Билим

Википедия дан

Билимфилософиялык көз карашта объективдүү чындыктын адамдын сезиминде чагылдырылышы.

Педагогикада Билимди биз эки мааниде түшүнөбүз:

1) Билим – адам тарабынан кабыл алынуучу, сезилүүчү, түшүнүлүүчү жана анын оюнда сакталып калуучу информация (маалымат);
2) Билим – улам жаңы информацияны кабылдап, аны өздөштүрүү үчүн адам тарабынан пайдаланылуучу каражат, курал.

Демек Билим түшүнүгү педаогикалык процессте эки жактуу (информация жана каражат) мааниде кабыл алынат. Окутуу кандай гана формада уюштурулбасын, окуучунун жаңы материалды өздөштүрүшү үч этапта ишке ашырылат. 1-этапта окуучу үйрөнүлүүчү информацияны сезимдүү кабыл алып эсине сактайт.
2-этапта окуучу жаңы кабыл алынган Билимди көрсөтүлгөн үлгү боюнча же ал үлгүнүн башкача вариантында пайдалануунун ыкмаларын өздөштүрөт.
3-этапта окуучу өзүнүн мурунку этаптарда өздөштүргөн Билимин жаңы, өзүнө тааныш эмес ситуацияларда, чыгармачылыктуу пайдалана билүүгө даяр болот.

Ошентип, окуу материалын өздөштүрүү үч этаптан: материалды сезимдүү кабылдап эстеп калуу, аны көрсөтүлгөн үлгү боюнча жана тааныш эмес ар кандай жаңы кырдаалдарда пайдалануудан турат. Тиешелүү түрдө бул этаптарда материалды өздөштүрүүнүн үч деңгээли камсыз кылынат. Окутуу процесси үчүн материалды өздөштүрүүнүн 1- жана 2- деңгээлдеринин камсыз болушу милдеттүү зарыл, бирок ал жетиштүү эмес. Окутуунун азыркы кездеги максаты – материалды өздөштүрүүнүн 3-деңгээлине жетишүүнү камсыз кылууда, б. а. окуучуларды алган Билимдерин чыгармачылык менен пайдаланууга даярдоодо турат.


Билим (англ. Knowledge-Знания). 1. Берилиш жана маалымат терминдерине каршы коюлуп эксперт системдеринде колдонулат. Билим кандайдыр бир талкууланып жаткан нерсеге карата айтылыштар көптүгү катары аныкталат, алар дедуктивдик метод аркылуу жаңы айтылыш же пикир чыгарат же түзөт.

Мисалы, эгер төмөнкү эки айтылыш болсо:

а) «Кыргыз республикасы Борбор Азияда жайгашат»;
б) «Тажикстан менен чектешет» айтылыштарынын негизинде «Тажикстан Борбор Азияда жайгашат» деген жыйынтык чыгарууга мүмкүн.

2. Практикалык иш аракеттер жана профессионалдык тажрыйба жыйынтыгында алынган предметтик чөйрөдөгү мыйзам ченемдүүлүгү негизинде кесип ээлерине бул чөйрөдөгү маселелерди коюуга жана чечүүгө мүмкүндүк берүүсү.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]