Акылбек Баймырзаев

Википедия дан

Баймырзаев Акылбек (1924, Жер-Капчыгай айылы - 5.6.1975, ошол эле жер) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942-44).

Жалал-Абад шаарындагы эки жылдык мугалимдер институтунун гуманитардык бөлүмүн (1940), Ош шаарындагы педагогика институтун (1957) бүткөн. 1940-42-жылдары Каныш-Кыя толук эмес орто мектебинде мугалим, 1944-75-жылдары “Каганович” колхозундагы жети жылдык мектепте мугалим, директор, Айгыр-Жал орто мектебинде директор, Каныш-Кыя орто мектебинде директордун окуу иштери боюнча орун басары, мугалим, азыркы Таласбай Жаналиев атындагы (мурдагы Буденный атындагы) Чаткал орто мектебинде мугалим болуп иштеген.

Согуштан кийинки калыбына келтирүү, чарбалардын экономикасын көтөрүү жана жаш муундарды тарбиялоодо чоң эмгек сиңирген. «Кызыл Жылдыз» ордени, «Германияны жеңгендиги үчүн», «Ак ниет эмгеги үчүн» медалдары ж.б.сыйлыктар менен сыйланган. Ысмы Жер-Капчыгай айылындагы орто мектепке берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6