Акунов, Турсунбек

Википедия дан
Акун, Турсунбек‎»‎ барагынан багытталды)

Турсунбек Акун (Акунов) - кыргызстандык укук коргоочу. Ушул тапта Кыргызстандын Акыйкатчысы.

1959-жылы Нарын өрөөнүндөгү мурдагы Калинин колхозунун аймагында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргызстан айыл чарба институтун аяктаган. Кийинчерээк юридика (укук) жаатында кошумча жогорку билимге ээ болгон.

1992-жылы "Кыргызстан укук коргоо кыймылын" негиздеген.

1989-жылдын башынан тартып Кыргызстандагы демократиячыл жараянга ырааттуу катышып келет.

2008-жылы өлкөнүн Акыйкатчысы болуп шайланып, ант берген.

Турсунбек Акунов пост-советтик доордо Турсунбек Акун деген ысымды алган.