Акутагава, Рюноскэ

Wikipedia дан
Рюноскэ Акутагава

Рюноскэ Акутагава (1892-1927) - жапондордун классик жазуучусу.

Кыскача өмүр таржымалы[оңдоо]

Атактуу жапон классиги Рюноскэ Акутагава 1892-жылы 1-мартта Токиодо төрөлүп, 1927-жылы таңга маал өз жанын өзү кыйуу менен дүйнөдөн өткөн. Ушунча кыска өмүрдүн ичинде ал артыкча жаңычыл жазуучу, эссеист, таланттуу новеллист катары таанылган.

Ал анча жакыр эмес сүт сатуучунун үй бүлөсүндө туулган. Рюноскэ он жашка чыккан мезгилде энеси жиндикана үйүндө өз өмүрүн өзү кыйган. Бул каргашалуу окуядан соң энесинин агаларынын бири Митиаки Акутагава аны асырап алып, негизинде келечектеги жазуучу анын фамилиясын алган. Орто кылымдын тарыхына, живописке, поэзияга болгон кызыгуу ушул үй бүлөгө келгенден тарта башталган.

Чыгармачылыгы[оңдоо]

Р.Акутагава (солдон экинчи) калемдештери менен. 1919-жыл.

Рюноскэ 1913-жылы Токио университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, андагы чыгармачыл достору менен биргеликте «Синситё» («Новое течение») абадий журналын чыгара баштаган. Ошол эле журналга анын алгачкы "Чал" аттуу чыгармасы жарык көргөн(1914).

Бирок, жазуучу катары "Жүз аарчы" аттуу новеллеасы менен белгилүү болгон. Андан кийин ал "Жалгыздыктын тозогу", "Бак", "Аял", "Рояль", "Расёмон дарбазасы", "Мандариндер", "Генерал", "Жылдын акыркы күнү" сымал мыкты чыгармаларды жаратты.

Ал жазуучу катары өз мектебин түзүп кетүүгө үлгүрдү. Азыркы учурда Жапонияда адабият тармагында Акутагава атындагы сыйлык уюштурулган. Бул сыйлык ар жыл сайын мыкты жаш жазуучуларга ыйгарылып турат.

Акутагаванын чыгармалары анын дүйнөгө таанымал жердеши Нобель сыйлыгынын лауреаты Я.Кавабатанын чыгармаларындай эле дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине которулган.

"Караңгыдагы маек" чыгармасы 1926-жылы декабрда жазылып, автор өлгөндөн кийин жарык көргөн.

Ал 1927-жылы 24-июлда өз жанын өзү кыюу менен бул дүйнө менен кош айтышкан.

Акутагаванын "Эргежээлдин экмети" аттуу белгилүү чыгармасын Алым Токтомушов, "Караңгыдагы маек" новелласын Сагын Акматбекова, ал эми "Сыйкырдын керемети", "Мандариндер" новеллаларын Назгүл Осмонова которгон.

Чыгармаларынан алынган учкул ойлор[оңдоо]

  • "Эң татаал искусство - эркин жашоо. Бирок эркиндик деген бетсиздикти билдирбейт"
  • "Душмандан коркуу - куралданууга аргасыз кылат. Бирок көпчүлүк учурда жок нерседен, элестетип алган душмандан коркосуң"
  • "Эркин ой жүгүрткөндөрдүн бир кемчилиги - эркин ой жүгүртүүчүлөр экендигинде. Алар көздөгөнүн бербеген көктөр сыяктуу "кандуу кармашка" кайыл болалбайт"
  • "Сүйүүнүн дагы бир белгиси - менден мурда канчалар менен жүрдү экен деп жанына жай бербеген суроо жана ошол ойду тумандаткан "канчаларга" болгон кызганыч"
  • "Ак көңүл адам асмандагы кудайга окшош. Биринчиден, аны менен кубанычыңды бөлүшсөң болот, экинчиден, ага дартыңды айтып, ыйлай аласың, үчүнчүдөн, ал барбы, жокпу, маанилүү эмес"
  • "Жашоо бир куту ширеңке сыяктуу. Ага олуттуу мамиле кылуу - акылсыздыктын акылсыздыгы. Олутсуз мамиле кылуу - коркунучтуу"

Экрандаштырылган чыгармалары[оңдоо]

  • «Расёмон» (1950), режиссёр Акира Куросава
  • «Темир лабиринт» (1991), режиссёр Хироаки Ёсида
  • «Шалбаа» (1996), режиссёр Хисаясу Сато
  • «MISTY» (1997), режиссёр Кэнки Саэгуса
  • «Нанкиндик Христос» (1995), режиссёр Тони Ау
  • «Бүбү айым» (1976), режиссёр Тадаси Имаи

Адабият тизмеси[оңдоо]

  • Акматбекова Сагын. Күүгүмдөгү күү: Ырлар жана новеллалар. - Б.: Кыргызстан, 1998. - 228 б.
  • Чегодарь, Н. И. Акутагава Рюноскэ (1892 — 1927) // Литературная жизнь Японии между двумя мировыми войнами. — М.: Вост. лит., 2004. — С. 127 — 146. — 222 с. — ISBN 5-02-018375-X.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]