Акыл тарбиясы

Википедия дан

Акыл тарбиясы – өсүп келе жаткан муунду жашоого, эмгекке даярдоонун эң маанилүү тарабы, акыл ишмердиктерине кызыктыруу менен акылын өстүрүү, таанып-билүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу, билимге, ага ээ болуунун ыкмалары менен куралдандырып, аларды практика жүзүндө колдонушуна көмөктөшүү, акыл эмгек маданиятын өнүктүрүү. Акылдын өнүгүшүнө ар тараптуу ишмердик өз таасирин тийгизет. Ишкердиктин мүнөзү да маанилүү. Бекерчилик жана максатсыз убакыт өткөзүү интеллектуалдык жардылыкка, акыл жана нравалык майыптыкка алып келиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97