Алиев Сүйүнкул

Википедия дан

Алиев Сүйүнкул (10.8.1952-ж.т., Коргон-Төбө айылы) - Чаткал районунун гимнинин музыкасынын автору, эл агартуу отличниги (2000).

Ош мамлекетгик педагогика институтунун музыкалык факультетин бүткөн (1973).

  • 197177-жылдары Ала-Бука райондук маданият бөлүмүнүн балдар музыкалык мектебинде мугалим,
  • 1977-80-жылдары ошол эле маданият бөлүмүнүн директору,
  • 1980-85 жана 1989-91-жылдары Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн инспектору,
  • 1985-87-жылдары Каныш-Кыя айылдык маданият үйүнүн директору,
  • 1987-89-жылдары Каныш-Кыя орто мектебинде мугалим,
  • 1991-2003-жылдары райондук балдар музыкалык мектебинин директору,
  • 2003-06-жылдары райондук маданият бөлүмүнүн башчысы ,
  • 2006-12-жылдары Балдар чыгармачылык үйүндө «Жаш таланттар» ийриминин жетекчиси болуп иштеген.

Эл ичинде кеңири белгилүү 50дөй («Чаткалым» сөзү, обону өзүнүкү, «Селкиге» обону Тынчтыкбек Нурманбетовдуку, «Жеңеме» сөзү, обону өзүнүкү, «Күттүрбөчү» сөзү, обону өзүнүкү, «Автобуста» сөзү Табылды Тыналиевдики, «Периштем» сөзү Надырбек Алымбековдуку, «Жол алыс болсо кантейин» сөзү Надырбек Алымбековдуку, «Чаткал баяны» сөзү Чотбай Нармырзаевдики, «Кете албадым» сөзү, обону өзүнүкү) ырлардын жана обондордун автору. Ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6