формалдуу мүнөздө гана болгон. Прокл — философиянын өнүгүшүнө олуттуу салым киргизген акыркы антик философу. Дамаский менен Симпликий анын шакирттери жана жолун жолдоочулары болгон. Симпликий (549-ж. өлгөн) өзүнүн Аристотелдин чыгармаларына берген комментарийлери аркылуу белгилүү болгон. Ал платонизм менен аристотелизмди бириктирүүгө аракеттенген.

Проклдун көзү өткөндөн кийин платондук Академия аз гана жашаган. 529-жылы император Юстиниан атайын декрет менен грек философиясын окутууну тыйып, Афинадагы платондук Академияны жаап салат. Академиянын акыркы жети окутуучусу Персияга ооп кетишет. Бир нече жылдан кийин аларга ата-мекенине кайтып келүүгө уруксат берилет, бирок алар сабак берүүгө жана өз көз караштарын жайылтууга укуктуу болушкан эмес. Антик философиясынын ордуна христианчылык келет.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8