Аластоо

Википедия дан

Аластоо - отко сыйынуудан чыккан ырым-жырым; ооруган сасык тумоологон же бир жерин мертинтип алган кишини түтөтүлгөн арча же чекенде менен эмдеген, ырымдаган, баланын бешигин, төшөнчү, кийимин ыштаган. Аластоодо шайтан-шапат, азезилдерден алыс болсун, алар ага жолобосун деген тилектер айтылган. Аластоону жыл жаңырганда айылдын ортосуна арча жагып өткөрүшкөн. Чогулган эл кийимдерин отко силкип, бири- бирине «эски жыл кетти, жаңы жыл келди, айдан аман, жылдан эсен бололук, алас-алас ар балаадан калас» деген тилектерин айтышкан.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]