Жалал-Абад шаары

Wikipedia дан
Айыл

кыргызча Жалал-Абад
Герб
Герб
Өлкө Кыргыз Республикасы
Област Жалал-Абад
Аймак областтык деңгээлде
Мэр Авазов Салайдин
Негизделген Кечээ эле.
Отурукташкан жай с Эртен алат.
Аймагы 24,6 км²
Борборунун бийиктиги 763 м
Климатынын тиби Субтропикалык
Расмий тили Кыргыз
Калкы 89 004[1] адам (2025)
Жыштыгы 234 адам/км²
Улуттук курамы кыргыздар — 54,7%
өзбектер — 38,0%
орустар — 3,4 %
татарлар — 1,2 %
уйгурлар — 0,6 %[1]
Диний курамы ислам
Этнохороним жалалабаттык, жалалабаттыктар, жаливуддук
Убакыт аралыгы UTC+6
Телефон коду +996 3722
Почта индекси 715600
Автоунаа коду {{{автоуна коду}}}
##Жалал-Абад шаары (Жер)
Red pog.png

Жалал-Абад (кыргызча Жалал-Абад [dʒɑlɑlɑbɑt]) — Кыргызстандагы шаар, Жалал-Абад областынын административдик борбору. Калкы — 89 004 адам (айылдарды кошкондо — 97 172 адам).

Zhalal-Abad

Жалал-Абад шаарынын гимни[оңдоо]

Сөзү: Базарбай Жолдошбаевдики

Обону: Кубанычбек Аширалиевдики


Жалал-Абад жашыл шаарым турагым,

Жанга дабаа мөлтүр булак сууларың.

Жашоо үчүн күч кубатка дем берген,

Жакамдагы ыйык туткан тумарым.


Жалал-Абад жаштык шаарым турагым,

Жалындаган өмүрдөгү кумарым.

Түштүгүмдө Чолпон жылдыз сымалдуу,

Түптүү элдин бекемдигин улагын.


Кайырма:

Бакыт шаарым Жалал-Абад

Барчылыкка болуп канат, болуп канат,

Бүгүнкүдөн эртеңкиси,

Берекеси толуп барат, толуп барат.

Жалал-Абад, Жалал-Абад

Жергесинде зор салтанат, зор салтанат,

Эмгегинен жетип максатка,

Эли-Журтка даңкы калат, даңкы калат.


Жалал-Абад ыйык шаарым турагым,

Жалпы журтка даңктап ырдап турамын.

Ачык асман күн нуруна бөлөнүп

Ар кыл улут досчулугун чыңагын.


Жалал-Абад өнүп-өскөн турагым,

Жан жыргаткан обон күүсүн угамын.

Эгемендик шарданында түбөлүк

Эркин элим көбөйсө экен курамың.


Кайырма


Жалалабат облустук Барпы атындагы драма театры[оңдоо]

Barpy theatre

Жалалабат облустук Барпы атындагы драма театры.(Жалалабат шаарындагы Толтогул аянты) 1992 – ж. 13 – мартта шаардык театр катары ачылып, 1994 – ж. облустук кыргыз театры статусун алган. 500 орунду көрүү залы, 8 бөлмөдө жайгашкан костюм тигүү, гримдөө, сүрөт жана башка цехтэри бар. Театр ачылгандан бери Расул Усмановтун “Эне түшү” , Айгүмүш Аксынын "Тактынын тагдыры", Султан Раевтин "Дубал", Мурза Гапаровтун "Киотого кеткен жол", жана башка драмаларды, "Жолборс кантип алданды" кыргыз эл жомогун, Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесине карата Ооганбек Станбековтун "Курманбек баатыр" спектакелин ж.б. койгон. 1999 - ж. "Кыргызстан сорос" фондунун гранты менен Г. Фигейредонун "Эзоп" пьесасы коюлган. Бул пьеса менен театр Борбордук Азия өлкөлөрүнүн "Нооруз - 99" эл аралык театр фестивалына катышып байгелүү орунга ээ болгон.

Тарыхы[оңдоо]

Жалал-Абад областы Кыргызстандын түштүк-батыш бөлүгүн ээлейт. 1924-26-ж округ, 1926-28-ж кантон болгон; 1928-жылы Ош областына бириктирилген андан сон 1939-жылы 21-ноябрда област катары уюштурулган. 1959-жылы 27-январда жоюлуп, Ош областына кошулган. 1990-ж 14-декабрында кайра өз алдынча област болгон. Түндүгүнөн Талас, Чүй, чыгышынан Нарын. Түштүгүнөн Ош областтары, түштүк-батышынан жана батышынан Өзбекстан менен чектелет. Област административдик аймактык жактан 8 районго , 68 айыл өкмөткө, 6 шаар, 7 шаарча жана 415 кыштак болуп бөлүнөт. Областтын аянты 33,7 миң км 2 (Кыргызстандын аянтынын 16,9%) Калкы 869,3 миң (республиканын калкынын 18%) Облустун аймагы аркылуу Бишкек-Жалал-Абад-Ош автомобиль жолу өтөт.

Жалал-Абад шаары-гүлдөгөн сонун аймак. Кыргызстандагы эң кооз жерлер ошол жакта. Сузак, Базар –Коргон, Ноокен, Аксы, Чаткал, Ала-Бука, Токтогул, Тогуз-Торо, Үч-Терек райондору Жалал-Абад областында. Жалал-Абад аймагынан аска-зоолуу бийик тоолорду, жаңгак жана ар түркүн мөмө-жемиш өскөн токойлорду, тоо сууларынын шаркыратмаларын көрөсүң. Тоо арасындагы өрөөндөрдө пахта, коон, дарбыз, жашылча жемиштин көп түрү өстүрүлөт.

Жалал-абад шаарынын аталышы[оңдоо]

Ар бир жердин аталышынын оз тарыхы бар. Кандайдыр бир инсандын кылган эмгегине же жаратылыштын кубулушуна, касиетине жараша аталышка ээ болот. Жалал-Абад шаарынын аталышы ар кандай урпак учугун уламышка, откон кылымдардан бери эл оозунда унутулбай айтылып келе жаткан негиздерге токтолот. Эмесе сөздүн илгериден башат алган ийинине кирсек.

Кылым кырынан өткөн, сандаган жылды баскан, ай айланып, күн өткөн убактарда, тагыраак тактап айтканда 1880-жылдарда азыркы биз турган Жалал-Абад шаары ээн талаа окшобойбу.Дөңсөөлөрдө, кокту-колоттордо, аралыгы алыс жерлерде бирин-серин элдер жашаган экен. Калк мындай жыш болбос. Эл дегенде эч нерсесин аябаган Мурзакул болуш калк кыдырып кетип баратып, бак-дарактарды отургузуп, жер-жемиш тигип, гүлдөрдү эгип жүргөн баба дыйканды көрүп калат.

-Ээ балбан билек, ак жүрөк дыйканым, эмгектериң кут болсун. Бактарыңдын алды көлөкө түшүрүп, жол тартып келаткан адамды өзүнө тартып калыптыр. Эмгектенип жаткан дыйкан чекесинин терин аарчып, Мурзакул болушту тааный коюп, аттан түшүрүп бактын көлөкөсүнө алып барат.

Ачылып турган гүлдү, жетилип келаткан жемишти көргөн бак көлөкөсүндөгү Мурзакул болуш дыйкандын эмгегине ыраазы болот. -Сенин эмгегиңди көрүп, дыйкан деп жатам, өз ысмың ким. -Менин атым Жалал болот.

-Ыракмат сага, Жалал, атыңа жараша затың да төп келип, жаратылыш сырына жараша ысмың бар экен. Бактын көлөкөсү кандай керемет. Сен жаратылышка жан киргизген адам экенсиң. Журтубузга да жан киргизип жатасың. Жалал! Журтубуздун аты сенин атыңдан коюлат.

Мурзакул болуш атына минип жол тартып жөнөйт. Мына ошондон улам Мурзакул болуштун сөзүн бекемдеп, Жалалдын эмгеги бааланып, эл оозуна алынып, Жалалдын атынан Жалал-Абад келип чыккан экен.

Дагы бир уламыштын учугун уласак. өткөн кылымдарда Өзгөндө бир байдын Жалал деген каралы болот. Ал байдын аялын съйъп калат. Аны байкап калган бай Жалалды өлтүрмөкчү болгондо, байдын аялы Жалалды качырып жиберет. Жала көп жылдар бою калың камыштын ичинде жашырынып жан сактап. Кепе курат.Анын жанына башкалар да отурукташып, адам саны көбөйуп, кыштакка айланат. Акыры жүрүп ал жер Жалал-Абад атка конот.

Шаардын аталышын тереңдетип каза берсе, калк ичинде айтылып келаткан кептер түгөнбөгөн казына. Жалал-Абад аталышынын келип чыгышын 14-кылымдын орто ченинде жашап өткөн Хорезмдин шахы Мухаммеддин уулу Жалал ад-Диндин ысымы менен байланыштырышат. 18-кылымда Кокон хандыгынын тушунда ушул чөлкөмдө жашаган Жалал ид-Дин деген дарыгердин ысмына байланыштуу деп да эсептешет.

Негизинен “Жалал” деген фарсы тилинен көтөргөндө даңктуу, сөөлөттүү дегенди билдирсе, “абад” жашылданган, көрктөнгөн деген маанини берет. Ал эми шаардын Жалал-Абад деген аталышы жакындан бери эле 2002-жылдагы кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаны редакциясынын негизинде Жалал-Абад болуп жазылып калбадыбы. Тарыхты такташ учун ошол кездеги кол жазмалар тупкулугун түзөт. Кыргыз элинин баскан жолу, алар мекендеген ата-журтту атадан балага, укумдан тукумга отуп, эл оозунда айтылып отуруп, бугунку күндөн өз ордун тапты. Ата-бабалардын арымы, алар байыр алып, мекендеген журт окумуштуулардын изилдөөлөрүнөн өтуп, жазуучулардын чыгармаларында чагылдырып келатат.


Экономикасы[оңдоо]

Жалал-Абад шары Кыргызстандагы социалдык-экономикалык инфраструктурасы өнүккөн административдик, маданий жана өнөр жайлуу негизги борболорунун бири. Өнөр жай тармактары жана башка мекемелерде иштегендердин саны боюнча Жалал-Абад Кыргызстандын түштүгүндөгү 2-ири шаар.Облустун өндүрүшүүнүн жалпы көлөмүнүн 20,5%ин Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканаларычыгарган товардык продукция тузөт, ал эми электр энергия ондурушун кошпой эсептегенде ал 42% ке жетет. Натыйжада, областун бюджетине тушкон кирешенин 35%ин, бажы жыйымдарын 51%ин шаар камсыз кылат. Жалал0 Абад шаарында мамлекеттик каттого киргизилген чарба жургузуучу субъектилердин саны 2001-жылдын 1-январында 2874кө жеткен, алардын 70% жакыны ишкердик кылууга ниеттенген жеке адамдар, калган 30%ти юридикалык жактар. Катталган субъектилер менчик формалары боюнча жеке менчикке, мамлекеттик жана коммуналдык менчикке тиешелүү. Чарба жрүгузүүчү субъектилердин дээрлик көбү экономиканын соода, турмуш-тиричилик жактан тейлөө, транспорт, айыл чарба, өнөр жай жана башка тармактарда катталган. Алардын жарымына жакыны, айрыкча жеке ишкердик кылууга ниеттенген жеке адамдар.

Жалал-Абад шаарында өз алдынча баланста турган 51 өнөр жай ишканасы иштейт, анын 5 биргелешкен ишкана, 14 кичи ишкана. Бул ишканалар облустун өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 20%тен ашыгын өндүргөн. Онор жайынын тармактык структурасында онор жай продукциясынын басымдуу бөлүгүн отун (51,1%) женил (25%), ун-аралаш тоют (5,5%), тамак аш (4,3%), машина куру жана метал иштетуу (1,5%), өнөр-жай курулуш материалдары (0,7%) жана башка (5,9%) ондуруштор берет. Шаардагы ири өнөр жайишканалары: «Кыргыз Петролеум компании» биргелешкен ишканасы , «Кыргызпахтасы» ачык типтеги АК (3,1%), «Айыпбулак» заводу АК, «Арак заводу» жабык типтеги АК, «Азретайып» дан продуктулар комбинаты АК, «Акалтын» биргелешкен ишканасы, «Нур» АК, «Азизтамеки» жоопкерчилиги чектелген коом, «Мага» АК жана башкалар. Булл ишканалар пахта буласын,ферменттелген тамеки,ун, суу жана ликер-арак продуктулары, токулбаган кездеме, туташтыргычтар, женил машиналар учун тетиктер, бензин, дизель майы, мазут ондурушкон. Шаардын онор жай ишканалары консоль насосторун, электр-радиаторлорун, курама-бетон, шпон, минералдуу суу, ошондой эле элге кенири керектелуучу кийим тигуу жана трикотаж буюмдарын, эмерек, азык-түлүк товарларын, өсүмдүк майын, кондитер жана макарон азык-түлүктөрүн, суусундуктарды, самын чыгарат.

Шаардын айыл чарба өндурушундө Тайгараев айыл өкмөтундөгуү 3 биргелешкен дыйкан чарбасы, 1061 жеке дыйкан чарбалары иштейт. Айыл чарбага жарактуу жердин аянты 4890 га, а. и. айдоо жери 1297 га, сугат жери 1455 га, жайыты 2964 га, чабынды 542 га, көп жылдык өсүмдүктөр 87 га. Дыйканчылык айыл чарба продукциясын 60%тин берет; анда дан эгиндери, май өсүмдуктөрү (100га), жашылча (50 га), пахта (10 га), тамеки (10га), мөмө-жемиш (56 га), жузум (5га) ж. б. остурулот. Шаардын курулуш комлекси 18 уюмдан турат. Алар жаны объектилерди реконструкциялоо, шаардын турмуш- шартын жакшыртуу, кочолорду жана проспектилерди жашылдантыруу иштерин жургузөт. Ишкердикти онуктуруу учун Жалал-абад шаарына инвестор болгон өлкөлөр арбын. Азыр шаардын аймагында АКШ, Канда, Туштук Корея, Кытай, Туркия, Швейцария, Италия ондогон өлкөлөрдүн ири компаниялары жана фирмалары менен биргелешип иштеп, киреше алып жана өзүнүн продукцияларын Борбор Азиянын олколоруно сатып жатат. Шаарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук филиалы, «Кыргыз оноржайкурлушбанк», Ачык типтеги АК «Эсептешме-аманат компаниясы», «Кыргызстан», «Дос-Кредобанк», «Автобанк» жана башкалардын филиалдары иштейт. Мындан тышкары финансы уюмдары менен кредиттик линиялардын 18 өкүлчүлүктөрү менен филиалдары бар. Ар кандай каржылоо булактарынан 2000-жылы экономиканын реалдык секторуна 18,6 млн сом, 2001-жылы 35 млн сомдон ашык инвестиция тартылган. Жалал-Абад шаарында транспорттун төрт түрү өнүккөн. Алар автомобиль, темир жол, аба жана куур транспорту. Жалал-Абад шары облустун негизги жол тому катары облусту Кыргызстандын башка аймактары, республиканын борбору-Бишкек шары менен, ошондой эле Озбекстан, Таджикистан шаар-кыштактары менен байланыштырып турат. Сырткы экономикалык байланыштары негизинен темир жол транспорту менен жүргүзүлөт.

Облустун экономикасында Жалал-Абад шаарындагы байланыш системасы менен коммуникация маанилуу орунду ээлейт. 1998-жылдан бери компьютердик байланыш системасы иштөөдө. Шаардын көптөгөн ишканалары жана уюмдары «Интернет» тармагына, ошондой эле электрондук почтага кошулган. Натыйжада оперативдуу байланышты жөнгө салу жана маалыматтрадын ар турдуу булактарына жетүүгө мумкундук түзгөн. Соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик кызматынын бардык объектилери Жалал-Абад шаарында менчиктештирилип жана мамлекеттен ажыратылган. Мында 400дой соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричиликкызмат түйүндөру бар. Шаарда аянты 19800м2 келген 501 соода орундуу борбордук базар иштейт. Мындан сырткары «Шабдалызар», «Мадумарата», «Адилет» жана башка жеке менчик базарлар бар. Шаардын чет-жакаларында «Достук», «Жениш», «Курманбек», «пригородный», «СМУ-городок», «Спутник»,"Кугарт" кичирайондору жайгашкан. Кичирайондор кабатту болуп салынып, бардыгы каналдаштырылган жана газдаштырылган.


Коммуналдык чарбасы[оңдоо]

Жалал-Абад шаарында суу түтүктөрүнүн уз. 176 км. анын ичинде көчө тармактарынын уз. 82 км. суу белгиленген кубатуулугу суткасына 57,2 миң м2 болгон 20 бургулоо көзөнөгү аркылуу ылынат. Алар шаардын ар кайсы райондорундагы 9 насостук станцияда жайгашкан, кубатуулугу суткасына 2,7 миң м3. Суунун бир блүгү бак-дарактарды суугартуу, көп кабатуу уйлөргө суу бергене басымдары кармап турууга кетет. Жалал-Абад шаарындагы тармактарынын уз. 60 км. анын ичинде коллекторлордуку 30 км. көчө тармактары 16,5 км. ички кварталдары менен короо жайлардыкы 13,5 км. Шаардын канализация системалары аркылуу булганган суулар шаардын ар кайсы райондорунан 1963-жылы курулган суткалык кубаттуулугу 1,5 миң м 3 жана 1999-жылы курулган суткалык кубаттуулугу 35 миң м3 келген тазалоочу курулмаларга келип куюлат. Мындан сырткары шаардын аймагы аркылуу селге каршы курулган Селарык, Чоңарык, Канарык каналдары бар, алардын уз. 9 км. ирригациялык тармактар иштейт.

Кыргызстандагы маданияттын жана билим берүүнүн ири очогу болуп саналат. 19-кылымдын аягында мында 8 мечит, 2 мектеп болгон. 2006,2007- окуу жылында шаарда жалпы билим берүүчү 22 мектеп иштеп, анда 16 миңден ашуун окуучу окуган; 21 бала бакчада 3 миңден ашык бала тарбияланган.Үч лицей, 2 спорт мектеби , балдардын экология, мекен-таануу жана техникалык-чыгармачылык борбору, балдардын чыгармачылык үйү, кыргыз-түрк лицейи, менчик мектепмузыкалык мектеп, сүрөт мектеби иштейт. Орто билимдүү атайын адистикти маданият техникуму,медицина окуу жайы, педколледж берет; ошондой эле 2 кесиптик –техникалык лицейи бар. Жогорку билим берүүчү окуу жайлардан Жалалабат мамлекеттик университети(ЖАМУ). Жалал-Абад экономика жана ишкердик, ошондой эле Бишкек дене тарбия академиясынын, Кыргызстан эл аралык университетинин филиалдары иштейт. Илим изилдөө иштерин Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнө караган Биосфера, энергетика жана микроэлектроника институттары, табиятты коргоо коому, жогорку окуу жайлары жүргүзүлөт. Калкты медицина жактан тейлөөчү 21 мекеме иштейт, анын алтоо-стационар. Медициналык мекемелерде 432врач жана 949 медициналык орто билимдүү кызматкерлер эмгектенет. Шаарда облустук бириккен оорукана, облустук балдар ооруканасы (305 орундуу), кургак учук оорусун даарылоодиспансери (1947-жылдан иштейт), “Бакыт” балдар реабилитация борбору , 5 бейтапкана, 11 үй бүлөлүк врачтар тобу, “Дени сак үй бүлө”борбору, облустук төрөт үйү(130орундуу)иштейт. Шаар калкынын ден соолугун чыңдоодо Жалал-Абад курортунун мааниси зор .

Шаарда калктын маданий- эстетикалык жана рухий муктаждыктарын канааттандыруучу жайлар да арбын. Анда А. Барпы атындагы драма театры, Т.Тыныбеков атындагы облустук филармония, 7 кинотеатр, облустук китепкана, музей, 3 эс алуу багы иштейт. Спорт менен машыгуу үчүн шаарда 2 стадион, олимпиалык резервдеги балдардын спорт мектебинин үстү жабык спорт залы , сууда сүзүүчү бассейн жана 500 орундуу ден соолукту чыңдоочу комплекс бар.

Шаарда үч тилде он бир гезит чыгат:”Жалалабат Үнү”, “ Голос времени”, “Акыйкат”, “ Жалал-Абад таңы”. Облустук телерадио -компания , 5 коммерциялык телекомпания иштейт., аларда берүүлөр кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт. 2007-жылда массалык маалымат каражатындагы дагы бир жанылык болду. Жалал-Абад шаарында КРдын ЭЛТР коомдук телерадио-компаниясынын , Ош телеберүүсүнүн студиялары ачылган. 2008-жылда ЖТР(Жалал-Абад телерадио-компаниясы) жана 2010-жылда 7 каналдын студиялары ачылган.

Боордош шаарлар[оңдоо]